Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:15

Учак кырсыгы: Адистер "кара кутудагы" маалыматты анализдөөгө киришти


Куткаруу жумуштары.
Куткаруу жумуштары.

Мамлекет аралык авиациялык комитеттин адистери Кыргызстанда кырсыкка учураган лайнердин экипажынын акыркы сүйлөшүүлөрү тууралуу маалыматты анализдөөгө киришти. Бул тууралуу аталган комитеттен кабарлашты.

Лаборатория кызматкерлери Кыргызстандын, Түркиянын жана АКШнын адистери менен бирге сүйлөшүүнүн баарын жазып кала турган "кара кутудагы" маалыматты көчүрүп алышканы, анын сапаты жакшы экени кабарланды.

Ошондой эле комитеттин адистери учак кулаган жерди изилдеп, кырсыктын схемасын түзүп бүтүштү. Калдыктарды чогултуу иши уланууда.

16-январда "Манас" аэропортунун жанындагы Дача СУ айылына учак кулап, 39 адамдын өмүрү кыйылган.

Мамлекет аралык авиациялык комитетти 1991-жылы мурдагы Союзга кирген 12 мамлекет негиздеген.

Учак кырсыгынын кесепетинен керосин жана иске ууланды деген беш бала 23-январда Бишкектеги №3 балдар ооруканасына жаткырылды. Мындан тышкары 18 жаштагы бир тургун №4 оорукананын токсикология бөлүмүндө. (RK)

XS
SM
MD
LG