Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:55

Бегалы Наргозуев: Өзбекстан чек арада кычаштык кылып жатат


Жогорку Кеңештин депутаты, “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Бегалы Наргозуев түштүктө Өзбекстан менен чектешкен райондордо болуп, кырдаал менен таанышып кайтты.

- Сиз жаңы эле ушул аймактардан кайтып келген экенсиз. Учурда чек ара тосмолору коюлуп, Өзбекстандын аймагы деп бир жактуу жарыяланган Чек айылынан кабар ала алдыңызбы?

- Биз азыр округдардан кайтып келдик, мен Аксы районунда болдум, Аксы району Ноокен районуна чектеш район, ал жердеги бүгүнкү күндөгү проблемага кызыгып, сурамжылоо жүргүздүм. Мен билгенден Чек айылында 19-апрелде болуп өткөн ушундай инцидент, эки өлкөнүн ортосундагы кандайдыр бир түшүнбөстүктөр болуп кетти.

Биринчиден, контртеррористтик иш чара деп тинтүүлөрдү жүргүзгөн болсо, экинчи этабында чек аралык кандайдыр бир претензияларын коңшу мамлекеттин чек ара органдары көрсөтүү менен жылдырып атышыптыр. Эми ачыктан-ачык айтып атышат.

Бул айылдагы талаш маселе катары делимитация, демаркация бүтмөйүнчө бул жерге эч кандай иш чаралар өткөрүлбөш керек болчу, көтөрүлбөш керек болчу маселе. Ошого карабай Өзбекстан тараптын чек ара жана күч органдары ушундай провокациялык иш жасашыптыр.

Муну мен акыркы учурлардагы Кыргызстандын суу боюнча Камбар-Ата ГЭСтери боюнча жасап аткан өз алдынча көз карандысыз иш аракеттерине кандайдыр бир реакциябы деп ойлоп атам.

- Жергиликтүү бийлик бул маселени кечээ жакында кошуналар менен талкуулап кайтышкан экен. Губернатор Масировдун билдиргенине караганда тосмолорду чек ара такталгыча четке ала турууну эки тарап макулдаштык деп билдирди. Буга ишенсе болобу?

- Мындай маселелерди мамлекеттик атайын комиссиялар чечет. Ал эми губернатор баштаган топ достук иретинде ооз эки жүзүндө гана чечиши мүмкүн убактылуу гана. Негизинен бул маселе мурун эле талкууланган, чечилген маселе. Азырынча делимитация, демаркация такталмайынча, бул жерде кандайдыр бир жанагыдай тосмо, жанагыдай операцияларды өткөрүү мүмкүн эмес болчу.

Ошого карабай Өзбекстандын кээ бир күч органдары тарабынан мындай провокация болуп атканы түшүнүксүз болуп атат. Экинчиден, менин өзүмдүн жеке оюмда бул өздөрүнүн акыркы учурларда Кыргызстандын өз алдынча жүргүзүп аткан саясатына жасап аткан реакция.

- Айылдагы 24 үй-бүлө өзүбүздү камакта калгандай сезип атабыз деп бир топ кайрылууларды жасашкан экен жогорку бийликке, алардын ичинде “Ак жолго” да кайрылышкан экен. Парламент бул маселеге кайрылабы, сиз тараптан кандайдыр бир демилге болобу, жакында ишке киришесиздер да?

- Албетте, чек ара маселеси өзүңүздөр билесиздер, өтө бүйүр кызыта турган маселе болгондуктан, бул сөзсүз түрдө биринчи эле отурумда Жогорку Кеңеште көтөрүлөт. Көтөрүлгөндө дагы бир нече депутаттар тарабынан көторүлүш керек. Себеби мындай провокацияны жасоо менен кандай реакция болот деп күтүп тургандар бар, биринчиден.

Экинчиден, бул өзү эл аралык практикага дагы жатпаган көрүнүш болуп аткандыктан бул сөзсүз түрдө каралат. Анан ошол айылдагы 24 үй-бүлөнү айтып атасыз, сөзсүз түрдө чек арада жашаган калктар үчүн бул маселе өтө оор. Ошон үчүн алар өздөрүн түрмөдө отургандай сезип атабыз дегенди түшүнүүгө болот.

Кечээ эле толук түрдө Кыргызстандын гражданы катары Кыргызстандын аймагында турса, бүгүн ага башка бирөөлөр да претензия кылып, үйүнө чейин кирип келип тинтүүлөрдү жүргүзүп атса ар бир киши өзүн жаман сезет.

-Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG