Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:03

А. Алымбек кызы: Орусия жарандыгын алган кыргызстандыктар 500 миңди чамалады


Эл аралык “Замандаш” ассоциациясынын координатору Айсулуу Алымбек кызы чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын ал-абалы тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна жооп берди.

- Адегенде чет өлкөдө иштеп жүргөн кыргыздардын жалпы санын тактап алсак, ар кандай маалыматтар айтылып атат. Маселен статистика комитети Орусияда 200 миң кыргыз жашайт деп билдирди кечээ жакында. А сиздердеги акыркы маалыматтар кандай?

- Биздин маалыматыбыз боюнча Москва шаарында жана Москва облусунда эки жүз миң кыргыз бар. Орусияда отурукташып калган кыргыздардын саны 500 миңден ашык. Жалпы чет өлкөлөрдө 700-800 миң кыргыз жарандары бар.

- Алардын ичинен негизинен Казакстанда жана Орусияда деп жүрбөйбүзбү. Орусияда жарандык алгандардын саны канча болду азыр. Бул боюнча да ар кыл маалыматтар айтылып келатат...

- Орусиянын берген маалыматы боюнча акыркы 10 жылда 200 миңден ашык кыргыз жараны бул өлкөнүн жарандыгын алыптыр. Бирок биздин маалымыбыз боюнча 400-500 миң кыргыз Орусиянын жарандыгын алган.

- Булар бейрасмий, өзүңөр иликтеген маалыматтарбы?

- Ооба.

- Булар өңчөй кыргыздарбы, же Орусияга СССР жоюлгандан кийин көчүп кеткен башка улуттарды да кошуп атасыздарбы?

- Жок, жалаң эле кыргыздар эмес, булардын ичинде кыргызстандык орустар, өзбектер, татарлар бар. Алар ушул сандын 20 пайызын түзөт.

- Андай болгондо кыргыздар Орусиянын жарандыгын кандай максатта алып атышат, кандай зарылчылык бар?

- Биринчиден, эки жактан келишим түзүлүп Орусиянын жарандыгын алганга кыргыздарга жеңил, 3 айдын ичинде эле алса болот. Негизинен Орусия да ушундай талап коюп атпайбы, башка жарандарга жумуш орун азыраак берип, өзүлөрүнүн жарандарына жумуш берүү боюнча жеңилдиктер түзүлгөн. Ошол себептен биздикилер Орусия жарандыгын алып атышат.

- Жарандык алган кыргыздар Кыргызстанга кайра кайтып келээрине ишенүүгө болобу, силер алар менен тыгыз кызматташып атасыздар, алардын маанайы, пикири кандай, негизинен бул маселедеги жалпы тенденция кандай?

- Баардык эле кыргыздар жарандык алгандан кийин эле Кыргызстанга кайра кайтып келбейбиз деген ою жок, баары эле кайтып келүүнү максат кылып атышат. Көбүнчөсү ошол жактан капитал топтоп алып, ошону Кыргызстанга тартып, бул жактан бизнес ачып алалы деген ойлору да бар. Баары эле жаш кезде иштеп алалы, анан сөзсүз эле кайра Кыргызстанга кайтабыз деген ойлорун айтышат.

- Дүйнөлүк кризис биздин кыргызстандык эмгек мигранттарына кандай таасирин этип атат азыр?

- Абдан чоң таасирин тийгизип атат. Абдан көп биздин кыргыз мигранттары жумуш ордунан кыскартылды. Алар бул жакта көбү үй-бүлөлөрүн бакчы эмес беле, өзгөчө түштүк тараптан ар бир үйдөн эле бирден-экиден адам эмгек мигранты болуп сырт жакта иштеп жүрүшөт да. Акча которуулар да аябай кыскарды. Москва шаарында дагы өтө көп кыргыздар жумуш ордунан кыскарып атышыптыр. Көпчүлүгү айласы жок бул жака келип атышат.

- Жумуш таап берүү боюнча кыргыз өкмөтү кандайдыр бир кепилдиктерди берип жатабы эмгек мигранттарына?

- Бизде ансыз деле Кыргызстанда жумушсуздук абдан чоң. Эми алар келгенде деле аларга жумуш даяр эмес. Эми мамлекет буга кандай чечим чыгарат аны убакыт көрсөтөт го.

- Бирок Кыргызстанга келип аткан агым барбы?

- Бир-эки ай мурун андай көрүнүш жок эле. Азыркы маалда бул көрүнүш бар.

- Канча киши кайтып келгени тууралуу маалымат барбы азыр?

- Жок, азыр конкреттүү маалымат жок.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG