Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Алыстан угулган айыңдын шек-шыбаасы


Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Бакыт Бешимовдун АКШ сапарынын узакка созулушу артынан аркыл имиш-имиштерди жаратууда.

Кесиптештери парламент депутаты ал жерде дарыланып жүргөнүн айтса, Б.Бешимов өзү Вашингтондогу Жон Хопкинс институтунда орусиялык саясий күчтөр менен жергиликтүү криминалга таянган кыргыз бийлиги оппозицияга кысым күчөтүп жатканын белгиледи.

Бакыт Бешимов АКШ сапарынын себеп-жөнүн Вашингтондогу Борбор Азия-Кавказ Хопкинс институтунда билдирген. Анын “кыргыз-казак чек арасынан жашыруун өтүүгө мажбур” болгонун айрым маалымдоо каражаттары кабарлады. Хопкинс институтунда социал-демократиялык партия жетекчисинин орунбасары азыркы кыргыз бийлиги саясий атаандаштарын орусиялык саясий күчтөр менен жергиликтүү криминалдын көмөгүнө таянып, опузалоо, коркутуп-үркүтүп, кысым көрсөтүп жатканын, өзүнүн электрондук почтасы, сырткы дүйнөгө карым-катышын үзүп коюшканын айткан.

Ага улай Бакыт Бешимов 20-сентябрда жекече Интернет блогунда “Фергана.ру” агенттигине берген жоопторун жарыялады. Анда ал парламенттин социал-демократиялык фракция мүчөсү Кубанычбек Кадыровдун депутаттык кол тийбестиктен ажыратууга макулдук берүүсүн кылмыш катары эсептерин билдирген.

“23-июлда 1990-жылдан бери келаткан демократиялаштыруу процесси күч менен токтотулду,- деп жазат Б.Бешимов. - Сакталып калган демократиянын алсыз институттары коркунуч алдында. Бийлик толугу менен К.Бакиевдин колунда. Ички жана тышкы маселелерди чечүүдө Кыргызстан эгемендиги менен өз алдынчалыгын жоготкон. Өлкөнү сырттан башкаруу өкүнүчкө, болуп жаткан иш. Кыргыз мамлекети калтыс жолго түшүп калды”.


Депутат Роза Отунбаеванын ырасташынча, президенттикке талапкер А.Атамбаев менен анын штаб башчысы Б.Бешимовдун ортосунда эч кандай талаш-тартыш болгон эмес. Тек А.Атамбаев көп жыйындардын биринде шайлоо аягына чыга электе байкоочуларды чакыртып алуунун себеп-жөнүн элге түшүндүрүү керектигин билдирген.

“Иштегиле ушуну. Чакыртып алууну эл туура эмес түшүнүп калды, дегенде бул болсо “мен чарчап турам, абдан чарчадым” деп, эми чынынан эле үч ай иштеди да. Ошондон кийин тарадык”,- дейт Р.Отунбаева.

Иши кылып, социал-демократиялык фракция жетекчисинин АКШ сапарынын жөн-жайы азырынча табышмак. Саясат таануучу Марат Казакбаев бул маселенин артында эч кандай саясий максат-мүдөө жок, дарыланган соң фракция жетекчиси кайтып келет, деген пикирде.

“Эч мындай мамлекеттик бийлик боюнча эч кандай репрессия болгон жок,- деп ырастады Марат мырза. - Же саясий куугунтуктоо, же кылмыш иши жок. Бул кишигечи. Менин оюмча, ал өзүнүн эле маселеси менен кетти го. Анан кайра келет” .

Саясат таануучу Токтогул Какчекеевдин пикиринде, Б.Бешимовдун айланасындагы окуяда бүдөмүк нерселер арбын. Дегинкиси мамлекет кызыкчылыгы үчүн бийлик оппозиция менен мунасага келип, колунан иш келер азаматтарга жооптуу кызматтарды сунуш кылса дурус болмок.

“А.Акаевден баштап бийликте балка чапчу адамдар трайбализмдин дубалынын ары жагында өз турмушун өзү көрүп, керек болсо сөзүн айтса түрмөгө түшүп, депутат болсо атылып кеткен күндөр болуп калган. Аны баарыбыз билебиз”.

Жергиликтүү серепчилердин баамында, 23-июлдагы президенттик шайлоодон кийин кыйла эле курчуп кеткен бийлик менен оппозициянын жакын арада мунасага келиши кыйын. Бийлик кысымына кабылган оппозиция өкүлдөрү Кубатбек Байболов, Өмүрбек Абдырахманов, Равшан Жээнбеков ошол эле АКШда, ал эми Б.Бешимовдун партиялашы Эдил Байсалов Швецияда саясий башпаанек алып жүрүшөт. Булардын катарында сөз эркиндиги үчүн куугунтук жеген биртоп журналисттер да бар.

Шайлоодо мөрөйү үстөм болгон азыркы бийлик башкаруу реформасына тушташ Жогорку курултай, Президенттик кеңеш институттарын түзүп, мурдагы бийлик вертикалын дагы күчөтүү аракетине киришүүдө. Бакыт Бешимовдун Интернет сайттагы блогунда “Кыргызстан кандай кырдаалга кириптер болгонун аңдоого азыноолок убакыт керек”, деп жазып жатышынын себеп-жөнү ушундай.

XS
SM
MD
LG