Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:40

Көкөлөгөн баалар, кооптондурган кымбатчылык


Кыргызстанда бышыкчылык маалына карабай соңку апталарда дан азыктары жана суу май, кумшекердин баасы кескин өсүп кетти. Сатуучулардын айтымында, бир аптанын ичинде эле бир кап унга 300, бир кап кумшекердин үстүнө 250 сом кошулган.

Ал эми бийлик өкүлдөрү өлкөдө азык-түлүк каатчылыгы болбой турганын ишендирип келишет.

Максуда Матанова
Бишкектеги азык-түлүк продуктуларынын чордону Ош базарында нан сатып иштейт. Ал соңку кездерде ундун кымбатташы нандын баасына таасир тийгизгенин белгиледи.

- Ундар кымбаттаганы ачык эле билинди. Ундар кымбаттагандан тарта базардагы нандын баары бир сомго кымбаттады. Сатуучулар келип "эмнеге кымбаттаттың, бааны сен койдуң" деп айткандар да болуп атат.

Ош базарындагы ун сатуучулардын айтымында, соңку бир аптанын ичинде эле бир кап унга 300-350 сомдон кошулган. Мурда биринчи сорттогу бир килограмм ундун баасы 12-13 сом турса, азыр 18-19 сомго жетти. Сатуучу Орунбай Осмоналиев бааларды кескин көтөргөн ун өндүргөн ири ишканаларды текшерүүнү сунуштайт:

- Ундун баасы мурда 600 болсо, азыр 880 болду. Ар бир капка 300 сомдон кошуп коюшту. Килограммы 18 сом болуп калды. Ал эми жогорку сорттогу ун 1100 сом болду. Көтөрүлгөндүн себеби жок. Азыр буудай бышып атат, Кыргызстанда буудай көп эле. Бааны көтөргөн себеби эле ун өндүргөн комбинаттар. Аларды тиешелүү органдар текшерсе эле натыйжа берет деп ойлойм.

Кыргызстандагы ун өндүргөн ири “Акун” ишканасынын жетекчиси Чыныбай Акунов ундун кымбатташын дүйнөдөгү эң чоң буудай экспортоочулар болгон Орусия менен Казакстанга байланыштуу деп түшүндүрүүдө. Ошондой эле ал баалардын көтөрүлүшү дүйнөлүк рынокко да жараша болуп жатканын кошумчалады.

- Негизи бир эле себеп бар: 24 млн. буудайдын запасы бар деген Орусия буудайдын баасын токтото албай экспортоого чектөө койду. 7 млн. тонна буудай запасы бар деген Казакстан да бааны токтото албай жатат. Мына ушунун баары түздөн түз таасирин тийгизип жатат. Ал эми Кыргызстандын буудайы өзүбүздүн керектөөбүздү камсыз кылганга жетпейт.

Базарларда бир гана ун азыктары эмес, башка тамак-аш продуктуларынын да кымбаттаганын байкоого болот. Мисалы, суу майга болгон баа бир эле күндө 10-15 сомго кымбаттаганын сатуучулар белгилешүүдө. Алар баанын мындай кескин өскөнү мурда болгон эмес дешет:

- 305 сомдон алып жаткан майды азыр 320дан, 60тан алгандар жетимиштен келип атат. Ал эми кумшекердин мүшөгү кечээ эле 2100 болсо, азыр ага 250 сом кошулуп калыптыр. Бул бир күндө эле, мындай болчу эмес.

Анткен менен Айыл чарба министрлиги өлкөдө ундун баасы көп кымбаттабайт деп ишендирип келишет. Министр Маматшарип Турдукулов азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тийиштүү иш аракеттер жүргүзүлүп жатканын да белгилеген.

Ал эми айыл чарба жаатында адис, академик Жамин Акималиевдин баамында, өкмөт ушул тармакка көңүл бурмайын баалардын өсүшү азык-түлүк коопсуздугуна алып келиши ыктымал.

- 5 млн. элге былтыр 1 млн. 50 миң тонна буудай өндүрүп алсак, быйыл менин эсебим боюнча 750 миң тонна эле буудай болгону турат. Адис катары айтсам быйыл абдан аз болуп, нан боюнча тартыштык болот. Дыйкандарды карап, жардам берген адам жок. Айыл чарбасы боюнча саясат керек, өзүнчө программа зарыл. Антпесе жалгыз саясат, шайлоо менен элдин курсагын тойгуза албайбыз.

Адистер жакында Казакстандын түндүгүндө ири дан эгиндерин оруу иштери башталса, бул Кыргызстандагы асмандаган баалардын өсүшүн токтотот деп ниеттенүүдө. Анткен менен айрым сатуучулар ундарды баалар мындан да кымбаттаганда сатабыз деп кампаларга сактап жатканы айтылууда.

XS
SM
MD
LG