Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:30

Кыргызстан-НАТО: Кызматташтыктын жаңы жолу


15-сентябрда кыргыз депутаттары Транзиттик борбордо болушкан. 2009-ж.

15-сентябрда кыргыз депутаттары Транзиттик борбордо болушкан. 2009-ж.

ЖКнын Эл аралык жана парламенттер ортосундагы кызматташтык боюнча комитети 28-декабрда Кыргызстан менен НАТОнун кызматташуусу боюнча атайын кызматкердин макамы тууралуу каттын долбоорун жактырды.

Долбоордун демилгечиси болгон Кыргызстандын Коргоо министрлиги НАТО-Кыргызстан кызматташуусунун өлкөнүн аскерий мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга көмөгү чоң экенин белгилеп жатат.

Өлкөнүн коргоо министри Бакыт Калыев НАТОнун бул уюмга кирбеген өлкөлөр үчүн “Тынчтык үчүн шериктештик” программасынын алкагында кызматташуусунун жаркын жактарын белгиледи:

- Биринчиден, биздин адистер окутуулардан өтүшөт, экинчиден, жоокерлерибиздин машыгуусуна көмөк болот. Негизгиси, 2010-жылы ишке аша турган эки тараптуу долбоордун алкагында биздин офицердик курамдан 200 аскерибиз чет тилин үйрөнүшөт. НАТО окутууга сарптала турган үч жарым миңден жети миң долларга чейинки каражатты өз мойнуна алып жатат. Мындан сырткары НАТО офисин жайгаштыруу боюнча маалымат, Казакстанда алар ИИМдин имаратында орун алганы менен, биз Кыргызстанда аларга мындай мүмкүнчүлүк бере албайбыз. Биз азыр аларга НАТОго кирген өлкөлөрдүн элчиликтерин сунуштап жатабыз. Мисалы, АКШ элчилигин.

Жогорку Кеңештин Эл аралык жана парламенттер ортосундагы кызматташтык боюнча комитети долбоор катты жактырып, бир добуштан макулдук беришти. Эми бул долбоор парламенттин ратификациясын гана күтүп турат.
НАТОнун бул мыйзам ченемдүүлүк эмес, зарылчылык болуп турат. Анткени негизги проблема - Ооганстан менен Пакистандагы абал.


Кыргызстандын НАТО менен кандай мамиле жүргүзүүсү зарыл?

Мында эки тараптуу кызматташтыкка НАТО өзү да кызыкдар болуп турат жана жакын турган Ооганстан менен Пакистандагы абалды карап, кыргыз бийлиги бул шериктикке дароо макул болушу абзел, дейт саясат таануучу Аскарбек Мамбеталиев:

- НАТОнун бул кызматташтыгы мыйзам ченемдүүлүк гана эмес, зарылчылык болуп турат. Анткени негизги проблема - Ооганстан менен Пакистандагы абал. Бирок биздикилер башынан жакшы эле мамиле түзүп башташат. Анан барып эле аркасынан бир нерсе үмүт кылышып, ижара баалары болобу же дагы башка келишимде көрсөтүлбөгөн нерселерди жасап, мамилени бузуп салышат. Кала берсе кайра кууп чыгууга чейин барышат.

Ошол эле учурда Кыргызстан бир уюм менен ага кайчы көз караштагы уюмдун саясатын өлкөгө кучак жайып киргизүүнүн алдында терең ойлонуп иш алып баруусу керек дегендер бар.

- Биз Жамааттык коопсуздук келишим кюмуна мүчө өлкөлөрдүн көз карашын, мамилесин эсепке алышыбыз керек. Буга чейин эле “Манас" базасынын, андан соң Транзиттик борбордун биздин өлкөдөгү макамы мени кооптонтуп келет. Мисалы, Орусияда эгер ушундай чечим кабыл алуу туулуп калса, алар текшерип туруу укугун алышмак. Бизде андай болбой жатат, - дейт Жогорку Кеңештин Коммунисттер партиясынын депутаты Николай Байло.

Деген менен НАТОнун өкүлү 2010-жылда Бишкек шаарында өз ишин баштары айдан ачык болуп калды.

"Азаттыктын" архивинен: АКШнын "Манас" базасы: Сын жана жүйө

Орусияда А.Мамонтовдун “База” аттуу сыналгы берүүсү обого чыгарылып, анда АКШнын “Манас” аскер базасы тууралуу олуттуу сын камтылган. Бирок база жетекчилиги жана ала-тоолуктар сын пикирлер менен макул эмес. ES, MiT, SA

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG