Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:46

Facebook Трамптын мусулмандар жөнүндө жазганын алып салууну талап кылды


Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШнын президенттигине Республикачылар партиясынан талапкер Дональд Трамп Фейсбукта “мусулмандардын АКШга кирүүсүнө тыюу салууну сунуштап” жазганы компания кызматкерлеринин нааразычылыгын жаратты. Алар миллиардердин минтип жазганы социалдык тармактардын нормаларын бузат деп санашат.

The Wall Street Journal маалымдагандай, компаниянын ээси Марк Цукерберг Трамптын пикирин алып салуудан баш тарткан, ал муну “цензура” болуп калат деп билдирген. Ушундан кийин компаниянын жорумдарга жоопкерчиликтүү айрым кызматкерлери кызматтан кетерин билдиришкен. Фейсбуктун өкүлүнүн сөзү боюнча, айрым жорумдар социалдык тармактын саясатына туура келбесе да өчүрүлбөйт. Компания жетекчилиги АКШ президенттигине талапкердин мусулмандарды өлкөгө киргизбөө тууралуу айтканы шайлоо алдында маанилүү деп бекемдөөдө.

Өткөн жылы декабрда Сан-Бернардинодогу 14 кишинин өмүрүн алган атышуудан кийин Трамп мусулмандарды “АКШ үчүн коркунуч” деп атап, аларды өлкөгө киргизбөөнү бийликтен талап кылган болчу.

Трамптын тарапкерлери анын жазганында АКШга кирүүнү каалаган радикалдар тууралуу айтылган деп бекемдешүүдө.

XS
SM
MD
LG