Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:56

Кыргызстанда акыркы айларда психикалык жактан жабырланган адамдардын саны өсүүдө. Адистер мунун себебин өлкөнүн аймагында апрель жана июнь айларында болгон кандуу окуялар менен байланыштырышууда. Муктаж болгондорго толук кандуу жардам көрсөтүү үчүн тишелүү адистердин жетишпегени жана жапа чеккен адамдардын психолог, психиатрларга кайрылуудан тартынып жатканы маселени тереңдетүүдө.

Акыркы айларда Кыргызстандын аймагында болгон кандуу окуялар калк ичинде психикалык жактан жабыр тарткан адамдардын санын көбөйткөн. Бул багытта психолог жана психиатрларга жардам сурап кайрылгандардын саны өзгөчө өлкөнүн түштүк аймагында кыйла өскөн.

Республикалык психикалык ден соолук борборунунун директорунун орун басары Эсенаман Бешкемпиров билдиргендей, психологиялык жардам сурап кайрылгандардын көбү стресстик абалда келишүүдө:

- Психикалык ооруларды экиге бөлсө болот. Бирөө шизофрения, талма өңдүү чоң оорулар. Алар өскөн жок. Өссө да болоор-болбос эле. Экинчисин психогения деп айтабыз. Ошол стресстик окуялардан кийин ооруп калгандар, мисалы, уйкусу бузулуп, коркок болуп, чочулап, түнкүсүн уйкусу качып, маанайы түшкөн оорулуулар көп болуп кетти. Балдар, баягы запкы жегендер, ок тийгендер бар. Болуп өткөн окуялар алардын жалаң гана денесине эмес, мээсине да доо келтирип жатат.


Эсенаман Бешкемпировдун айтымында, психологиялык жардамга муктаж болгондорго адистердин жетишсиздигинен улам толук кандуу жардам көрсөтүү мүмкүн болбой жатат. Анын үстүнө кандуу кагылыштарга өз көзү менен күбө болуп, аң-сезими жараат алган адамдар атайын адистерге кайрылуудан баш тартып, тартынып да жатышат.

Статистикаларда психологиялык жактан жабыр тарткандардын саны азайды деп айтылганына карабастан, оорулуулардын саны өсүп жатканын Кыргыз психиатриялык ассоциациясынын мүчөсү Тамила Кадырова билдирди:

- Статистикага карай турган болсок психикалык оорулуулардын саны азайгандай. Бирок чындап келгенде мындай оорулуулардын саны өсүп жатат. Анткени бизде дайыма чыңалуу, дайыма төңкөрүштөр болуп социалдык маселелер көбөйүүдө. Бирок калк адистерге кайрылбайт. Алар эмнегедир коркуп, кооптонуп жатышат. Анын үстүнө биздин менталитетибиз да ушундай. Коркуу сезимдерин жок кылуу үчүн молдолорго барып жатышкандай.

Тамила Кадырова калк ичинде психикалык жактан басымга дуушар болгон адамдар үчүн атайын телефондук линияларды ачуу менен аларга жардам көрсөтсө болорун айтат.

Психологиялык жардам көрсөтүү үчүн Ош жана Жалал-Абаддагы окуялар башталганда Республикалык психикалык ден соолук борборунан төрт адис өлкөнүн түштүк аймагына жөнөп кеткен. Жалал-Абад шаарына барып психологиялык жардам көрсөтүп келген психиатр Алым Дилдеевдин айтымына караганда, кандуу коогалаңдан улам психикалык жактан оорулуу адамдардын абалы начарлап кеткен учурлар да болгон:

- Бизге тиешелүү клиникадагы оорулууларды карасак көбүнчө эле стресстик абалда келип жатышты. Мындан сырткары мурда психиатрдын көзөмөлүндө турган, бирок окуялардан улам абалы кескин түрдө өзгөрүп кеткендер да бар. Көпчүлүгү нервдик чыңалган абалда болушууда.

Учурда түштүк аймагында калкка психологиялык жардам көрсөтүү иштери уланууда. Психологдор менен бирге психиатрлар да аймактарды кыдырып, муктаж болгондорго үйлөрүндө жардам беришүүдө. Ош облустук психикалык ден соолук борборунун директору Абдрахман Өмүрзаков билдиргендей, аң-сезими жабыркаган адамдар психиатр же психологго кайрылуудан тартынып, көбүнесе үй-бүлөлүк дарыгерлерден жардам сурап жатышат. Мындан улам психологиялык жардам көрсөтүү багытында үй-бүлөлүк дарыгерлерди окутууга туура келүүдө:

- Коогалаңдан кийин жакын туугандары өлүп калган, же болбосо үйү күйүп кеткен адамдар психикалык жардамга кайрылышты. Менин эсебим боюнча жетөө дарыланып чыкты. Азыркы күндө дагы төртөө бар. Ошондо он бир киши бизде бар. Мындан сырткары үй-бүлөлүк дарыгерлерге психикалык жактан жабыркагандарга жардам берүү багытында семинар өткөрүп жатабыз.

Кыргызстандын аймагында калкка жардам көрсөтө турган психолог, психиатрлардын жетишсиздиги да курч маселе болууда. Республикалык психикалык ден соолук борборунунун директорунун орун басары Эсенаман Бешкемпировдун пикиринде "жан дүйнө дарыгерлери" атка конгон бул адистер кээ бир облус борборлорунда бирин-экин болсо, кайсы бир аймактарда жокко эсе.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG