Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Трамп бойдон алдырууну жактагандарга жардамды токтотту


Доналд Трамп.
Доналд Трамп.

АКШ президенти Доналд Трамп аялдарга аборт жасатууга жардам берген эл аралык топторго каржылык жардам көрсөтүүгө тыюу салды.

Бул эреже АКШда 1984-жылдан бери республикачылар жана демократтар ортосунда талаш жаратып келатат.

2009-жылы аны буга чейинки президент Барак Обама жокко чыгарган болчу.

Укук коргоо уюмдары Трамптын чечимин айыптап, эми жашыруун бойдон алдыруулардын кесепетинен аялдардын ден соолугуна зыян келтирилген учурлар көбөйөрүн белгилеп жатышат.

Ага чейин дүйнө боюнча миллионго жакын аял көчөгө чыгып, Кошмо Штаттардын жаңы президентинин жалпы саясатына каршылык билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG