Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Атамбаев: “Жоогазын революциясы” Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруусун жеңди


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

"Бүгүн өлкөбүздө 2005-жылдын 24-мартындагы элдик революциянын жылдыгы белгиленип жатат. Кыргызстандын эли бул күнү Акаевдин үй-бүлөлүк-кландык башкаруусуна каршы жапырт көтөрүлүп, революция жеңди", – деп жазылат президенттин кайрылуусунда.

Өлкө башчынын кайрылуу текстинде, 2005-жылы мартта эркиндик үчүн күрөшкө чыккандар орто жолдон бийликти мурдагыдан да ач көз жана мыкаачы үй-бүлө басып аларын билишкен жок деп жазылды.

“Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн башкаруусу саясатчылар менен журналисттерди куугунтуктоо, аларды өлтүрүү, элдик байлыкты мурдагыдан да ашынган талап-тоноо менен коштолду. 2010-жылдагы Апрель элдик революциясы Кыргызстандын кайра жаралуусуна жол ачты. Акыркы жылдары өлкө көз карандысыздыгын бекемдөө, экономиканы өнүктүрүү үчүн жана элдин өз өлкөсүнө жана өз келечегине ишенимин ойготуу үчүн көп иштер жасалды”, - деп жазылат президенттин кайрылуусунда.

Атамбаев, 2002-жылдагы Аксы окуясы, 2005-2010-жылдардагы элдик революциялар Кыргызстандын жаңы тарыхындагы тагдыр чечкен окуялар болгону, бул Кыргызстан элинин эркиндикке карай жолундагы үч ашуу сыяктуу деп кайрылуу жолдоду. (SDz)

XS
SM
MD
LG