Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:17

Эстеликтер элдин эсиндеби?


Жеңиш аянтында Жеңиш күнү майрамдалууда. 2008-жылдын 9-майы.
Жеңиш аянтында Жеңиш күнү майрамдалууда. 2008-жылдын 9-майы.

Бишкек шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун урматына тургузулган алты эстелик- комплекси бар. Булардын катарына Жеңиш аянтындагы, Жаш гвардия бульварындагы жана Панфилов паркындагы эстеликтер кирет.

Аталган эстеликтердин таржымалын орто жаштагы шаар тургундары жакшы билгенине карабастан, кээ бир жаштарда эстеликтердин кимге, эмне үчүн орнотулганы туурасында маалыматтар жокко эсе.

Панфилов паркында...

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына орнотулган алгачкы эстелик Иван Васильевич Панфиловко таандык. Москванын алдындагы салгылашууда эрдик көрсөткөн 316-аткычтар дивизиясынын жетекчиси, 28 баатырдын бири Иван Васильевич Панфиловдун эстелиги 1942-жылы тургузулуп, Кыргызстандагы гана эмес Советтер Союзундагы согушка арналган алгачкы эстелик болгон.

Аталган эстелик Бишкектеги Панфилов паркында жайгашып, эстеликте Иван Панфилов өзүнүн согуштук кийиминде, мойнуна дүрбүнү асып, колуна картаны алып аскерлерге буйрук берип жаткан учуру сүрөттөлгөн.

Бул эстелик туурасында шаар тургундары кандай маалыматтарды билишет? Мындай суроо менен шаар тургундарын кепке тарттык:

Айым: - Эч кандай маалыматым жок.

Асель: -
Бул согуштун катышуучусу болсо керек.

Канат: - Бул генерал Панфиловдун эстелиги. Бул киши деген согуштун астында Кыргызстандын согуш комиссары болгон.

Зулайка: - Эмне десем эми. Бул согушка арналган болсо керек. Менимче Лениндин эстелиги го...

Панфиловдун эстелигинин жанында кеминде жарым саат жүргүзүлгөн сурамжылоодо көпчүлүк жаштар бул эстеликтин эмнеге орнотулгандыгын билбей тургандыгы келип чыкты. Ал түгүл бул Лениндин эстелиги дегендер да болду. Ал эми орто жаштагы шаар тургундарынын көпчүлүгүнүн бул эстелик туурасында маалыматтары бар экен.

Жеңиш аянтында...

Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштун урматына орнотулган өзүнчө мемориалдык комплекс бар. Бул комплекс 1985-жылы Улуу Жеңиштин 40 жылдыгына карата жасалган. Үч уук түндүккө барып такалып, боз үйдүн элесин берип турат. Ал эми түндүк алдында согушка кеткен уулун күткөн эненин эстелиги бар. Эненин жанында өчпөс от жайгашкан. Өчпөс оттун бир тарабында согуштагы аскерлер, экинчи тарабында согушка кеткен аскерлерди күтүп жаткан үй-бүлө көрсөтүлгөн.

Жеңиш аянтындагы бул мемориалдык комплекс туурасында маалыматтарын сурап, эс алып жүргөн кээ бир жаштарды кепке тарттык:

Перизат: - Маалыматым деле жок. Уламыштарды уккам. Ошо илгерки эстелик деп билем. Атактуу адамдардын эстеликтери да болсо керек.

Турсунай: -
Толук билбейм. Бирок бул эстеликтер согушта курман болгондорго тургузулса керек.

Нурбек: - Мен муну билбейт экенмин.

Саламат: - Бул эстеликтер, мурунку 1941-жылдагы согушта каза болгондордун урматына коюлган.

Ал эми аянтта сурамжылоо жүрүп жатканда ал жерде сейилдеп жүргөн Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу 86 жаштагы Иван Васильев Жеңиш аянтындагы эстеликтер жөнүндө буларды айтат:

- Жеңиш аятындагы бул эстеликтер жөнүндө айта турган болсок, мен өзүм дагы согуш бүткөндөн кийин булардын курулушуна катышкам. Мен окуучуларым менен келип, жер казуудан баштап эстелик-комплекстин тургузулушуна чейинки жумуштарды аткаргам. Ошентип согуштун катышуучусу катары дайыма бул жерге келип турам. Мен үчүн бул жер ыйык болуп саналат.

Улуу Ата Мекендик согуштун урматына тургузулган эстеликтер кимдин көзөмөлүндө? Кимдер тарабынан каралып, тазаланып турат? Бул суроо менен Бишкек шаардык мэриясынын маалымат катчысы Муса Коңуровго кайрылдык:

- Шаардын өзүнүн бизге караштуу “Тазалык” деген муниципиалдык тармагы бар. Алар эстеликтерди жууп, тегерек четиндеги чөп-чарларды тазалоо жумуштарын аткарып турушат.

Улуу Ата Мекендик согуштун урматына жана анда каза болгондорго карата коюлган эстеликтер жөнүндө кээ бир жаштардын маалыматы болбогонуна карабастан, бул эстеликтерге дагы да болсо орто жаштагылар келип таазим кыла тургандыгын көрүүгө болот.

XS
SM
MD
LG