Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

Сөз эркиндигинин абалы оорлоп баратат


"Азаттыкты" коргоо кыймылынын пикети, 2010-жылды 30-марты.
"Азаттыкты" коргоо кыймылынын пикети, 2010-жылды 30-марты.

“Азаттык” үналгысын жалпы Кыргызстанга эркин уктуруу талабы дагы деле уланууда. “Азаттыкты” коргоо кыймылы бүгүн Акыйкатчынын борбордук кеңсесинин алдына пикетке чыкты. “Назар” жана “Ачык саясат” басылмаларын чыгарууга Биринчи май райондук соту убактылуу тыюу салган.

“Азаттыкты” коргоо кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтоназаров Акыйкатчы институтунун алдына буга чейин да пикетке чыгып, кат аркылуу кайрылган. Бирок Акыйкатчынын берген жообуна канааттанган жокмун, дейт ал:

- Анткени ал УТРКнын мурдагы жетекчиси Мелис Эшимкановдун катын эле тиркеп коюптур. Башка маани-маңыздуу деле сөз айтылбаган экен.

Акыйкатчы аппаратынын кызматкери Замир Өмүрзак уулу бүгүн Акыйкатчы Турсунбек Акун Петровка чатагы боюнча Москва райондук сотунда болуп жаткан соттук териштирүүгө кеткендигин маалымдады. Акыйкатчы институтунун аппарат башчысы Молдакун Абдылдаев “Азаттык” үналгысынын УТРК жана башка менчик радиокомпаниялар аркылуу обого чыгарылбай жатканы боюнча Акыйкатчы тиешелүү жактарга кайрылганын билдирди:

-“Азаттык” үналгысынын уктурулбай калышы боюнча Акыйкатчы Турсунбек Акун көп жерлерге кайрылды, президент К. Бакиевдин өзү менен жолугушканда билдирди. Мындан тышкары Ынтымак курултайында да сөз болду. Биздин институт “Азаттыктын” маселеси боюнча президенттик аппаратка, президенттин катчылыгына да кат аркылуу кайрылганбыз. Азыр алардан жооп күтүп жатабыз.

“Азаттык” үналгысынын радиоберүүлөрүн уктурууну жана теледолбоорлорун көрсөтүүнү Улуттук телерадиокорпорациясы 2008-жылы токтоткон. Андан кийин жеке менчик радиокомпаниялар аркылуу обого чыгып келген “Азаттык” үналгысынын берүүлөрү үстүбүздөгү жылы 11-марттан тартып Бишкекте, 12-марттан бери Кызыл-Кыяда, Таласта, Нарында, кийинчерээк Ошто угузулбай калды. Менчик радиостанциялар буга бийликтин кысымы алдында барып жатканын билдиришкен.

Ал эми президенттин катчылыгы “Азаттыктын” обого чыгарбоо тууралуу бийликтен эч кандай буйрук болбогондугун билдирип, бул маселени иликтөөгө аларын маалымдаган. Аталган катчылыктын өз ара аракеттенүү кызматынын башчысы Илим Карыпбеков жеке радиокомпанияларга жиберилген каттарга жооп келе электигин “Азаттыкка” бүгүн маалымдады:

-“Азаттык” үналгысынын обого чыгарылбоо себебин түшүндүрүүсүн өтүнүп, жеке менчик радиокомпанияларга кат жазып жибергенбиз. Азырынча алардын биринен да жооп келе элек. Айрым маалымат каражаттары жооп келгенин жазышыптыр, бирок бизге расмий түрдө жооп берише элек.

Байкоочулардын айтуусунда, Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы акыркы убактарда оорлоп кетти. “Ата Мекен” партиясынын төрагасынын орун басары Равшан Жээнбековдун Элдик курултайдын катышуучуларына жолдогон кайрылуусун жарыялаганы үчүн “Назар” жана “Ачык саясат” басылмаларын Башкы прокуратура сотко берип, мунун негизинде Биринчи Май райондук соту гезиттерди чыгарууга убактылуу тыюу салган.

25-мартта “Жоомарт” кыймылынын жетекчиси Нурлан Мотуев “өзүн бир жактуу каралап келатат” деген доомат менен барып, “Учур” гезитинин компьютерлерин талкалап салган. Муну Н. Мотуев өзү “Азаттыкка” тастыктаган:

- Ушундай болорун билип туруп баргам. Муну акция деп койсо болот. Аргасы кеткен кишинин акциясы деп койсоңор болот.

Бул окуя боюнча милиция кызматкерлери гезиттин редакциясына келип, иликтөө иштерин башташкан. Бирок азырынча жыйынтык чыга элек дейт басылманын редактору Аслан Сартбаев. “Учур” басылмасы менен Н. Мотуевдин чатагына байланыштуу иш козголо электигин Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматынан да “Азаттыкка” маалымдашты.

“Азаттык” үналгысынын обого чыгарылбай жатканы жана эркин басылмаларга жасалып жаткан кысым Кыргызстанда сөз эркиндигинин көз көрүнөө басмырланып жаткандыгынан кабар берет деп маалымдайт “Журналисттер” коомдук биримдиги. Аталган биримдиктин координатору Мэри Бекешованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, бул сөз эркиндигинин таптакыр жок болуп кетүүсүнө алып барышы ыктымал:

- Байкап көрсөңөр, азыр жалаң бийликти сындаган басылмалар, маалымат каражаттарына кысым жасалып атат. Ал эми бийликтин айтканы менен болуп, алардын саясаты менен жашап жаткан маалымат каражаттарына эч кандай кысым, кол салуу жана башка болгон жок. Мунун баарын эле кокустук деп айтууга болбойт.

Ө.Токтонасыров: "Азаттык" үналгысы уктурулсун
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:57 0:00
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG