Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:51

Ош: Балдар коогалаң күндөрдү унута баштады…


Июнь айында болуп өткөн каргашалуу окуя балдардын психологиясына чоң таасирин тийгизди. Психологдордун айтымында, айрым коркуп калган балдар эмдигиче өздөрүнө келе элек болсо, кээлери ошол күндөрдү эстеп азыр да кыжаалат болушат. Бийлик өкүлдөрү бир нече бейөкмөт уюмдар менен биргеликте Ош жана Жалал-Абаддагы балдарга атайын эс алуу лагерлерин уюштуруп, психологиялык жардамдарды беришүүдө.


Аида Кара-Суу районунун Мады айылындагы Курманжан Датка мектебинде 7-класста окуйт. Ал учурда Ош шаарындагы атайын даярдалган лагерлердин биринде эс алууда. Оюндар менен алаксып, коогалаң күндөрдү эсинен чыгарып койгон Аида окуу башталаарын күтүп жаткан кези:

-Мага бул лагер абдан жакты. Бул жердеги балдардын баары менен жакшы мамиледемин. Көп досторду таптым. Бизге көп оюндарды уюштуруп берип жатышат, бир күнү кино, бир күнү дискотека коюп берип жатышат. Шарттары жакшы. Мектепти сагындым, досторумду сагындым. Азыр эле барып мектепке барып окугум келип жатат. Айрыкча, жакшы көргөн сабактарымды сагындым.

Бишкек Регионалдык изилдөө институту тарабынан уюштурулган бул лагерде учурда Аида менен кошо 90 бала эс алууда. Аларга жалаң психологдор гана сабак берип, сүрөт тарттырып, сууга чөмүлтүп көңүлдөрүн ачышууда. «:Жаман күндөрдү балдардын эстеринен чыгарыш үчүн аларга ар түрдүү сабактарды өтүп алаксытабыз»,- дейт психолог Санжар Алиев.

Санжар Алиев: Бул биздин сабак өткөн аудитория. Балдарды атайын пластилин менен иштетебиз. Мына маселен, бул нерселер балдардын «Менин шаарым» деген эмгектери.

Азаттык: Азыр бул жерде Ош шаарын жасашкан турбайбы ээ?

Санжар Алиев: Ооба, бул Ош шаары, парктар. Кечелектеги биздин Ош шаары, Кыргызстан мындай болот деп,ар бири өзүнүн салымын кошкусу келишет. Ошол келечектеги шаар тууралуу өзүнүн фантазиясын бизге ушул пластилин аркылуу чагылдырып берет.

Кепке кошулган 14 жаштагы Аксана бизге өзү пластилинден жасаган «Келечектеги Ош шаары» жөнүндө айтып берди:

-Булар кабаттуу үйлөр, бул сыналгы. Бул жолдордо машиналар, посттон өтүп кетип жатышат. Жолдордо машинелер жүргөндө мындай арчалар бийик болуп көлөкө түшүрүп турат. Арчаларды атайын көп кылып койдук. Анткени, арчалар көпкө чейин жашашат, алар эч качан өлбөйт.

Балдар жасаган макеттерде көбүнчөсүн танкалар, посттор, аскерлер кошо берилген. Ал эмес тарткан сүрөттөрү да кара, көк түстөр менен көбүрөөк боелуп, согушка тиешелүү предметтер тартылыптыр. Балдардын мындай фантазиясын башкы психолог Акчач Жолдошева, коогалаңда алардын психикалык жабыр тартканы менен байланыштырууда. «Бирок психологиялык кеңештерди алып, эс алышкандан кийин балдардын көңүлдөрү ачылып, сүрөттөрүндө ачык түстөрдү колдоно башташты» дейт психолог айым.

-Балдар сыртынан күлүп, ойноп, билдирбегени менен, дале болсо ичинде коркуу сезими турганын билдик да. Биз балдарга сүрөт тест менен байкаганыбызда, алар көбүнчөсүн кара, көк түстөр менен көп боешот. 10 күндүн ичинде биз балдарга атайын эралаксацияларды, көнүгүүлөрдү, музыка-терапияларды жүргүздүк. Анан дагы сүрөт тарттырып көргөнүбүздө, алар кызыл, сары сыяктуу ачык түстөрдү колдонуп, жагымдуу сүрөттөрдү тарта башташты.

Психологдун айтымында, айрым коркуп калган балдарды ата-энеси менен кошо алып келип, дарылоого туура келген. Анткени коогалаңда психикалык жактан оор жабыр тартып калган балдар көпчүлүккө аралашуудан чочуп калышкан дейт ал.

-Кийин биз экинчи-үчүнчү агымда энелерин кошуп алып жаттык. Анткени, абдан коркуп калган балдар, көпчүлүк менен кошулуудан чочуп калышыптыр,-дейт психолог Акчач Жолдошева.

Учурда балдарга психологиялык жардам берүү үчүн Ош шаарында бир нече лагерлер, атайын мектеп аянтчалары уюштурулууда. «Балдардын жан дүйнөсүн ордуна келтирүү үчүн, болгон аракетибизди көрүп жатабыз» дейт миграция жана жумушка орноштуруу министринин орун басары Нурила Жолдошева:

-Быйыл балдар үчүн, аябай көп лагерлер уюштурулду. Мектептеринин жанында да балдар аянтчасын түзүп, ал жерде көп нерсеге үйрөтүп жатабыз.

Нурила Жолдошеванын билдиришинче, Ош жана Жалал-Абад облустарында ЮНИСЕФ эл аралык уюму 45, CHILDREN коому 20 жана Бишкек регионалдык изилдөө институту 25 балдар аянтчасын уюштурушкан. Ал жерлерде учурда ар улуттун балдарына психологиялык тренингдер жана ар кандай оюндар өткөрүлүүдө.

Өз кезегинде вице-премьер министр Өктөмхан Абдуллаева балдарга мындан ары жардам берүү үчүн мектеп мугалимдерине жана ата-энелерге да психологиялык билим берилээрин билдирди. «Анткени, алар ар дайым балдардын жанында болушат» дейт Өктөмхан айым.

-4 бригада психологдорду түзүп, Ошко жибергенбиз. Ошол психологдор ата-энелерди дагы, мугалимдерди дагы үйрөтөт. Анткени, алар ар дайым балдарга жакын жүрүшөт. Балдарга дайым кеңеш берүүгө даяр турушу керек. Анан мен мына агартуу министрге дагы бир топ психологдорду даярдоо боюнча дагы тапшырма берип жатам.

Ошондой эле вице-премьер, сентябрдан баштап түштүктөгү мектептерге бирден психолог жумушка алынаарын кошумчалады.

Жаңжалдуу аймактан чыгарылып кеткен балдардын бир тобу Бишкекте жана Ысык-Көлдө болушту
Акыркы маалыматтарга таянсак, Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча 6 миң бала психологиялык реабилитациядан өткөн. Алардын бир жарым миңге жакыны Ысык-Көлгө барып келсе, калгандары аймактагы лагерлерде дарыланышууда.

Ошол эле мезгилде өзбек мектептеринин окуучулары үчүн мектептердин өзүндө ар кандай иш-чаралар уюштурулган. Анткени, алардын ата-энелери балдарын башка аймактарга жиберүүдөн чочулашкандыгы айтылууда.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG