Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:33

“Жылдыз менен таанышкың келеби?”


Кыргызстандын ар кайсы телеканалдарынан жылдыз менен таанышууга, досторду тамашага салууга, чөнтөк телефонго музыка жүктөөгө чакырган түрдүү жарнамалар орун алган. Анын баасын элес албаган балдар үйдөгү телефон менен чалып олчойгон акча коротуп коюшат экен.

Беш жаштагы Элдар да мына ушундай жарнаманын торуна илинген. Ал үйдөгү телефонунан 5-6 жолу чалып, 2,5 миңдей акча короткон.

- Телевизордон көрүп эле 0877 номерине чалгам. Кыздар менен таанышкыла дегенинен чалып көрөйүн дедим эле. Чалсам музыка чыкты.

Негизинен мындай жарнамалар чыкканда алдына бир чалгандагы баасы майда шрифттер менен жазылат. Бирок аны Элдардын апасы Зулфия жаш бала эмес, чоңдор деле көп учурда байкабай каларын белгилейт. Зулфия мындай жарнамалардын баасы ачык-айкын айтылышы керектигин белгилеп, антпесе ансыз да кыйналып турган адамдарга оңтойсуз абал жаратаарын айтат.

- Бир айда эле эки миң сомдон ашуун болуп кетиптир. Биз мынчалык сүйлөшпөйбүз деп "Кыргызтелекомдогулар" менен уруштум. Ал жарнамалардын канча экенин деле билбептирмин. Мурда болгону 10-15 сом болсо керек деп эле ойлоп жүргөм. Көрсө бир чалганы эле 80-100 сом экен. Муну көптөрү билбейт. Ошондуктан астына кичине кылып жазып койбой ачык айтыш керек. Бул билгизбей эле, бир чалып көрсөң деп эле кызыктырат экен. Ансыз да кыйналып турган учурда бул ашыкча эле нерсе. Колдон келсе мындай жарнамаларды жок кылыш керек.

Элдарга окшоп канчалаган балдар мына ушундай жарнаманын негизинде кимдир бирөөлөрдү байытып жаткандыгы талашсыз. Монополияга каршы мамлекеттик комитетке так ушул багыттагы арыздар түшкөн менен, жарнамага тыюу сала албайт.

Аталган комитеттин Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана жарнамаларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн өкүлү Данияр Үсөнов комиттет жеке ишкерлердин ишине кийлигише албай турганын “Азаттыкка” билдирди.

- Биз жеке ишкерлердин ишине кийлигише албайбыз. Жарнамалар да ошондой. Аларга мындай иштебегиле, тигиндей кылбагыла деп айта албайбыз. Бизге да балам 4-5 миң сомдук сүйлөшүп коюптур деп кайрылгандар болот. Аларды “Кыргызтелекомго” жиберебиз.

Аталган комитет мындай масалелерди “Кыргызтелеком” чече турганын айткан менен анын өкүлү Айсулу “биз буга жооп бербейбиз” деген жооп узатты.

- Биз болгону номер гана беребиз. Анан алардын баасы канча, кандай программа биз ага жооптуу эмеспиз.

Мындай жарнамалар Кыргызстанда бир нече техникалык колдоо көрсөтүүчү кызматтардын жардамы менен түзүлөт. Алардын бири “Никита мобайл” техникалык колдоо кызматы. Ал Кыргызстандын рыногунда 4 жылдан ашуун убактан бери иштеп келет. “Никита мобайлдын” өкүлү Алексей балдардын жарнамаларга акча коротушуна ата-энелер күнөөлүү деп эсептейт.

- Биздин кызмат бардыгына ачык. Аны көзөмөлдөөнүн кажети деле жок го дейм. Ал эми балдары сүйлөшүп койсо ал ата-энелердин милдети, ошолор көзөмөлдөш керек. Негизинен үйдөгү телефонго пароль койдуруп, же нөлдү өчүртүп койсо болот. Кээде телефонго төлөмдөр ашыкча 4-5 миң сом болуп кетиптир дегендер да болот. Алар “Кыргызтелеком” менен такташып алышат.

Бул маселени Монополияга каршы мамлекеттик комитет да, “Кыргызтелеком” да, Маданият жана маалымат министрлиги (Президенттин башкарууну жаңылоо планыны боюнча бул министрлик жоюлду) да көзөмөлгө албай тургандыгын айтышты. Демек ушундай жарнамалар дагы канчалаган ата-энелердин капчыгын соро турганы али белгисиз.

XS
SM
MD
LG