Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:40

Кытайлык “МЕЙ-ЛИН” фирмасы Нарын районундагы темир кени чыккан жерге мыйзамсыз жол салып, иштеп жатканы жергиликтүү элди кыжаалат кылууда.

Нарын районунун аймагында орун алган Жетим кырка тоосундагы темир кенин чалгындоо кытайлык “ТЕН-ЛИН” фирмасы тарабынан үч жыл илгери башталып, бирок өткөн жылы токтотулган. Учурда болсо кенди чалгындоо эми Нарын бийлиги эмес, Жети-Өгүз району тарабынан уруксат бергендиги айкындалды. Бирок ал жер Нарын районуна жана Нарын мамлекеттик коругуна таандык деп эсептешет жергиликтүү бийлик өкүлдөрү.

Жетим кырка тоосунун алты жеринде болжолдуу 10 -11 миллиард тонна темир бар экендиги кеңеш өкмөт заманында эле белгиленген. Бирок СССР өкмөтү бул темир кенди казуу тууралуу эч качан кеп кылган эмес. Тек жергиликтүү калкта темир кенге танапташ жайгашкан Эки-Нарын айылына суу электр станциясы (ГЭС) 2000-жылдарда курулат экен деген күбүр-шыбыр кептер гана айтылчу.

Ал эми Кыргызстан эгемендик алган алгачкы жылдардан тарта бүтүндөй Нарын дайра суу курамынын башында жайгашкан Жетим кырка тоосундагы темир кени тууралуу маалыматтар кеңири айтыла баштады. Акыры кайрадан чалгындоо иштери кытайлык “ТЕН-ЛИН” фирмасына берилип, бийлик аларга ак батасын ар тараптан жолдогон эле.

Бирок кенге тапанташ жайгашкан айыл элдери жана кендин баткалашында орун алган Нарын мамлекеттик коругунун кызматкерлери чалгындоо иштери мыйзамсыз жүргүзүлүп жаткандыктарын белгилешип, а түгүл Нарын районундагы Орток, Дөбөлү, Чет-Нура айыл округдарындагы 13 айылды кайдадыр көчүрөт экен деген аңыз кеп желдей тарай баштаган.

Акыры Нарын облустук бийликтин кийлигишүүсү менен чалгындоо иштер өткөн жылдан тарта токтотулган болучу. Ошону менен жергиликтүү калк ичинде дагы кабатырлануу тыйылган эле. Бирок быйылкы жылдын май айында Нарын районундагы Дөбөлү айыл округ башчысы кенди чалгындоого макул болуп, элден жалган кол топтоо жүргүзүптүр деген күдүк кептер тарап, натыйжада элдик жыйын да өткөрүлгөн.

-Мына ПТУ, мектеп макул болуптур деп кечээ тизмесин көрсөтүп атат, - деп маалымат берген эле Дөбөлү айылдык кеңешинин төрагасы Улан Боогачиев.

Мындай жагдайдан соң айыл округ башчысы кеп төркүнүн мойнуна алган:

Ал эми аталган айыл округ башчысы Алтымыш Мамбетисаев эки айыл округка 8 миллион сомдон беребиз дегенде кенди чалгындоого макул болгондугун да ырастаган эле.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиги быйыл чалгындоого конкурс болоорлугун ала жазда эле билдирген:

-Бул демилге көп участоктордон турат. Ошонун эң чоңу Даңгы деген участок эсептелет. Биз ошону өкмөттүн деңгээлинде тендер кылалы, конкурс жарыялайлы деп атабыз. Конкурсту быйыл өткөрөбүз, - деп маалымат берген Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин статс-катчысы Дүйшөн Кыргызбаев.

Ошентип шыбың дагы, ачык дагы кептер акыры чындыкка айланып, “МЕЙ-ЛИН” деген фирма Жетим кырка тоосунун чыгыш тарабындагы Күрмөнтү деген жерге жол салып, эч кандай документтери жок кытайлык 60 адамды иштете баштагандыгы ачыкка чыкты. Паспорту жок жүргөндүгү үчүн алардын ар бирине миң сомдон штраф салынган.

Нарын облустук ИИБ ошол жакта жүргөн 60 кытайлык жарандын кетпеген алтоо чек арадан чыгарып жибергенин ырастоодо. Ал эми калган 54 кайда экендиги белгисиз.

Эгемен өлкөнүн ичине мыйзамсыз келип өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илүү жоругуна жергиликтүү калк бушайман болуп жатат.

-Жетим-Тоо темир кенин ачып Кытай тарапка берип атышканын биздин корук зонанын кызматкерлери барып барып сүйлөшүп кетишти. Эл каршы болуп атат. Өнөктүк бүтсө эл чыгып Ак үй тарапка кайрылсакпы дегендей кылып атышат. Жол тосууга чейин барууга макулбуз деп атышат, - дейт Кайыңды айылынын тургуну Эркинбек Муңайтпасов.

Ал эми Дөбөлү айылдык кеңештин депутаты Улан Боогачиев Күрмөнтүгө чейин ат менен барчу жигиттер даяр экендигин айтат:

-Баягы күнү 44 бала ат менен чыгып эмне кылабыз дегенде, азыр кое туралы, жогору жак менен кеңешели, кандай иш чаралар болуп атат ошонун чын-төгүнүн билип алып анан баралы деп токтотконбуз. Бул жөнүндө элдин чөп жыйын-терини бүтсө андан кийин иш чараларды көрөбүз го. Негизи эл аябай каршы болуп атышат. Элдин убалына калып атышат. Муну жакшынакай сый менен токтотуп койбосо чоң чырга айланып кетиши мүмкүн.

Нарын районунун акиминин биринчи орун басары Тазабек Мамыров болсо учурда иш токтотулгандыгын билдирди:

-Жети-Өгүз районунун акиминен кагаз келди деп биз токтоттук. Дөбөлү, Орток айыл өкмөттөрүнүн башчыларына милдеттендиргенбиз, атайын буйрук чыгарып.

Жагдай боюнча Жети-Өгүз райондук акимчилигине байланышып, акимдин биринчи орун басары Акылбек Жаныбековдон төмөндөгүдөй жооп алдык:

- Минералдык ресурстар жана геология деген лицензияны бериптир. Жетим-Тоо эмес Күрмөнтү деп турат. Ошол боюнча лицензиясын алып келип комиссия карап чечимин чыгарып берип атат. Комиссиянын чечими бар 34 гектар жерге. Нарын районуна караштуу жер, бирок көп жылга Жети-Өгүз районуна колдонууга берилген, союздун убагында эле берилген. 47 миң 188 гектар Жети-Өгүз районунун эсебинде көрсөтүлүп, картасында турат. Биз ал жерди чалгындоого бердик, - деген Акылбек Жаныбеков техникалар жолдо бара жатат деп кошумчалады: - Нарындыктар суроо көтөргөн. Биз комиссияны жибергенбиз, алар барып келди. Эч качан буровой, жардыруу иштер жүргүзө элек экен деди. Бир гана техникаларын алып баратыптыр жолдо. Техника жерине жете элек.

Ал эми Нарын Мамлекеттик коругунун деректири Дамир Оморов мындай жоопко таптакыр макул эмес:

-Ал жерде геология чалгындоо эмес, керек болсо разработкага багытталган жабдуулар, техникалар көп экен. Маселен жогорку кубаттуулуктагы тракторлордон үчөө, тоонун баштарына чейин чыгып кеткен эксковаторлор. Укмуштай көп суммадагы жабдуулар келип түшүрүлгөн. Эң жаман жери ал жерде Күрмөтүнүн биринчи участогуна биринчи лагери, тоонун боорунда экинчи лагери жайгаштырылган. Экинчи лагерде экинчи контейнерде сакталып аткан Амонит-6-Ж деген маркасындагы жогорку жарылуудагы заттар алып келинип коюлган.

Нарын шаарынын тургуну, ардагер эколог Турдакун Сапарбаев кенди чалгындоо дагы тартип менен жүргүзүлүшү керектигин белгилейт:

-Ал жерде жалгыз эле темир эмес, башка кендер толтура. Бул маселени иштетүү үчүн мүмкүн булар чалгындоо менен аракет кылып атышса керек да. Эгерде чалгындоосуз иштеткенге болбойт. Экологиялык экспертиза өтөт, атайын смета, долбоорлор түзүлөт, - дейт Турдакун Сапарбаев.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG