Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:51

Нааразылар+талаптар=митинг


Ош шаарында ЕККУнун полиция күчтөрүнө каршы өткөн акция. 26-июль, 2010
Ош шаарында ЕККУнун полиция күчтөрүнө каршы өткөн акция. 26-июль, 2010

2-августта Жогорку Кеңештин алдында алтымышка чукул адам нааразычылык акциясына чыгышты. Алар иши мыйзамсыз токтотулган “Кыргыз керектөөчүлөр биримдигин” калыбына келтирүүнү талап кылышууда. Деген менен айрым серепчилер ушул өңдүү митинг, пикеттердин арбын болушу кырдаалды курчутуп жибериши ыктымалдыгын четке кагышпайт.

Бакиев бийлигинин учурунда үй-бүлөлүк башкарууга, коррупциянын гүлдөп өсүшүнө жана электр кубаты менен жылуулукка тарифтердин кымбатташына каршы өткөрүлгөн митингдер апрель ыңкылабына алып келген эле. Ушундай учур Акаев тушунда да байкалып, жыйынтыгы март ыңкылабы менен аяктаганы белгилүү. Көпчүлүк ырастагандай “байлыкты бир колго топтоп алгысы келген бийлик” 7-апрелде кулатылганы менен, митингдер токтоп калган жок. Тескерисинче, нааразылык акциялар, пикет менен митингдер күчөдү.

Апрелден бери дээрлик күн сайын ар кандай багытта, ар кандай деңгээлде митингдер уланып келет. Ошондой эле нааразылык акциясы 2-августта да Жогорку Кеңештин имаратынын алдында өттү. Нааразылык акциясына чыккан алтымышка чукул адам Кыргызстан эгемендик алган жылдары эле иши мыйзамсыз токтотулган “Кыргыз керектөөчүлөр биримдигин” калыбына келтирүүнү талап кылышууда.

Ар бир аймактан келген өкүлдөр бийликтен бул маселени мыйзам чегинде карап, чечип берүүлөрүн суранышууда. Митингчилер өз кезегинде аталган биримдик бийликтегилердин тууган-урук, тааныштарына мыйзамсыз менчикке берилип кеткен деген дооматтарын айтып жатышат. Ошондой эле бул маселени чечүүгө тоскоол кылган айрым жетекчилерди кызматтан алуусун талап кылышты.

Аксы районунан келген Акмырза Момункулов “Кыргыз керектөөчүлөр биримдигин” калыбына келтирүү менен өлкөнүн экономикасын оңдоого мүмкүн деген ойдо. Анын айтымында, Кыргызстан ушул жол менен экономикадагы ачыктыкка ээ боло алат.

- “Кыргыз керектөөчүлөр биримдигин” калыбына келтирүү менен миллиарддаган сом жеке адамдын жана жалгыз ишкердин чөнтөгүнө кетпестен мамлекеттин казынасына түшүп турат. Бул биримдикти жок кылуудагы максаттардын бири - өлкө эгемендикти алгандан кийин кээ бир чиновниктер анын айрым имараттарын алып коюш керек болгон.

Митингчилердин арасында жогорудагы мекеме жоюлганда өз үлүштөрүн ала албай калгандар да бар. Айрымдары документтери жоголуп кеткенин, анын айынан пенсияга чыга албай жүрүшкөнүн айтып даттанышууда. Алардын бири - Сагын Шаршева:

- Мен 1982-жылдан бери Ош базарында иштедим. Ошол кезде Аскар Акаевдин кайнагасы Аскар Шамбетов мурунку иштеген эмгек жамаатына бөлүнүп берилсин деген 65-токтомдун негизинде, ал бизге билдирбей туруп өзүнүн туугандарына имараттарды чыгарып алган. Аз келгенсип эмгек китепчебизди да жок кылып, өрттөп жибериптир. Фактыбыз деле бар. Бул жерде соттор иштебей жатат. Ушул күнгө чейин соттошуп келе жатабыз. Азыр эмгек китепчем жок пенсияга чыга албай көрүнгөн жерде жүрөм. Мени жумушка да албайт. Бул жерде Жаныш Бакиев да байланышкан дейт. Кыскасы ким бийликке келсе эле базарларды басып алып жатышат.

Буга чейин бул өңдүү митингдер апрелге чейин деле көп болгон. Бирок, адистердин айтымында, алардын ортосунда чоң айырмачылыктар бар. Апрель ыңкылабына чейинки өткөрүлгөн нааразылык акцияларда көпчүлүк бир маселенин башына биригип, бир максатты көздөгөн. Айрым серепчилер мурдагы бийликтен акыйкат чечим көрбөгөн топтор учурдагы бийликтен ошону талап кылууда деп ойлошот. Кээ бирлери азыркы митингдердин артында кандайдыр бир топ турушу ыктымалдыгын жана азыр митингдердин көбү өтө майдаланып кеткендигин белгилешүүдө. Соңку кездерде бир кишинин айланасындагы, бир жетекчини кызматтан алып, экинчисин дайындоону талап кылган митингдер орун алып жатканы да маалым.

Коомдук ишмер Талапбек Сегизеков айрыкча “кетсин” деген пикеттерди колдобой турганын айтат:

- Мен мындай митингдерди, талаптарды эч колдобойм. Бул окуяны сыналгыдан деле көрсөтсө башка өлкөлөр эмне дейт? Биз жаңы эле президент кылып Роза Отунбаеваны шайлап отурсак, аны башка эл аралык коомчулук бүт таанып, куттуктап жатат. Анан биз колдобосок болбойт. Убактылуу өкмөттү дайындадык. Шайлоо болорун да колдоп жатабыз. Бизге мындай митингдер кереги жок, бизге тынчтык керек.

Саясат талдоочу Марс Сариевдин пикиринде, өлкөнүн булуң бурчунда пикет, нааразылык акциялардын байма бай өтүшү ансыз да араң турган кырдаалга таасир этиши ыктымал. Саясат талдоочу мындай көрүнүштөрдүн арбын болушу бийликтин алсыздыгына да байланыштуу деген ойдо:

- Бул өкмөттүн күчү жоктугу жана өкмөттүн Кыргызстанды көзөмөлгө алалбагандыгы себеп деп ойлойм. Ар кандай кызыкчылык, артындагы күчтөр бири-бири менен алышып жатат. Бул демократия эмес. Ушинтип алыша берсе, парламенттик шайлоо өтпөйт.

Митингчилердин эки өкүлүн Президенттин аппаратынын өкүлү Өмүрбек Эгембердиев кабыл алып, бул маселе талкууга алынып, үч күндөн кийин жообу берилет деп ишендирди. Чогулгандар талаптары аткарылмайынча аягына чейин турарын айтышууда. Алар Орусия, Казакстан жана Өзбекстанда “Кыргыз керектөөчүлөр биримдигинин” сакталып, экономикасынын жакшырып жатканын мисал келтиришүүдө.

Ал эми Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Бакытбек Сейитовдун айтымында, ушул тапта реформа алдында турган ИИМ саясатка аралашпайт. Бирок кандай гана митинг, пикеттерде коомдук тартиптин сакталышы, ал жерде кылмыштуулук, чагымчылдыктын болуп кетпеши үчүн бардык аракеттерди көрөт жана ага кудурети жетет. “Милиция саясаттан тышкары өз милдет жана вазийпаларын аткарууну улантат” деди Б.Сейитов.
XS
SM
MD
LG