Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Б. Макенбаева: Кыргызстанда бюджеттик айкындык Ооганстан менен бирдей


Бюджеттик айкындык индексине таянган укук коргоочулар Орусия бере турган кредит натыйжалуу пайдаланыларына ишениишпейт. “Азаттыктын” суроолоруна Укук коргоочулар кеңешинин мүчөсү Бурул Макенбаева жооп берди.

- Жакында бюджеттик айкындыктын индекси жарыяланган экен. Анда Кыргызстанга байланыштуу негизги көңүл кайсыга бөлүнүптүр?

- Бул индекс эл аралык бюджеттик долбоордун негизинде бир учурда 85 өлкөдө жарыяланды. Кыргызстан ошол 85 өлкөнүн ичине кирди. Анда Кыргызстандын бюджетинин айкындыгы өтө төмөнкү орунда. Ал Ооганстан менен барабар болуп жатат. Индекс негизги бюджет ачыкпы-жокпу аныктоодо жети документке таянган. Ошол негизден Орусиядан келген каражаттар ачык, натыйжалуу жана мыйзамдуу жол менен колдонулат деген ишеним бизде жок азырынча. Анткени индекске караганда ага объективдүү кепилдик жок.

- Индекс таянган бюджеттик жети документ кайсылар экен?

- Ал биринчиден, президенттин жылдык элге кайрылуусу. Анда бюджет боюнча маалымат, бюджеттик пландар болушу керек. Өлкөдө канча каражат бар, ал эмнеге жумшалат? Ал кайрылууда жок. Экинчиден, долбоор өз маалында Жогорку Кеңешке, элге жарыяланышы керек. Анткени жарандык коомго жана парламентке аны талкуулаганга, изилдегенге убакыт болушу керек. Андай тажрыйба дагы бизде жок. Үчүнчүдөн, жарандык бюджет деп коет, ал элге жөнөкөй, жарандык тил менен жарыяланышы керек. Андай бюджет да бизде жок. Андан кийинкиси - бекилген бюджет. Ал бизде бар. Аны мыйзам катары алса болот. Андан кийин күнүмдүк жана жарым жылдык отчеттор. Жарым жылдык отчет деген алты айлык отчет эмес. Жарым жылдык аткарылып жаткан бюджет кайра каралып, талданып, элге жарыяланышы керек. Андай да бизде жок. Анан Эсептөө палатасынын отчету аябай маанилүү. Ал дагы элге ачык эмес. Ал эмес изилдөө жүрүп жатканда Каржы министрлигинде иштеген кээ бир кызматкерлер Эсептөө палатасынын баяндамасын алганга мүмкүнчүлүгүбүз жок деп билдиришти. Мына ушундай бюджеттик жети документке таянып, бюджет ачык-айкын, мыйзамдуу жол менен колдонулат деп айтканга болбойт.

- Сиздер өз билдирүүңүздөрдө орусиялык каржылоо, кредиттөө жарандык коомдун ролун төмөндөтөт, туруксуздук болот деген кооптонуу бар экен. Мындай шекшинүүнү эмне менен негиздейсиз?

- Сөзсүз. Өлкөлөрдүн баарында эле бюджеттик ачыктык индекси стабилдүүлүк жана эгемендикке түздөн-түз барабар. Ошон үчүн Кыргызстандын индекси Ооганстанга жакындап, ал эмес бирдей болуп атпайбы. Каражат мыйзамдуу жол менен пайдаланылбай калса коопсуздукка жана стабилдүүлүккө коркунуч келтирүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

- Мисалы ошол мамлекеттик кызматкерлер, бийлик өзү ушундайларга жол бербеш үчүн, коррупциядан окчунураак болуш үчүн эмне кылышы керек?

- Биринчиден күчтүү парламенттик көзөмөл болушу керек. Эми биз азыр эл шайлаган парламент барбы-жокпу биле албай атпайбызбы? Парламенттин ролу төмөн. Анан Эсептөө палатасы дагы өз ролун билдирип, ал дагы саясий таасирден алыс болушу керек...

- Демек, бюджеттин ачыктык индекси көрсөткөн негиздерди толук сактоо силдердин да талап болот экен да?

- Туура.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG