Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:01

Роберт Симмонс: НАТОнун Кыргызстанда аскерий түзүмү жок


Түндүк Атлантика аскерий уюмунун баш катчысынын Борбор Азия жана Кавказ боюнча атайын өкүлү Роберт Симмонс 2-февралда Кыргызстандын айрым расмий өкүлдөрү менен жолугуп, маалымат жыйынын өткөрдү.

Роберт Симмонс НАТОнун Кыргызстанда аскерий базасы жок, «Манас» эл аралык аба майданын АКШ жана анын өнөктөштөрү Ооганстанга жүк ташып жеткирүүгө пайдаланып келатышат, деп билдирди.

2-февралда Роберт Симмонс өкмөт башчынын биринчи орунбасары Өмүрбек Бабанов, Кыргызстандын чек ара кызматынын жетекчиси менен жолугушкандан кийин Бишкектеги Дипломатиялык академияга Түндүк Атлантика аскерий уюмунун белекке берген китепканасын ачуу салтанатына катышты. Андан соң Роберт Симмонс журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрдү. Кыйладан бери АКШ менен анын өнөктөштөрүнүн Ооганстанга жүк ташуу үчүн колдонуп келаткан аба базасына токтолуп, атайын өкүл НАТОнун Кыргызстанда эч кандай аскердик түзүмү жок деп билдирди.

- Эмне демекчимин, эң оболу НАТОнун Кыргызстанда бир да авиабаза түзүү ниети жоктугун айта кетмекчимин. АКШ жана анын өнөктөштөрү “Манас” аба майданынын ресурстарын пайдаланып келатышат. Ал үчүн биз сиздерге ыраазычылык билдире кетким келет. Менин билишимде, АКШ жана анын НАТОдогу өнөктөштөрү “Манас” абамайданын ыктуу пайдаланууда. НАТОго мүчө эмес өлкөлөрдүн айрымдары өздөрүнүн аскерлерин Ооганстанга жөнөтүшкөн. Ошондон мен жалпылап айта кетейин, жолдун оңунда турган “Манас” аба майданы алянс үчүн жакшы көмөк көрсөтүүдө. НАТОнун операцияларын Ооганстанда жүргүзүүдө Кыргызстандын да көмөгү бар. Бул жагынан биздин Кыргызстан менен карым-катышыбыз жакшырып баратат.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин Түндүк Атлантика алянсынын “Тынчтык үчүн өнөктөштүк” программасына кошулуп, табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу, коопсуздук, чек араны бекемдөө жана башка багыттар боюнча кызматташып келатат.

Аны саясат таануучу Марат Казакбаев да ырастайт.

- 1995-жылдан бери НАТО Кыргызстан жана башка Орто Азия мамлекеттери жакшы эле байланышып жатышат. Коргонуу жана ички иштер кызматтары боюнча. Бул жерде китепкана ачып жатышат.

Роберт Симмонс Кыргызстандын күч кызматтарын колдоо максатында бир топ долбоорлор иштеп жатканын, анын максаты жалпы коркунучту: террорчулук, жанкечтиликке, диний жикчилдикке каршы туруу экенин белгиледи.

- Эгер Кыргызстан өкмөтү биз үчүн “Манасты” жаап койсо, албетте, өкүнмөкпүз. Себеп дегенде, аба майдан биздин аракетибизге көмөк көрсөткөн маанилүү тутум катары иштөөдө. Бул аскердик максаттагы авиабаза эмес. Бул биздин аскерлерибизге жүктөрдү жеткирип берчү борбор.

Кыргызстан менен Түндүк Атлантика аскерий уюмунун кызматташуусу эки тарапка тең пайдалуу экенине белгилүү дипломат Жумакадыр Атабеков да токтолду.

- А мында мүмкүнчүлүк толтура. Аны пайдаланыш керек. Бизде ошону пайдаланганга аз көңүл буруп жатат.

3-февралда Роберт Симмонс Кыргызстан тышкы иштер, өзгөчө кырдаалдар, коргоо министрлигинин жетекчилери менен жолугуп, ортолук кызматташтыктын жолдорун талкууламакчы.

XS
SM
MD
LG