Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:05

Алтымыш кытайды Нарындан эмнеге айдап чыгышты?


Нарын мамлекеттик коругунун ичинде мыйзамсыз иш аткарып жүргөн жерлеринен кытайлык 60 жаран кармалып, чыгарылып жиберилди.

Кытайлык жарандар Нарын районунун аймагында жайгашкан Нарын мамлекеттик коругунун ичинде мыйзамсыз иш аткарып жүргөн жерлеринен кармалышкан. Алар коруктун Кашка-Суу жана Күрмөнтү участкаларында тогуз чакырымга жакын жол салышкан. Бул аймакка тракторэкскватор, өңдүү жол куруучу техникаларды жеткиришкен. Мындан сырткары Күрмөнтү участкасында эки лагерь жайгаштырылып, бирине беш тонна өлчөмүндө аманит жардыруучу заты да жеткирилгени да аныкталды. Мындан эки күн мурда да Нарын облустук ички иштер башкармасынын (ОИИБ) кызматкерлери тарабынан Күрмөнтүдөн кетпей жүргөн кытайлык алты жаран кармалып, алар мыйзам ченеминде чек арадан чыгарылгандыгын Нарын ОИИБ жетекчисинин орун басары Ороз Молдосариев билдирди. Жетим кырка тоосунда орун алган темир кендерин чалгындоо иштери эки жыл илгери башталып, бирок жергиликтүү калктын, жаратылыш сакчылардын тынсызданууларынын негизинде облустук бийликтин кийлигишүү менен чалгындоо жумуштары токтотулган болчу. Бирок июль-август айлары тогошкон маалда кытайлык фирмалар Жетим кырка тоосунун чыгыш тарабындагы кен жайгашкан жерге мыйзамсыз жол салып, кен казуучу унааларды жана жардыруучу заттарды алып келгендиги ырасталды. Окуянын жагдайы тууралуу Нарын мамлекеттик коругунун деректири Дамир Оморов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Жетим кырка тоосундагы Күрмөнтү темир кени жайгашкан жер Нарын Мамлекеттик коругунун аймагына туура келет. Бирок Нарын районуна караштуу жерге макулдукту негедир Жети-Өгүз району берген?

-Ошол Күрмөнтү деген жерге Кыргызстанда каттоодон өткөн “МЕЙ-ЛИН РЕСУРС” аттуу жоопкерчилиги чектелген коому чалгындоо иштерин жүргүзүүгө КРнын Геология жана минералдык ресурс агенттигинен лизенция алган. Бирок Нарын облусунун аймагында жайгашкан жерге барып иштөөгө макулдукту негедир Жети-Өгүз району берген.

Бул участок 2005-жылы мамлекеттик актынын негизинде Нарын мамлекетик коругуна атайын жер картасы менен чийилип берилген.
Бул жерде да бир түшүнүксүз нерсе, лицензия “МЕЙ-ЛИН РЕСУРС” ЖЧКга берилген. Бирок иштеген 57 кытайлык “ХУА-ЕР” деген ЖЧКнын адамдары болуп чыккан. Ошол эле маалда эки фирма ортосунда келишимдери болгон эместиги айкындалды.

Экинчиден, ал адамдардын жандарында эч кандай паспорттору болгон эмес. Эч кандай визалык документтери да жок болуп чыкты. Алар болгону бир барак кагазды Бишкек шаарынын миграция комитети тарабынан берилген справканы беттерине кармап алышкан. Ал справка болсо Бишкек шаарынын айланасында иштөөгө аныкталбаган эле чечим экен. Бирок ал справканын дагы мөөнөтү бүткөн экен. Ошондуктан коруктун аймагынан аларды сыртка чыгарууга муктаж болдук.

- Эми ошондо ал жерде техникалары дагы бар экен деген маалыматтар айтылып жатат?

-Ооба, туура. Ал жерде чалгындоо иштерине эле эмес, кен казуучу дагы техникалар, жабдуулар көп экен. Кубаттуу үч трактор, тоонун башына чейин чыгып кете алган экскваторлор, а түгүл тоо теше алуучу жабдыктар баарысы Кытай өндүрүшүнөн чыккандар. Айтор укмуштай техникалар келген экен.

Мындан сырткары эң кооптуусу ошол Күрмөнтүдө биринчи жана тоо боорунда экинчи лагери жайгашкан. Ошол экинчи лагерде эки контейнер бар болуп чыкты. Анын биринде “Амонит-6 Ж” үлгүсүндөгү жогорку жарылуучу 5 тонна заттар алынып келинген.Ал Амонит бир контейнерде турат.

Экинчисинде болсо детонаторлор, тез от ала турган жабдыктар бар. Мындай жарылуучу заттар атайын уюмдар аркылуу гана ташылуусу керек. Бирок аларды жөнөкөй эки адам гана кайтарып турушат. Бир дагы тиешелүү документтери жок. Алар эмнени кайтарып тургандыктарын да билишпейт. Бул заттарды Улан деген алып келген, документтерин жасатканы Бишкекке кетти дешет алар. Мен түшүнбөйм Бишкектен бери кантип ушул тоолорго чейин келгендигине бул заттардын.

- Жанагыча техникалардын келишине жаңы жол салынганбы же жол мурда эле болгонбу?

-Эки башка жолду жаңы курушкан. Биринчи лагерден коруктун аймагын карай Нарын сууну бойлото 5 чакырым жолду туурасын 5 метрге дейре, бийиктигин 4 метрге чейин салышкан. Анда өйдө жактагы арча, шилби сыяктуу өсүмдүктөр талкаланган. Андан сырткары Күрмөнтү участкасын бойлоп тоону карай дагы 4 чакырымдан ашык жол салынган. Жолдорду эч кандай уруксаатсыз, өздөрү каалагандай талкалап гана сала беришкен экен.

- Эми ал жерде акыбал кандай?

-Албетте, кытайлыктар корук аймактан чыгарылды. Техникалары болсо жыйналып, токтотулду. Алар маселе чечилмейинче деп Бишкекке кетишкен.

XS
SM
MD
LG