Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:50

Орусиянын миграция кызматынын маалыматы боюнча өткөн жылы 41 миң кыргызстандык орус жарандыгын алган. Адистер бул Кыргызстандагы чакан бир шаардын эли менен барабар экенин айтып, жыл сайын бирден шаар жок болуп жатканына тынчсызданууларын билдирип жатышат.

“Азаттыктын” суроолоруна Миграция комитетинин миграция жараянын жөнгө салуу башкармалыгынын башкы адиси Таалай Азимов жооп берди.

- Өткөн жылы кыргыз жарандыгынан чыккандардын саны деле 40 миңдин айланасында турбайбы. Сиз кандай ойлойсуз, буга негизинен эмне түрткү берип атат? Мисалы, сиздердин комитет тарабынан сыртка чыгып иштегенге ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатабы, же өлкөдө жашоо шарттын оордугу, жумушсуздук күч алдыбы?

Таалай Азимов: Өзүңүздөр байкап атасыздар, Орусияда бизге караганда жумуш акылары жакшы болгондуктан көп жарандарыбыз ошол жакка кетип атышат. Ошондой эле эгер жарандык алсаң биздин жарандар үчүн ошол жакта жумуш табуу бир топ оңой да, ыңгайлуу да болот.
Тажикстандан жарандык согуштан кийин келген үй-бүлөлөр бар. Бирок алардын көпчүлүгү этникалык кыргыздар.


- Айлык акыларынын көбүрөк болушу үчүн гана Орусиянын жарандыгын алып жатышабы, же болбосо ошол боюнча Орусиянын жараны болуп жашап калуу максатын да көздөшөбү?

Таалай Азимов: Ал келечегине жараша болот. Эгер бардыгы жакшы болуп, ошол жакта отурукташып калса, анда балким орус жараны болуп калышы мүмкүн. Бирок булар жаңы тажырыйба, жаңы үлгүлөрдү үйрөнүп, кайтып келип, биздин Кыргызстанды өркүндөтөт деп ойлойм.

- Демек бул кетип аткандардын бардыгы эле ошол боюнча кетип калат деген сөз эмес, кайра келиши да толук мүмкүн турбайбы?

Таалай Азимов: Сөзсүз түрдө.

- Ошол эле учурда орус жарандыгын таштап, кайра Кыргызстанга келип аткандардын да саны арбын экендигин жакында эле Миграция министри айтып кетти. Акыркы эки жылда кыркка жакын украин жараны да Кыргызстандын жарандыгын алгандыгы тууралуу маалымат бар. Кыргызстандын жарандыгын алууга кызыкдар болгондор кимдер? Өзбек, тажик улутунан да барбы?

Таалай Азимов: Өзбекстан тараптан бир топ жарандар бар. Тажикстандан жарандык согуштан кийин келген үй-бүлөлөр бар. Бирок алардын көпчүлүгү этникалык кыргыздар. Бул күнгө карата бир тобу кыргыз жарандыгын алган.

- Түштүктөгү көпчүлүк массалык Орусияга иштеп кетип, натыйжада көбүнчө Тажикстан жана Өзбекстандан адамдар көчүп келип, алардын ордуна отурукташып атат деген маалымат бар. Өзбекстан менен Тажикстандан Кыргызстандын жарандыгын алууга кызыкдар болгондор канчалык көп?

Таалай Азимов: Андай сан менде жок, чынын айтсам мага белгисиз.
Булар жаңы тажырыйба, жаңы үлгүлөрдү үйрөнүп, кайтып келип, биздин Кыргызстанды өркүндөтөт деп ойлойм.


- Миграция комитети тарабынан сыртка Орусия менен Казсактандан тышкары да, алыскы өлкөлөргө, мисалы, Кореяга иштеп келүүгө шарттар түзүлгөнү айтылды эле. Кыргызстандыктар үчүн кандай жеңилдиктер түзүлгөн?

Таалай Азимов: Мисалы, Корея жөнүндө айта турган болсок, биздин министрлик менен Кореянын Эмгек министрлигинин ортосунда меморандумга кол коюлган. Ал меморандумдун негизинде биздин жарандар азыркы учурда министрликтин алдында чет жакка жумушка орноштуруу долбоорубуз бар. Эгер кандайдыр бир суроолор, же маалымат керек болсо, анда биздин жарандар ошол жерге барып, Кореяга гана эмес, башка чет мамлекеттерге да жумуш тууралуу маалымат алса болот. Дареги: Токтогул көчөсү 237, Жаш Гвардия бульвары менен кесилишет.

"Азаттыктын" архивинен: Чиеленген чек ара, кыйналды калк бечара

Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусу чектешкен бир катар айылдарда жылма (сойломо) миграциясы жүрүп келет. Аймакта жылма миграциянын эсебинен бүтүндөй айылдар кошуна мамлекетке өтүп кеткен учурлар бар.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG