Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:37

Кыргызстан менен Орусиянын прокурорлору Батукаев маселесин талкуулашты


Азиз Батукаев.
Азиз Батукаев.

Кыргызстандын башкы прокурору Индира Жолдубаева менен Орусия Федерациясынын баш прокурору Юрий Чайка Азиз Батукаевди Бишкекке өткөрүү маселесин талкуулашты. Башкы көзөмөл органы тараткан кабарга ылайык, жолугушуу 13-январда Москвада болду.

Жолугушуу эки тараптуу ымаланы жандантуу максатында уюштурулган. Сүйлөшүүлөрдүн өзөгүн прокуратура багытындагы өз ара кызматташуу, экстрадиция жана укуктук жардам көрсөтүүлөр багытындагы суроолор түздү.

Жолдубаева Азиз Батукаев маселесине өзүнчө токтолуп, аны Кыргызстанга өткөрүп берүү маселесин Бишкек талап кыларын айтты.

16 жылга кесилген Азиз Батукаевди 2014-жылдын апрелинде “ак кан оорусуна чалдыкты” деген негизде Нарын шаардык соту бошотуп жиберген. Быйыл Башкы прокуратуранын өтүнүчү менен сот чечими жокко чыгарылган.

Батукаев Орусия аймагында экени кабарланган. (SE)

XS
SM
MD
LG