Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:30

Кошбай Масиров: Президенттин туугандары ишиме кийлигишпейт

  • Ырысбай Абдыраимов

Жалал-Абат облусу чек ара, суу ташкын, жер көчкү, жер талаш жаатында көйгөйлүү аймак. Облус губернатору Кошбай Масиров «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип, президенттин Жалал-Абаттагы туугандары тарабынан көрсөтмөлөр боло элек деп билдирди. Анын ишениминде президенттик шайлоого жергиликтүү бийлик кийлигишпейт.

-Кошбай Масирович, оболу кепти жер титирөөдөн кийинки абал менен тааныштыруудан баштасаныз. Зилзаладан тышкары облуста жер көчкү коркунучу да жоюла электигин 16 адамдын өмүрүн кыйган Аксыдагы окуя да ырастады, туурабы?

- Биз кечээки жер силкинүүдөн кийин анын очогу болгон Кочкор-Ата шаары менен Ноокен районундагы Шалка айылын кыдырып көрүп чыктык. Ал жерде жер титирөөнүн күчү (27-апрелде) 5- 6 балл болду. Бактыга жараша элдин баары аман-эсен, кыйроолор болгон жок. Жалал-Абат облусу жер көчкү менен суу ташкынга ынгайлуу, анткени жери ак топурак, борпоң. Нары нөшөрлөгөн жамгыр көп жаады. Суу көп болуп, тоолор жылгандыктан Аксыда кайгылуу окуя болуп кетпедиби. Ош-Бишкек жолунда кар көчкү түшүп, бирок өзгөчө кырдаал жана транспорт министрликтеринин күчү менен жабылган жол таң эрте ачылды. Жамгырдын эсебинен бир топ жерде, Майлуу-Суу жакта, Кара-Алма токоюнда, Аксынын бир канча айылдарында жер көчкү коркунучу бар.

-Ошол эле убакта кыргыз-өзбек чек арасында да кырдаал олуттуу. Ноокен районундагы Сакалды айыл өкмөтүнүн «Чек» айылын курал-жаракчан өзбек чек арачылары түрө кыдырып жүрүшөт. Айылдагылар өзбек кызматтары үйлөрүнө тинтүү жүргүзүп, 19- апрелден бери тынчтык бербей жаткандыгын билдиришти. Өзбекстандын Пахта-Абат район акиминин орунбасары ал жерге 2 жолу келип, жыйын куруптур. Чек арачылары «бул жер Өзбекстанга карайт, каалабагандар көчүп кеткиле!» деп, талап кылышып, коркутушкан. Андан бери Ноокен район акими, облус башчысы, республикадагы жетекчилер биздин тагдырга кызыгышпайт. «Дегеле биз Кыргызстанга керегибиз бар болду бекен?» - дешип, алар суроо коюшууда?

- Чек ара өтө татаал жана оор маселе. Биз менен Өзбекстандын ортосундагы чек аралар ратификация боло элек, делимитация жүрбөй атат. Ошонун ичинде сиз атаган айыл да бар. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда чечилбеген көп жерлер бар. Чек араларды тактоо иши канчалык эрте бүтсө, ошончолук эки элге тең жакшы болот эле. Башка жерлер боюнча да талаштар бар.

- Сиз өзүңүз «Чек» айылындагы кырдаалды барып көрдүңүзбү?


-- Жок, мен баралган жокмун. Бирок менин орунбасарларым жана күч кызматтарынын өкүлдөрү ал жерде болушту. Ноокен район акими Өзбекстандын Пахта-Абат райакими менен жолугушкан. Ал экөө маселе чечилгиче айылга тынчтыкты камсыз кылуу тууралуу сүйлөшкөн.

-Эки аким 19- апрелде жолугушкан. Бирок Пахта-Абат райаким орунбасары 24-апрелде кайра келип, айылга бекет орнотобуз дегенин «Азаттыктын» кабарчысы ал кыштактан кайткандан кийин эртеси автоматчан алты чек арачы айылда жүргөнүн жергиликтүү тургундар маалымдашкан. Анда облустагы чек ара маселеси кандай чечилүүдө ушу тапта?

- Облустагы чек ара маселесин биз чече албайт экенбиз. Бул республикалык деңгээлде каралчу маселе. Биз менен Өзбекстандын ортосунда талаш жайлар көп. Эки мамлекет өздөрү чечпесе, биз үчүн ага жооп берүү кыйын. «Өзүң сак бол, коңшуңду ууру тутпа» дегендей, биздин жарандар да «алардын кордук тарттык» дешет.

Былтыр жол менен бараткан эки милиционерибизди Өзбекстандын күч кызматтары камап койгону белгилүү. Анда Өзбекстандын облус башчысы менен сүйлөшкөнбүз. Биздин чек ара айылдарыбызга он беш миңдей өзбекстандык адам келишип, арзан баада иштеп кетишет, коон-дарбыз эгип, пияз, сабиз отогон ошолор. Ортодогу тынчтыкты анча-мынча айрым кызматтар бузуп коюуда , болбосо элдин достугу бекем.

- Сиз да билерсиз, бүгүн областтык бийликке Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнөн «Мундуз» айлынын бир топ өкүлдөрү келип кетишти. Алар төрт жылдан бери турак-жай курууга жер берилбей атат, айыл өкмөткө Жалал-Абат шаарына караган канаттуулардын эски фабрикасынын аймагынын отуз пайызы берилсин деген өкмөттүн токтому да аткарылган жок. Маселе чечилбесе, кабинетинен кетпейбиз - дешсе, сиз ишти дайындаган орунбасарыныз өкүлдөрдүн сөзүн укпай коюуптур. Ошол себептүү облбийлик алдында 2005-жылдагыдай боз үйлөрдү тигип, нааразылык акциясын баштаарын билдиришти. Элдин жер суроосу эмне себептен чечилбей атат?

- Бул да орчундуу маселе. Өкмөт ошо жерге байланыштуу чечим кабыл алганда, мыйзамга ылайык жагдай унутулган. Токтомдо Жалал-Абат шаары деп көрсөтүлгөн. Баш жагында Кызыл-Туу айылы деп жазылып келген да бирок, ага отуз пайыз жер берилет деп айтылган эмес. Өкмөт токтомунан кийин эле ошондогу губернатор да буйрук чыгарып, маселени чечип койсо болмок, бирок антишкен эмес. Менин бул жерде иштегениме бир жыл болду.

Жерге муктаж адамдар айыл өкмөт менен айыл Кеңештин чечими жок эле, мага жер бергиле деген арыз менен Жалал-Абат мэриясына келе беришкен. Маселе антип чечилбейт да. Жер талашка түшүп, көпчүлүк канаттуулар фабрикасын басып алып, бөлүнбөгөн жер аз өлчөмдө калыптыр. Жер шаарга карагандыктан маселени чечүү шаардын вице мэри, ушу тапта губернияга 1-орунбасар болуп келген Т.Бекбоевге жүктөлгөн, «башында өзүңөр болгонсуңар, аягына эми өзүңөр чыгаргыла» деп ошого табыштадым.

- Президенттик шайлоо утурлаган сайын оппозиция шайлоодо жергиликтүү бийлик тарабынан административдик ыкмалар колдонулат деген тынчсыздануусун билдирүүдө. Ошондой иш-чаралардын болушу мүмкүнбү?

- Ырас, президенттикке талапкер болуу үчүн кыргыздын бир нече мыкты уулдары койгону жатыптыр. Менимче, Курманбек Салиевичтин пайдасына элди үгүттөөнүн, ага аюунун кызматын көрсөтүүнүн кереги деле жок. Эл өзү көрүп турат, мына Жалал-Абатта канчалаган завод ишке кирди, Камбар-Ата ГЭСи курулуп атат. Эми ошолорду эл көрүп турат да. Андай административдик ыкмаларды колдонбосок деле ал киши татынакай болуп президенттикке кайра өтүп кетет.

- Коомчулукта президенттин туугандарынын таасирдүү экени айтылууда. Алардан сиздин ишиңизге киришкендери, көрсөтмө бергендери, « муну-тигини момундай кызматка коюңуз» деп, өтүнгөндөрү болдубу?

-Мен Жалал-Абатка келатканда президенттен «туугандарымды жакындатпагың» деген тапшырма менен келгем. «Туугандарыма бир да жетекчи барбасын, эгер барса, ал киши иштен кетет» деп эскерткен. Бакиевдин туугандары мага келе элек, өздөрү деле совет доорунун тарбиясын алган деликатный балдар го, бир да өтүнүч айтыша элек, мен да бара элекмин.

-Жообуңузга чоң рахмат!
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG