Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:21

Мелникофф дүрбөлөңү


Америкалык фотограф Сергей Мелникофф "Азаттыктын" кенсесинде, Бишкек, 4-февраль, 2010-жыл.

Америкалык фотограф Сергей Мелникофф "Азаттыктын" кенсесинде, Бишкек, 4-февраль, 2010-жыл.

Америкалык фотосүрөтчү Сергей Мелникоффго байланышкан саясий жаңжал өтүп бараткан аптадагы коомчулуктун бүйүрүн кызыткан башкы окуя болду. Бул жаңжал мамлекеттик бир жооптуу кызматкердин кызматтан алынышын шарттап, абройлуу чөйрө катышат деп күтүлгөн “Кыргыз жери” фотоальбомунун бет ачаарына тыюу салынды.

Сергей Мелникоффтун сүрөт көргөзмөсү 11-февралда Бишкектеги көркөм сүрөт музейинде ачылып, анда фотосүрөтчүнүн “Кыргыз жери” фотосүрөттөр альбомунун бет ачаары өтмөк. Бул фотоальбомду чыгаруу келишими былтыр августта Туризм боюнча мамлекеттик агенттик менен америкалык фотосүрөтчүнүн ортосунда түзүлүп, анын акысы үчүн Кыргызстан 100 миң доллар каражат бөлгөн.

Ушул келишимдин негизинде 11-февралда ачыла турган көргөзмө ушу тапта үзгүлтүккө учуроо алдында турат. Буга маселени парламенттеги “Ак жол” фракциясынын көтөрүп чыгышы себеп болду. Депутаттар Мелникоффту ашынган шылуун, өмүр таржымалы шек туудурат, стратегиялык өнөктөш Орусия менен мамилеге доо кетирет деп, өкмөткө көргөзмөнү уюштурууну токтотуу сунушун берди.

Фракциянын 3-февралдагы жыйынында Жогорку Кеңештин төрага орун басары Кубанычбек Исабеков Мелникофф биринчи кезекте орустардын жана Орусиянын дарегине жек көрүүчүлүк билдирүүлөрү менен таанымал адам экендигин белгиледи:


- Бул киши дүйнө жүзүнө дайыма реклама кылат дагы, дайыма Орусияга каршы чыккан киши. Мен диссдентмин дейт. А бирок Орусия жетекчилеринин баарын башынан аягына чейин “шыбайт”. Интернетти окуп көрсөңөр, урматтуу депутаттар, “про уродов и людей” дейт, кыргыз өкмөтү Орусияны жана орустарды өлтүрүүгө чакырган адамды рекламалап атат...

Мелникоффту русофобиялык көз карашын парламенттеги социал-демократтар фракциясы да буга чейин кескин сындап, аталган көргөзмөнү өткөрүүгө каршы пикирин өкмөткө расмий билдирген болчу.
Депутаттарынын ачуусуна тийген бул окуя "Ак жолдун" жыйынына удаа эле Мамлекеттик маданият агенттиги башчысы Султан Раевди президент кызматынан алып койду. Саясатчылар Кыргызстанга озунган шылуундарды эле жетелеп келе бербей, алды-артын иликтебегени, кыраакы саясат жүргүзбөгөнү үчүн маданият департаментин кескин сындашты.

Султан Раев жана Сергей Мелникофф берген маалыматтарга караганда, бул долбоордун ишке ашышына Маданият агенттиги эмес, президенттин мурдагы кеңешчиси Асылбек Айдаралиевдин, Кыргызстандын АКШдагы элчиси Замира Сыдыкованын, мурдагы Туризм агенттигинин башчысы Турусбек Мамашовдун тиешеси бар.

Асылбек Айдаралиев “Азаттыкка” берген интервьюсунда Мелникоффтун айткандарын толук чындык деп эсептеген жок:

- Кат эмне, жалпыга маалым, көргөзмө болсо деп ойлогонбуз, саммит болбойт дегенден кийин биз байланышты үздүк. Ачыгын айтканда элчиликтен 2-глобалдуу тоо саммитин уюштурууда пайдалануу мүмкүнчүлүгү сунушталган. Тоо саммити токтотулгандан кийин бардык байланыштар бүткөн.

Фотоальбомго өзүнүн кандай салымы бар экендиги тууралуу Кыргызстандын АКШдагы элчиси Замира Сыдыкова айта элек. Ал эми Турусбек Мамашов Мелникоффтун Кыргызстанга кандай жол менен келгендиги тууралуу маалыматы жок, бирок, ал жараткан эмгек Кыргызстанды рекламалаганга олуттуу жардам берип, кадыр-баркын көтөргөнгө жардамы гана тиет деп эсептейт:

- Ал Кыргызстанда экен. Мага келип тааныштырышты. Бир эмес бир нече жолу жолугушуп, сүйлөштүк. Маалыматтарды бизге да берген эл аралык шылуун деп, биздин кыргызстандыктар айтып атышат да. Андай болсо колунда 250 миң долларлык камера жүрөт, анда эмне үчүн муну кармабайт эч ким? Өзү деле мен карыз болсом же башка болсом кармап отуругузуп койгонго акылары бар, мен жөн эле жүрбөйүмбү дейт. Москвада деле башка өлкөдө деле жүрөм дейт. Анан мен деле интернетти билем. Ар ким оюн жазып кое берет экен. Негизгиси мен мунун ишин көргөндөн кийин кызыгып калдым. Кудай буюрса китеп колго тийип калды. Чындап эле биз, мен ойлойм, биз уттук.

Ошол эле мезгилде Мамашов бул маселенин саясий-идеологиялык жагына кызыкпай тургандыгын билдирди. Саясий өңүтү кызыктырбай тургандыгын Мелникоффтун көргөзмөсүнө демөөрчү болуп жаткан “АУБ-кайрымдуулук” фондунун төрагасы Улан Сарбанов да белгиледи. "Биз көргөзмө өткөрүүгө жардам бердик. Аны токтотуп коюшса, ага деле мейли. Мен саясатка дегеле аралaшкым келбейт" деди Сарбанов.

Бул аралыкта көргөзмө өтөр-өтпөсүн музей кызматкерлери так аныктай албай турушат. Көркөм сүрөт музейинин жетекчиси Юристанбек Шыгаев:

- Өкмөттүн деңгээлинде, биздин элчилик аркылуу чоң көргөзмө кылам, бүт элчилерди чакырам деген. Ошон үчүн биз даяр болуп турганбыз, бизге эмне ач десе ачабыз, жап десе жабабыз. Бирок иштер дале келе элек болчу да, -деди.

Мелникофф өзү болсо үч айдан бери Кыргызстанда жүрөт. Ал өзүн кыргыз саясатчылары айтып жаткан эл аралык шылуундардын да, саясатчылардын да катарына кошпойт. Мамлекеттик ишмерлер өздөрү колдоо көрсөтүп жаткан көркөм альбомдун тоскоолдуктарга кабылышын түшүнбөйт:


- Бул альбом боюнча бүтүндөй бир редакция иштеди. Ал жерде премьер-министр Данияр Үсөновдун, Кыргызстандын АКШдагы элчиси Замира Сыдыкованын, ошол кездеги Туризм агенттигинин башчысы Турусбек Мамашовдун макалалары бар.
Биз Кыргызстандын туризмин дүйнөлүк белдүү деңгээлге көтөрүүгө багытталган бир топ долбоорлорду жыйдык.

Мелникофф өзүнүн айланасындагы чууну карандай каралоо деп, эл аралык сотко кайрылуу ниетин билдирди. "Менин жеке көз карашым үчүн эч ким мага кине кое албайт" деди Мелникофф "Азаттыкка" берген интервьюсунда. Мелникоффтун айланасындагы чатактын аягы эмне менен бүтөөрү азырынча белгисиз. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги болсо бул маселеден өзүн оолак кармоодо.

Бул аралыкта жергиликтүү талдоочулар бул окуяны Кыргызстанда ар кандай багытта алака түзүүнүн маданиятынын калыптанбагадыгына жоруп жатышат.

- Бул адамдын тарыхын, артында болгон кадыр-баркын билип алганга аракет кылып, сактык менен чоң бизнести жасаганга туура келет. Же болбосо, мүмкүн, кереги жок, -дейт ишкер Эмил Үмөталиев.

“Интербилим” борборунун башчысы Асия Сасыкбаева:

- Алсыз өкмөттүн рыногу эреже боюнча алсыз болот. Алсыз рынокко албетте, шектүү ишкерлер, кылмышкерлер, алдаганга жөндөмдүү адамдар келишет. Мен мындай адамдарга кол суна албайм,
- дейт.

Ошол эле мезгилде академик Асылбек Айдаралиев идеологияны маданиятка аралаштыруунун пайдага караганда зыяна көп болорун белгиледи:

- Мен билем, альбомун көргөзгөн бир кезде. Фотографиясы сонун. Чынында кооз. Аны пайдалануу керек болчу. Балким журналдарда жарыялоо керек беле... А идеология өз жолу менен. Балким аны бул жакка келтирбей, Америкада жүргүзүп, фотографиясын жиберсе болот беле. Технологиясын чечүү керек болчу.

Айдаралиевдин көз карашында, мындай иш-чаралардын баарын эле идеологияга байлай бергенде эртеңки күнү америкалык жаранга байланышкан бүгүнкү жагдай дагы бир күнү орусиялык жаранга да байланыштуу түзүлүп калышы мүмкүн.

Укук коргоочу Азиза Абдырасулова адамдын табият берген өнөрүнүн саясат менен аралашып кеткенине өкүнүчүн айтты:

- Бул туура эмес да. Саясат деген саясат, чыгармачылык жумуш деген чыгармачыл жумуш. Экөөнүн орду эки башка. Саясатта туура эмес ойду айткан деле болуп калышы мүмкүн. Бирок анын чыгармачылыгы күчтүү болуп, орду болуп, аны элге жайылтса, элге көрсөтүп, анан ошонун оң же терс жагын эл өзү бааласа жакшы болмок. Эми кайра эле эл үчүн саясатчылар чечим чыгарып, ал келиш керек эмес деп койду.

Кыргызстандыктардын айрым бөлүгү Мелникоффту фотосүрөтчү гана эмес, Аксы окуясынын таржымалына кирген адамдардын бири катары да билет. Азиза Абдырасулованын эскерүүсүндө, Мелникофф кезинде Аксы окуясында мерт болгондордун тарапкерлерин кескин сынга алып, каршы сүйлөгөн, атүгүл Бишкекте ошол кездеги бийликке ыктап, маалымат берген адамдардын бири болгон. Ошондой болсо да укук коргоочу бул адамдын чыгармачылыгын саясатсыз, идеологиясыз көрүүгө же анын көз карашын чыгармачылыгы аркылуу таразалоого мүмкүнчүлүктүн болушун каалайт:


- Мисалы үчүн ал ким болгон убакта да мен анын чыгармачылыгын көрмөкмүн. Балким чыгармаларынын ичинен баягы Аксы окуясында мага терс ойду калтырган жагдайларды изилдеп карамакмын, Кыргызстан жөнүндө эмнени жаратты, кандай ою бар деп баа бермекмин. Азыр эми биз үчүн эле чечим кабыл алынып калды.

Кыргызстандын саясий чөйрөсүн дүрбөткөн фотосүрөтчү Сергей Мелникоффтун чыгармаларына америкалык бир катар кесиптештери да жан тартып жатышат. Маселен, композитор Маргарет Зеленая Мелникоффтун фотосүрөттөрүн боекко, түскө, жашоого жык-жыйма толгон керемет чыгармалар деп баалады.

Мелникоффтун өзүнүн айтымында, Кыргызстанды фотосүрөткө түшүрүп жүргөнүнө 18 жыл болду. Ал өңчөй жаратылышты, айыл турмушун, анда жашаган адамдардын образын фотосүрөткө тартат, сатат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG