Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:02

“Кыргызстан Исхак Раззаковдой улуттук лидерге суусап турат”


Коомдук жана мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун жүз жылдыгына арналган көргөзмө, Бишкек, 25-октябрь.
Коомдук жана мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун жүз жылдыгына арналган көргөзмө, Бишкек, 25-октябрь.

Улуттук китепканада коомдук жана мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун жүз жылдыгына арналган көргөзмө өтүп, замандаштары кыргыздын чыгаан уулун эскерди.

Өмүрү өрнөк инсан

Эл Баатыры Күлүйпа Кондучалова Советтер Союзунун курамындагы Кыргызстанды 1945-жылдан тарта он алты жыл бою башкарган Исхак Разаков туурасында эскерүүнү мындайча баштады.

- Бардык тармак боюнча адистешкен мыкты жетекчи эле. Билимдүү, илимдүү, акылман, чечен, айтор, төгөрөгү төп келишип турчу. Исхак Раззаковдун тушунда 7-класска чейинки балдарга бир ирет ысык тамак берилчү. Мындан тышкары институттарда окугандардын жыйырма алты пайыздайы гана кыргыздар экен. Ошолордун санын алтымыш пайызга жеткирүү маселесин катуу көтөргөн. Ошондой эле орус мектептеринде кыргыз тилин милдетүү түрдө үйрөтүүнү буйрук кылган. Анын мындай аракеттери айрым жетекчилерге жакпай калды өңдөнөт, өзүм билемдикти күчөтүп жатат деген шылтоо менен 1961-жылы кызматынан бошотулуп калды.
Коомдук жана мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун жүз жылдыгына арналган көргөзмөдөн.

Күлүйпа Кондучалова ошентсе да, үзөңгүлөшүнүн калыс жетекчилиги аркасында республика Улу Ата Мекендик согуштан кийин тез оожалып, өндүрүшү өйдөлөп, илим-билим жана маданият жагынан да дүркүрөп өскөндүгүн баса белгиледи.

Кыргыз эл акыны Сүйүнбай Эралиев Исхак Раззаковду жаш кадрлар үчүн талыкпастан кам көргөн лидер катары сыпаттады:

- Мен партиянын Москвадагы жогорку мектебин бүтүрүп кайттым. Жаштыгыма карабастан чоң кызматка дайындоону чечишти. Борбордук Комитеттин катчыларынын биринин мурдатан мага ич күптүсү бар эле, “Жаш, анча билими жок, турмуштук тажрыйбасы жетишсиз!” деп катуу сындады. Чекеде унчукпай олтурган Исхак Раззаков бир маалда: “Ортак Эралиев, пионер болгонсуңбу, балдардын турмушун билесиңби?”- деп сурап калды. Жок демек белем. Пионер болгонумду, комсомол уюмуна мүчө экенимди жарыя кылдым. Ушундан кийин бирөөсүнө дагы ооз ачтырган жок, дароо “Кыргызстан пионери” гезитине баш редакторлукка дайындап таштады. Ошондо а кишинин калыстыгына, чукугандай сөз тапкычтыгына, бетке чабааарлыгына абдан ыраазы болдум.

Cөз арасында коомдук ишмер Акун Токтосартов мекенчилдиктин кашкайган үлгүсүн көрсөткөн чыгаан инсандын эмгектерин бастыруу жана анын өмүр жолун даректүү тасмаларда чагылдыруу жагы көңүл сыртында калып жаткандыгына кейиди:

- Раззаковдун каттарын, макалаларын, дегеле чыгармаларынын бүтүндөй жыйнагын китеп кылып чыгарууга Өкмөт жардамдашса, утаар эле. Андан тышкары уникалдуу инсан туурасында документалдуу кинолордун сериясын дардатып, элге жайылтсак, мээнетибиз кайтмак.

"Азыркы окуялар Кыргызстанга Исхак Разаковдой таза, мекенчил жетекчи зарылдыгын айгинелеп турат"

Эскерүү кечесинде маркумдун элине кылган адал эмгеги эмдигиче калыс баалана электиги, а түгүл жүз жылдык маааракеси өкөттүк денгээлде татыктуу белгиленбей калгандыгы дагы баса айтылды.

- Исхак Разаковду канчалык басмырлашпасын, унутттурууга далалат кылышпасын, ал киши дегеле тарыхтан өчүрүлбөйт. Анткени, түрктөр үчүн Ата Түрк кандай роль ойносо, кыргыздар үчүн да Исхак Раззаков андан кем эмес. Бүгүн коомдо чиеленишип аткан окуялар Кыргызстанга кудум ушундай акактай таза, чынчыл, өтө мекенчил жетекчилер зарылдыгын айгинелеп олтурат. Азыркы бийлик, менимче, ушундан чочулап атабы, айтор, анын жүз жылдык мааракесин мамлекеттик деңгээлде өткөрүүгө батынган жок. Иш-чараны жылдырышкандыгынын себептерин дагы коомчулукка даана түшүндүрүшпөдү, - деди белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов.

Мындай пикирди “Лейлек” уюмунун башчысы Абдусалам Юлдашев дагы кубаттады:

- Чындыкты жашырып не. Жердештери Исхак Раззаковду кыргыздын Петр бириничиси катары эсептешет. Себеби, республикада илим-билим жана маданият ушу киши биринчи катчы кезинде нукка түшүп, кыйла өнүктү. Ал кишинин басып өткөн жолу, мээнеткечтиги, адилеттүүлүгү, калыстыгы эч качан унутулбайт. Бүгүнкү күндө кыргыздар Исхак Раззаковдой улуттук лидерге суусап турат.

Маараке мамлекеттик деңгээлде белгиленеби?

Абдусалам Юлдашев ошондой эле кеч болсо дагы Исхак Раззаковго “Кыргыз эл баатыры” наамын ыйгаруу маселеси бышып жетилгендигин кошумчалады.

Президенттик администрациянын жетекчиси, Исхак Раззаковдун жүз жылдык мааракесин өткөрүү боюнча комиссиянын төрагасы Эмилбек Каптагаев иш-чара кийинки жылга жылдырылгандыгын төгүндөдү:

- Маараке жылдырылган жок. Шайлоо убагында ушундай иш-чаралар өткөрүлбөсүн деген мыйзам бар. Ошондуктан, мамлекеттик комиссия белгилүү жагдайдан улам иштбейт калды. Роза Отунбаева кечээ буйрукка кол койду. Ага ылайык менин төрагалыгымда комиссия ишин жандандырып, болжолдонгон бардык план-программаларды аягына жетирүүнү туура таптык. Буюрса, ноябрь-декабрь айларында маараке мамлекеттик деңгээлде белгиленет.
Коомдук жана мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун жүз жылдыгына арналган көргөзмөдөн.

Эмилбек Каптагаев ошол эле учурда Исхак Раззаковго “Кыргыз эл баатыры” наамын ыйгаруу маселеси күн тартибинде жоктугун “Азаттыкка” билдирди:

- Мындай идея эл арасында же гезиттерде айтылып жаткандыр, бирок мындай маселе комиссиянын талкуусуна коюла элек. Эми андай бийик наамдар заманына жараша ыйгарылат да. Сиңирген эмгегина жараша дей берсек, анда Абдыкерим Сыдыков, Баялы Исакеев, Жусуп Абдырахманов, Касым Тыныстанов деп тизме дегеле түгөнчүдөй эмес. Менимче, Исхак Раззаков өзүнүн тархыта ээлеген орду бар инсан. Андыктан, наам-сыйдын кажети жок го деп ойлоймун.

Ошол эле учурда коомчулукта Исхак Раззаков тоталитардык доордо бийлик сүргөн жетекчи катары ал кезде "улутчулдук" өңдүү айып тагылып, далай жылдарга сүргүнгө айдалган, же иштен четтетилген замандаштарынын тагдыры үчүн да жооптуу экени талашсыз деген да пикирлер жок эмес.

Исхак Раззаков 1945-1950-жылдары Кыргыз ССРинин Эл комиссарлар Кеңешинин төрагасы, 1950-1961-жылдары Кыргызстан коммунисттик партиясынын Биринчи катчысы милдетин аркалаган. 1961-жылы “ишиндеги олуттуу кемчиликтери үчүн” деген себеп менен кызматынан бошотулуп, СССРдин борборуна жөнөтүлгөн. 1979-жылы Москва шаарында каза таап, сөөгү ошол жакка коюлган. Маркумдун сөөгү 2000-жылы гана Мекенине алып келинип, Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө сый-урмат менен коюлган. Исхак Разаков 1910-жылдын 25-октябрында азыркы Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда төрөлгөн.

XS
SM
MD
LG