Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:46

Кара-Суу: чатыр мектепте балдарды окутууга каршылык болууда


Кара-Суу районуна караштуу Шарк айылындагы Толстой орто мектебинин окуучулары үчүн өрттөнүп кеткен мектептин жанында эски автобазага 12 чатыр тигилди
Кара-Суу районуна караштуу Шарк айылындагы Толстой орто мектебинин окуучулары үчүн өрттөнүп кеткен мектептин жанында эски автобазага 12 чатыр тигилди

Июндагы коогалаңда өрттөнүп кеткен Кара-Суу районуна караштуу Шарк айылындагы Толстой орто мектебинин окуучулары үчүн аталган мектептин жанында эски автобазага 12 чатыр курулуп жаткан. Бирок учурда кыргыз айылдарынын тургундары ал жерге чатырларды тигип, мектеп кылууга каршы чыгышууда. Каршы чыккандардын айтымында чатырлар тигилип жаткан жер кыргыз айылдарына жакын жайгашкандыктан, эки улуттун балдарынын ортосунда уруш чыгып кетиши ыктымал.


Достору менен ойноп жаткан Хажыакбар Кара-Суу районуна караштуу Шарк айылындагы Толстой орто мектебинде 6-класста окуйт болчу. Бирок алардын мектеби июнь айында болуп өткөн коогалаңда өрттөнүп кеткен. Ага карабай Хажыакбар сентябрды чыдамсыздык менен күтүп жатканын айтат:

-Тополоңдо биздин мектепти өрттөп жиберишкен. Эми биз кайсы жерге барып окуйбуз. Бизге окшогон окуучуларда эмне күнөө. Окуу куралдары жок болсо, кандай кылып окуйбуз билбейм. Мектебимди сагынып чыктым, окугум келип жатат. Мектеп кылабыз, деп тигип жаткан чатырларды да алып жатышат.

Хажыакбар айткандай, өрттөнүп кеткен мектептин окуучулары сентябрды чатырларда тосушмакчы болгон. Мектептен алысыраак жайгашкан жердеги эски авто базага ЮНИСЕФ тарабынан берилген 12 чатыр курулуп да бүткөн болчу. Бирок эми ал жерге жакын жашашкан кыргыз улутундагылар балдарды автобазада окутууга каршы чыгышууда. Толстой мектебинин директорунун орун басары, Алтынай Бадалова буларга токтолду:

-Бүгүн райондук чоңдор, акимиаттан өкүлдөр келип мектебибизди көрүштү. Баары бул жерге чатырлардын курулушун туура деп, уруксат беришти. Ошол жердин ээси өзбек киши эле, ал дагы уруксат берди. Чатырларды да куруп бүтүп койдук эле. Бирок ошол жердеги эки-үч кыргыз үй-бүлөсү каршы болуп жатышат.

Деген менен чатырлардын кыргыз айылдарына жакын салынып жатканына каршы чыгып жаткан кыргыз улутундагы 30-40тай жаран, өз нааразылыгын башкача түшүндүрүшүүдө. Алардын айтымында, учурда эрегишип турган кыргыз балдары аларга жакын жайгашкан өзбек мектебинин окуучулары менен чатакташып кетиши ыктымал. Каршы болгондордун бири Зульфия Рыспаева аталган Толстой мектебинин окуучулары авто базага курулган чатырларда окууларын улантышса, анын балдары өзбек балдары менен урушуп кетээрин билдирүүдө:

-Жакында эле ушул жерден, мына мечиттен чыгышып менин күйөөмдү өлтүрүп кетишкени үчүн мен каршымын. Менин он балам бар, баары өчөшүп турушат. Менин балдарым чоң эртең алардын окуусу башталса барып, бирөө жарымын уруп коюшабы, мушташып кетишеби? Балдарым эмес мен өзүм дагы, азыр аларга болгон жиним таркай элек. Ачуум келгенде эмне деген гана иштерди жасап жиберишим мүмкүн. Ошон үчүн тынчыраак, биздин үйлөрдөн алысыраак алып барып, мектеп кылгыла деп айтып жатам.

Ал эми Кара-Суу райондук билим берүү башкармалыгы эки тараптын, ойлорун эске алынып, маселе бир-эки күндүн ичинде чечилээрин айтууда. Агартуу мекемесинин башчысы Рахманали Назаров Азаттыкка буларды айтып берди:

-Биз окуучулар үчүн баардыгын даярдап, аз күндө ишке кирет деп жаттык эле. Бирок бул жерлер башка бирөөлөрдүн жери экен, наркы жактан бир топ адамдар келип каршылык көрсөтүп жатышат. Азыр биз эки вариантын көрүп жатабыз, нааразы болуп жаткан тарапты көндүрүү же, чатырларды ал жерден жылдырып, ошол талкаланып калган мектебинин жанына, анан анын сол жагындагы ачык жерге тигип беребиз. Анан Толстой мектебинин окуучулары ошол жерден окууларын уланта беришмекчи.

Шарк айылындагы өрттөнүп кеткен мектеп
Ошондой эле райондук билим берүү мекемесинин башчысы өрттөнүп кеткен Толстой мектебинин жаңы имараты декабрь айына чейин курулуп берилээрин кошумчалады.

Анткен менен аймактык серепчилер кыш түшкүчө жаңы мектептин ишке киришинен күмөн санашууда. Айрым байкоочулар Толстой орто мектебинин 800дөн ашуун окуучусу кыш ызгаарын чатырлар менен тосушаарын айтышууда.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG