Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:54

Он жети эненин өмүрүн алган мындай кайгылуу окуялардын себептерин азыр прокуратура жана саламаттыкты сактоо министрлиги иликтөөдө.

Буга чейин да Бишкектеги төрөт үйлөрүндө бир ай аралыгында эле төрт аялдын өлүмү катталып, коомчулуктун үрөйүн учурган. Өлкөдө жыл башынан бери дал ушул төрөт учурунда каза тапкан ондогон фактылар катталганына эл өкүлдөрү да катуу тынчсызданып, бул көрүнүшкө медицина тармагынын коррупцияга батканын жана дарыгерлердин шалаакылыгын айыпташкан. Адистер болсо, түштүк аймагындагы он жети эненин өлүмүн социалдык турмуштун оордугу, миграция жана адистердин жетишпестиги менен түшүндүрүүшүдө.

Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Марат Мамбетов Ошто соңку алты ай ичиндеги он жети аялдын өлүмүнүн себептери дыкат иликтөөгө алынганын маалымдоодо. Жыл башынан бери бул аймакта аялдардын төрөттөн көз жумган окуялары көбүрөөк жүз берип жатышын жергиликтүү дарыгерлер социалдык оор турмуштун жана миграциянын кесепети менен байланыштырып жатышат.

Ош облустук үй-бүлөөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси, медицина тармагы боюнча облустук координатор Валентина Акимова буларга токтолду:

- Бул он жети аялдын үчөөсү Ош шаарынан, облустан болсо он төрт аялдын өлүмү катталган. Мындай өлүмдүн негизги себеби соцалдык турмуштун айынан, мисалы мен жети аялды билем алар каттоого турушкан эмес. Орусияда, Казакстанда оор жумуштарды аткарып жүрүшкөн. Алар төрөөргө жакын өзүбүздүн районго барып төрөйбүз деп, бирок каттоодо жок болуп, врачтардын кароосуз калышкан. Ошондой аялдар көз жумду.

Бирок ошол эле учурда айрым депутаттар сонку кезде дарыгерлер акчасыз оорулууларга салкын мамиле жасап калышканын, ошол себептүү капчыгы жука үй-бүлөлөр алдын-ала медициналык текшерүүдөн өтүп турууга мүмкүнчүлүгү жок экенин айтып чыгышты.

Ош шаарындагы төрөт үйлөрүнө баш багып төрөгөн аялдардан же алардын жакындарынан дарыгерлер тууралуу сурачу болсоң, алардын негизсиз эле акча сураган жоруктарын айтып берчүлөр четтен табылат.

Нурила ымыркайлуу болгонуна үч гана күн болгон эне:

- Бир аял он күндөн бери дарыланып жаткан экен, бирок төрөт учурунда баласы чарчап калыптыр. Кечээ анын ата-энеси келип аябай тополоң кылып кетишти. Дарыгерлер мени жакшы эле карап жатышат, акча сурашканы тууралуу айтсам, кечээ ремонтко деп 200 сомдон жыйнашты.

Оорукананы аттаганда эле акча сурап башташат деп ак халатчандарга нааразы болгон энелердин бири Айниса апа. Ал өз келинин атайын алыскы Ноокат районунан дарыгерлер мыкты карайт деп шаарга алып келген үмүтү өчүп турган кези:

-Төрөгөндөргө бул жакта жардам берет деген туура эмес экен. Эшиктен кирсен эле акча сурайт, эмне кыласыңар бизден алган акчаны десек, биз эмне жөн эле иштеп жүрөт деп ойлойсуңарбы деп айтышат. Кагаз жазып бергени үчүн эле 200-300 сомдон алат экен. А акчасы жоктор каралбай эле калып жатат.

Жергиликтүү серепчилер сонку жылдары медицина тармагында коррупция кадыресе көрүнүшкө айланып, дарыгерлер акчасы жок адамга кайдыгер мамиле жасашаарын белгилешет. Буга врачтардын айлык акысы өтө төмөндүгү себеп болууда деп айтылган менен, мунун арты мына ушундай ондогон өлүмдөр менен коштолууда дешет алар. Бирок дарыгерлер өздөрү болсо, аялдардын төрөттөн каза табышынын себебине дарыгерлер гана эмес, азыркы социалдык-экономикалык жагдай, жашоо шарттын оордугу негизги себеп болгонун айтышат:

-Үйүндө муздаткычы бош турса, эт көрбөсө, нан менен чай ичип отурса анан аларды аз кандуулуктан дары менен эле айыктырыш мүмкүн эмес да. Эң негизгиси алардын жеген тамак-ашы күчтүү болуш керек да. Боюнда бар аялга анын үй-бүлөсү, жолдошу бардык жагынан калкалап, ымыркайды күтүп, төрөп бере турган аялга кам көрүш керек. Биз врачтар канчалык көзөмөлдү күчөткөн менен аялдын үйүндө эч кандай шарт жок болсо, тамагы начар болсо, биз кандай аракет жумшаган менен деле сактап калалбайт экенбиз да.

Ошентип сонку айларда төрөттөн каза тапкан он жети аялдын өлүмүн азыр шаардык прокуратура жана саламаттыкты сактоо министрлиги иликтеп жаткан учуру. Эл өкүлдөрү болсо бул окуяга дарыгерлерди айыпташса, дарыгерлер өлүмгө дуушар болгон аялдардын социалдык турмушу начар жана оорулуу экенин айтып даттанышууда. Серепчилердин пикиринде, кыргыз өкмөтү медицина тармагын чукул арада реформалап, дарыгерлердин жоопкерчилигин күчөтпөсө Кыргызстанда бул сыяктуу үрөй учурган окуялар дагы байма-бай катталып, ачыка чыгышы мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG