Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:54

Докени дагы көп жыл жоктойт кыргыз...


Дооронбек Садырбаев (өмүрүнүн акыркы жылдарында тартылган сүрөт.)
Дооронбек Садырбаев (өмүрүнүн акыркы жылдарында тартылган сүрөт.)

Кыргыздын чыгаан уулу, коомдук-саясий жана маданий ишмер, Дооронбек Садырбаевди эскерүү иш чарасы жекшембиде кичи мекени - Ноокен районунун борбору Масы кыштагында жыйынтыкталды. Ага катышкан өткөөл мезгил президенти Роза Отунбаева маркумдун ишин Мекенге кызмат кылуунун кашкайган үлгүсү катары баалады.

Белгилүү коомдук-саясий жана маданий ишмер Дооронбек Садырбаевди эскерүү кечеси ишембиде түштүк баш калаасында улантылды. Кыргыз эл артистинин ысымын түбөлүккө калтыруу боюнча уюшулган комиссиянын төрагасы, убактылуу Өкмөттүн башчысынын орун басары Азимбек Бекназаров орошон таланттын эмгеги көзү тирүүсүндө калыс бааланбай калгандыгын өкүнүү менен белгилеп, ошентсе да, бул катачылыкты түзөөгө мүмкүнчүлүк бардыгын билдирди:
Дооронбек Садырбаев үй-бүлөлүк башкарууга каршы оппозиция митингинде сөз сүйлөөдө, Бишкек, 2006-жылдын 27-майы.

- Калыстык кылган аксакалдарыбыз бүгүн жетишпей турат. Бирок карап көрсөк, биз аксакал болуп калыппыз. Мына ошол кишилердин салтын улантып, Садырбаев менен үзөңгүлөш жүргөн саясатчылар кийинки муундарга, анын ичинде балдарыбызга, ини-карындаштырыбызга аксакал болуп берели деп чечтик. Анткени, бизде башка жол калган жок, - ушинткен Азимбек Бекназаров утурумдук өкмөттүн азыркы курамы кыйын кезеңде аксакалдык вазийпаны абийирдүү аткараарына ишендирди.

Кепти коштогон Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов түштүк борборундагы ири көчөлөрдүн бири - Ашхабад мындан ары Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышынын депутаты, өлкөнүн патриот уулу Дооронбек Садырбаевдин ысымын алып жүрөөрүн жарыя кылды.
Ош шаарындагы чоң көчөлөрдүн бирине жана Ноокен районунун борборуна Дооронбек Садырбаевдин ысмы ыйгарылды

Оштогу иш-чаранын жүрүшүндө таанымал саясатчынын өрнөктүү өмүрүн эл-журтка даңазалоо максатында даректүү жана көркөм чыгармаларды жаратуу, аларды калк арасында кеңири жайылтуу маселелеси дагы көтөрүлдү. Ошондой демилгечилердин бири – бир кезде «Кыргызтелефильм» ишканасында эмгектенген кино жана телеоператор Ибрагим Ашуров буларга токтолду:

- Докем өз ишине өтө талапчыл эле. Маселен, бир сценарийдин үстүндө иштеп жатканда, анын майын чыгармайынча баарыбызды тындырбайт эле. Мисалы, бир дублди керек болсо он жолу тарттырып, качан купулуна толгондо гана бүттү деп эсептээр эле.

Залкар инсан Дооронбек Садырбаевди эскерүү жөрөлгөсү жекшемби күнү киндик каны тамган жери - Ноокен районунда уланды. Райборбор Масы кыштагында көп кырдуу таланттын арбагына багышталып адегенде куран окулуп, эстелиги ачылды. Ага катышкан өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева баштаган убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү маркумдун тууган-уруктарынан жана жердештеринен кабар алганча, жергиликтүү калктын айрым көйгөйлөрүн тыңдашты. Өз ара сүйлөшүү маалында жаңы бийликтин чечкиндүү аракеттери жалпы жонунан колдоо тапты.
Дооронбек Садырбаевдин ооруп жүргөн учуру, 2006-жылдын 12-октябры.

Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева Кыргыз Эл Баатыры наамына татыган Дооронбек Садырбаевди тайманбас патриот, Мекенге кызмат кылуунун кашкайган үлгүсү катары сыпаттады:

- Мекенибиздин эгемендүүлүккө ээ болушунда Докеме көп милдеткербиз. Бүтүндөй өмүрүн кайран эл деп какшап өткөн Дооронбек Садырбаев ошол мезгилдеги мамлекеттик башкаруу системасындагы кемчиликтерди жалтанбай айтып, адилетсиз бийликти тайманбай сындап, карапайым калктын таламын такай талашчу.

Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева Дооронбек Садырбаевдин бүтпөй калган иштерин жаңы бийликте олтурган үзөңгүлөштөрү татыктуу улантаарын убада кылды.

Ага улай мамлекеттик жана саясий ишмер Бөдөш Мамырова оюн мындайча бөлүштү:

- Жараткан дагы адамдын дараметине, деңгээлине, көтөрүмдүүлүгүнө, акыл-парасатына жараша жүктү кошо берет экен. Эгерде Докеме берген көп кырдуу касиетти башка бирөөгө ыроологондо, сөзсүз ташыркап калат эле. А Докем өмүрүнүн акырына дейре ташыркаган жок.


Ыраматылык саясатчынын үзөңгүлөшү, «Ата Мекен» партиясынын төрагасынын орун басары Дүйшөн Чотоновду сөзгө тартканыбызда, санаага батып турганын жашырган жок:

- Бул киши ошо кездеги оппозицияга арка-бел эле. Доке капысынан көз жумганда кадимкидей жетимсирей түшкөнбүз. Ал Мекенге кызмат кылуунун чыныгы күзгүсү болчу. Кайран Докем тирүү турганда жүздөгөн кыргыз жигиттер моминтип кырылбай калат беле, азыркыдай элдин чыгаан жигиттери бири-бири менен акыйнек айтышпайт беле деген арман бар жүрөгүмдө.

Дооронбек Садырбаевдин Ала-Арча көрүстөнүндөгү эстелиги

Бул күнү Масы кыштагындагы стадионго өлкөнүн булуң-бурчунан агылгандардын саны таң агаргандан түш оогонго чейин тыйылган жок. Замандаштары Дооронбек Садырбаевдин адамгерчилик, калыстык, аксакалдык жана көкжалдык бийик сапаттарын кыйлага эскеришти. Ошол эле маалда жергиликтүү бийликтин чечимине ылайык Ноокен районунун борборуна чыгаан инсандын ысымы ыйгарылгандыгы маалымдалды.

Эскерүү салтанатынын соңунда Дооронбек Садырбаевди урматына аш берилди.

Дооронбек Садырбаев мындан туура эки жыл мурда, 2008-жылдын 28-майында катуу оорудан көз жумуп, маркумдун сөөгү 30-майда Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

XS
SM
MD
LG