Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:52

Нарын: ырайымсыз жаратылыш, жардам күткөн элет


Ушул жылдын 19-сентябрында Ат-Башы жана Нарын райондоруна калың кар жаап, эки миңден ашык мал кырылып, төрт миң гектар эгин түшүмүн үшүк уруп кеткен.

Өкмөт малчылардын жана дыйкандардын тарткан зыяндарын толук төлөп берүүнү убада кылганы менен анын өтөсүнө чыга элек.

Эстешти. Унутуп коюшту

Нарын облусунун тоолуу райондоруна жааган калың кардан жайлоодо жан сактаган элеттиктер айрыкча жабыркады. Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Сүйүнбек Жолболдуев буларды айтат:

- Сентябрда бир жарым метр кар түшүп, алыскы жайлоолордон малды ылдыйлатып көчүргөнгө үлгүрбөдүк. Ошондуктан көпчүлүгү беш сутка бою талаада ачка жатып, кырылып калды. Менин эсебимде ар кишинин короосунан жок дегенде элүүгө чейин мал жан кыйды. Мындан тышкары 415 гектар аянтка арпа айдалган эле. Бизде андан башка эгин бышпайт да. Мына ошонун баары кар астында жыйналбай калды. Кийин катарынан үшүк уруп таштады.

Айыл өкмөт башчысы Сүйүнбек Жолболдуевдин айтымында, чыгымдардын баары толук эсептелип, жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилип, жогорку органдарга сентябрдын аягында жөнөтүлгөн.

Төрт миң гектар буудайды кар басты

Аталган райондун айыл чарба департаментинин өкүлү Жусуп Осмоновдун ырасташынча, Ат-Башы өрөөнү боюнча күтүлбөгөн кырсыктан жапа чеккендердин саны бир ай мурда эле такталып бүткөн.

- 1680 баш кой-эчки, 58 баш жылкы, 80 баш ири мүйүздүү мал, тактап айтканда, уй-топоз каатчылыктан кесепетинен кырылып калды. Эгин-тегин айдаганга 14 миллион 695 миң 230 сом чыгымдалгандыгын тактадык. Ошондой эле кар жаабай турганда дыйкандар 2159 гектар аянттагы дан эгининен жок дегенде 43 миллион 182 миң 90 сомдук түшүм жыйнамак.

Райондук бийликтин өкүлү Жусуп Осмоновдун кебине караганда, атбашылыктар сентябрдагы кырсыктан улам жалпы жонунан элүү бир миллион сомдон ашуун чыгымга учураган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги белгилешинче, Ат-Башы жана Нарын райондорун кошкондо жуттун кесепетинен эки миңге чукул жандык, 64 жылкы, 96 уй-топоз кырылган.
Мындан тышкары 415 гектар аянтка арпа айдалган эле. Мына ошонун баары кар астында жыйналбай калды.


Ошондой эле төрт миң гектар аянтка эгилген арпа-буудайды калың кар басып, жыйноого мүмкүнчүлүк болгон эмес.

Жергиликтүү тургундар өкмөт малчылардын, ошондой эле дыйкандардын тарткан зыяндарын жакынкы арада толук төлөп берүүнү убада кылганын айтышууда. Бирок бир нече кайрылуууларга карабастан алардын маселеси чечилбеген бойдон калууда. Райондук жана облустук бийлик жердештеринин кебин бышыктап, чыгымдардын орду тез арада толукталса, аба ырайынын катаалдыгына чыдап жашаган элеттиктердин шаарды карай агылуусу тыйылат эле деген ойдо турушат.

Чыгаша да, убада да көп

Өзгөчө кырдаал министринин орун басары Кубат Боронов Нарын облусунун агрардык чөйрөсү оор чыгашага учураганын айтты:

- Нарын облусу боюнча эсептегенде айыл чарба тармагы 32 миллион 141 сом чыгашага учурады.

Министрдин орун басары сентябрь айында коммуникациялык, энергетикалык түйүндөрдүн да бүлгүнгө учурашы мамлекеттик комиссия тарабынан кошо эсептелип, ал эми кар астында калган түшүмдүн каражаты көңүл сыртында калгандыгын мойнуна алды:

- Нарын облусуна караштуу эки районго келтирилген жалпы зыяндын көлөмү 35 миллион 201 миң сомду түздү. Мында жыйналчу эгинден түшчү киреше эсептелген эмес.

Министрдин орун басары Кубат Боронов табигый кырсыктан жапа чеккен нарындыктардын чыгымдары калыбына келтирилерине ишендирип, маселеге жаңы өкмөт чекит коерун кошумчалады:

- Компенсация маселесин өкмөт өзү чечет болуш керек. Азыр ушул өңүттө сөз эмес иш катуу жүрүп жатат.

Ошентсе да жергиликтүү тургундар бул ирет бийликтин жылуу сөзүнө, куру удабасына алданбастыгын, талаптары аткарылбаса наааразылык акциясын жарыялашарын эскертишүүдө.

XS
SM
MD
LG