Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:12

Бүгүн президент Курманбек Бакиев өлкөдөгү 30 бейөкмөт уюм өкүлдөрү менен жолугушуп, кызматташуу боюнча келишимге кол койду. Бирок айрым бейөкмөт уюмдардын лидерлери мамлекет башчы менен жолугушуудан баш тартышкан.

Жакында Жогорку Кеңеште коммунисттер фракциясынын лидери Исхак Масалиев “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу демилге көтөрүп чыкты. “Антпесе жарандык коомдо тартипсиздик өкүм сүрүүдө”, - деп айткан депутат.

Бүгүн президент менен жолугушкандар маселени кабыргасынан коюп, бу мыйзам алардын мүмкүнчүлүктөрүн кыйла чектей турганын айтышты.

- Биз мындан ары бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү кирбей тургандыгына ишенебиз. Иш болсо болду. Макулдашууга кол коюлду. Биз ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланууга аракет кылабыз. Бул байланыштар кандай болоору эки тараптын өзүнүн ишмердүүлүгүнөн көз каранды, - дейт Сезим кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова.

Бийлик менен бейөкмөт уюмдардын ортосундагы кызматташуунун механизми кандай болушу мүмкүн? Президент менен талкуудагы негизги көңүл ушу темага бурулду.

Гуманитардык долборлоо институтунун директору Александр Третьяков эки тараптын өкүлдөрүнөн турган координациялык кеңеш түзүп, улуттук баяндама чыгарууну жана президенттик угуу институтун жаратууну сунуштады. Бул механизмдер бийлик менен бейөкмөт уюмдарынын чогуу аткарган ишине баа берип, көзөмөлдөп турат дейт ал:

- Мисалы белгилүү мөөнөт ичинде эки тарап өздөрү аткарган ишине баа берип, мониторинг жүргүзөт. Мунун баары Улуттук баяндама форматында көрсөтүлөт. Ал буга чейинки донорлор жасап жүргөндөй, четтеги байкоочулардын отчету же кайсы бир абстрактуу индикаторлорду аткаруу жөнүндөгү отчет болбойт. Ал биз түзгөнү жаткан координациялык кеңештин аткара турган ишине байланыштуу болот. Кызматташуу иштеринин жыйынтыгы президенттин деңгээлинде каралышы керек. Демек президенттик угуу институту керек. Баяндама ошол институтта президенттин катышуусу менен каралып, ага бул жумушчу орган өзүнүн сунуштарын билдирип турат.

Жолугушууда президент буга чейинки бийлик менен бейөкмөт уюмдардын ортосундагы тирешүүлөр ортодогу мындай диалогдун жоктугунун кесепети экендигин белгиледи. Ал макулдашуудан кийин мамлекеттик органдардын бул уюмдарга карата мамилеси өзгөрүлөөрүн белгиледи:

- Сиздер мындан аркы ишиңиздерде өзгөрүүнү байкайсыздар. Мен сиздерге ушундай убада берем. Сиздердин сөзүңүздөрдөн улам мен өзүм үчүн жыйынтык чыгардым. Өз ара мамиле түзүүдө буга чейин бейөкмөт уюмдар тарабынын да, бийлик тарабынан да кемчиликтер кетирилгендигине ынандым, - деди президент Курманбек Бакиев.

Анткен менен бүгүн президент менен жолугушууга өлкөдөгү бейөкмөт уюмдардын айрым белгилүү лидерлери катышкан жок. Алар жолугушуудан баш тарта тургандыгын бир күн мурда ачык жарыялашкан. Буга себеп катары президенттин алдындагы катчылык күн тартибиндеги маселени өзгөртүүгө аракет кылганы айтылды.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова - мына ушул жолугушууга келүүдөн баш тарткандардын бири. Президент менен бейөкмөт уюмдарынын лидерлери ортосунда бүгүн кол коюлган макулдашууну ал сындап чыкты. Анын пикиринде, мисалы, макулдашуудагы координациялык кеңеш түзүү сунушу кайрадан эле бейөкмөт уюмдарына бийлик тараптан көзөмөлдү күчөтүү аракетине тете:

- Макулдашууга каршы эмесмин. Биз бул демилгени эки ай мурун өзүбүз көтөргөнбүз. Бирок президенттин катчылыгы бизди өзүнүн форматына салууга аракет кылды. Макулдашуунун ичиндеги президент менен жарандык коомдун ортосундагы “координатор” деген нерсе демократиялык принципке туура келбейт. Президент жарандык коомдун бардык тармактарына ачык болушу керек. Азыр президент менен жарандык коомдун ортосунда ушундай көшөгө тартылып жатат. Буга чейин коомдук палата түзүү аракети көрүлдү, коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү аракети болду. Аларга каршы болгон элек. Эми өзүбүздүн кесиптештерди тартуу жолу менен ушундай жагдайды түзүп, айланып келип бизге көзөмөл жүргүзгөнү жатат.

Дегинкиси, бул жолугушуунун президенттик шайлоонун күнү жарыяланып, болгондо да, “Ак жол” партиясы Курманбек Бакиевди тарапкери катары көрсөткөндөн кийин болуп жатышы түрдүү божомолдорду жаратып жатат.

Азиза Абдрасулованын айтымында, президенттик шайлоо жарыялангандан кийин талапкерлердин баарына бирдей шарт түзүлүүсү керек. Укук коргоочулар Курманбек Бакиев менен талапкер катары жолугушууга каршы болушкан. Алардын ырастоосунда, бардык талапкерлерге ушундай шарт түзүлүшү керек болчу, же мындай макулдашуу шайлоодон кийин президент болгон киши менен гана жетишилиши керек эле. Бирок алардын айтымында, бул талаптар көз жаздымда калтырылган. Кечээ мындай билдирүүгө алты укук кргоо уюмунун жетекчилери кол койгон.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG