Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:14

Нарын облусунда деле кийинки жылдары көпчүлүктүн деми менен айрым социалдык курулуштар жанданып, өкмөткө үмүт артып олтурчу токпейил тоолуктар өзгөчө зарыл иштерин өздөрү эле жасоого өтүшүүдө. Андай иштердин каржылык колдоосун эларалык уюмдар көрсөтүшөт.

“Азаттыктын” бул күнкү “коом жана турмуш” радиотүрмөгү Нарын облусуна арналат.

Эски мектеп жылуу, жаңы мектеп бүтпөй туру

Нарын менен Акталаа район борборунун ортосунда жайгашкан Учкун айылынын Эшбай Токсобаев атындагы орто мектепке быйыл жылуулук системасы орнотулду. Мурда ар бир класстагы дубал мешти түтөтүп отун жагыш түйшүгүнөн кутулушканына учкундуктар абыдан сүйүнүшүп отурган кези. Анткен менен эскилиги жеткен мектептте окуучулар үч маал окушат. Түздө жаңы мектептин курулушу качан аягына чыгары белгисиз. Бийик дөбөдөн окуучулар менен мектеп мугалимдери жаркыраган жаңы мектеп качан бүтөт, бюджеттен ага акча бөлүнөбү-жокпу суроосун алдыга жайып карап отурушат.

Эскилиги жеткен дөңдөгү мектепте болсо түн киргенге чейин окуучулардын аягы үзүлбөйт. Мектеп директору Таалай Токтогуловдлун айтуусунда, 2007-жылы мектеп курулушуна мамлекеттик бюджеттен 47 миллион сом каралган. 2007-жылы Ишенбай Кадырбеков архитектура жана курулуш агенттигин жетектеп турган кезинде курулуштун жерпайы түптөлүп, жаңы мектеп салына баштаган.

- Башталганда жакшы эле башталган. Акча жакшы эле келип аткан заказчыга. Качан И.Кадырбековду каралоо башталгандан кийин акчанын келүүсү солгундап калды,- дейт Т.Токтогулов.

Иши кылып, азырынча Каржы министрлиги менен Нарын районундагы Эшбай Токсобаев атындагы орто мектеп жамаатынын ортосунда алыш-бериш кат жүзүндө гана жүрүүдө.

Бийик дөбөдөгү мектептен кеч чыккан окуучулар үйлөрүнө жеткиче ата-энелери камтама.

Быйыл шайлоодон өтүп кетсек деп айыл-айылдарга байма-бай каттаган 29 партиянын Учкунга келген өкүлдөрүнө берилген тапшырма, өтүнүч да жаңы мектеп курулушу болду. “Непадам өтүп кетсеңер курулуштун токтоп калган акчасын котортуп, алып берсеңер” өтүнүчү партия өкүлдөрүнүн дээрлик баарына айтылды. Шайлоо өтүп, убаданы аянбай берген партиялаштардын аягы сууп, айыл мектебинин кайгайы айылда кала берди. Т.Токтогуловдун айтуусунда, болгону 6 класстын тактайы, анан кир сууларды топтоочу чуңкурду казуу жумуштары гана калган болчу.

- Заңгыраган мектеп. Буюрса бүтүп иштеп калсак спорт залы облус боюнча чоң спорт зал болот.

Таякты кетменге алмаштырганда

Учкун айылы алаканга салынгандай көрүнүп турчу бийик дөбөдөгү үч маал окуучу мектепке Балбакова Жүмабүбүнүн неберелери да барышат. Мурда колхоздун койчусу, кийин фермерлик түйшүккө кабылган Жүмабүбү Балбакова болсо айылдан кыйла окчун, бийик тоо арасындагы кой сарайда жашайт.

- 1966-жылы турмушка чыгып эле ошондон баштап дыйкан чарбага тарагыча 1992-жылга чейин койчу болуп иштедим. Жолдошум экөөбүз. 1996-жылы жолдошум өлүп калды,- дейт ал.

Колхоз тарагандан кийин 10 жанга ондон жандык, баарысы 100 баш кой алып, ошонусуна шүгүрчүлүк кылып Жумабүбү Балбакова үлүшкө тийген жерин айдап, эл катары тиричиликтин арабасын айдап келатат.

- Өзүмдүн баккан коюмду жоготпой, азыркыга чейин мынабул элим күбө кармап келе жатам.

Үлүшкө бөлүнгөн 6 гектир, кой короонун жанынан дагы 5 гектир жерди ижарага алып мээнеткеч үй-бүлө малга тоют деп эспарцет, өздөрүнө жашылча-жемиш өстүрүп, дыйканчылыктын сырын да аз-аздан өздөштүрүүдө.

- Мен ошол эспарцетти айдайм. Биздин жерде эки жылдан ашуун буудайды айдоого болбойт. Азыктуулугу түгөнүп калат,- дейт Ж.Балбакова.

Сыртынан тынч бейгам айыл турмушу ошентип өз нугунда уланууда.

Быйыл учкундуктар Улуттар уюмунун Өнүгүү программасынан 146 миң сом грант алып, өздөрү 200 миңге жакын сом чогултушуп тактай тилүүчү цех орнотуп алышты. Айыл чеги улам кеңейип, жаңыдан үй салчулар эми тактай тилдиргени алыска барып убара болбой Элмурат Баялиевдин цехине келишет.

Э.Баялиевдин өзү менен үч киши күнүнө 5-6 кубометр тактай тилип беришет.

- 5 кубдан тилебиз. Биздин айыл үчүн жакшы эле болду. Пилорам деп жүрчү. ПРООНдун салымы чоң болду. Мындан тышкары эки станокту алып келдик,- деп Элмураттын көңүлү ток.

Антип көпчүлүктүн каржылык колдоосу менен Нарын жергесинде ишке ашырылып жаткан социалдык объектилер азырынча абыдан эле аз. Облустагы жакырчылыкты азайтуу программасынын кантип ишке ашырылып жатканын мамлекеттик администрация жетекчиси Турдубек Мамбетов момундайча баяндайт.

- Эми облуста жакырчылык азыр азайды деп айта албайбыз. Облустун шарты аябай оор, анан 87% дотациядагы аймак. Мурун деле жумушсуздуктун деңгээли аябай чоң болчу. Бир да бюджет жүгүн көтөрчү чоңураак мекеме жок.

Ошол эле Улуттар уюмунун Өнүгүү программасынын алкагында үч айылда электр трансформаторлорун коюп, көпүрө, арыктарды оңдоп, бала бакча, мектептерге жылуулук киргизүү маселелери чечиле баштады.

Мектепке жол бакчадан башталат

Элдин көпчүлүгү үйдөгү тиричилиги менен алек элет жеринде бала бакчалардын иштеп турушу биралдын таңкалыштуудай сезилери бышык. А бирок үстөл четинде отуруп сүрөт тартып, ыр жаттап отурган мадырабаштарды көргөндө бул иштин маани-жайы өзү эле ачыкка чыга келет.

Атбашы районундагы Казыбек айылынын жашоочусу Доктурбүбү Сабаева бала бакча ар бир айылда ачылып, ал кышын-жайын үзгүлтүксүз иштөөсү керек деп эсептейт.

- Эми сыртта деле өзүлөрүнүн чарбачылыктары бар да. Анан мектепте иштегендер, ооруканада эмгектенгендер бар. Башка жерлерде иштегендер бар. Андан сырткары үйгө балдарын камап отургуза бербей, мобу жерден балдардын да кругозору өсүп, деңгээли жогорулаш үчүн иштебеген ата-энелер деле берет.

Атбашы районунун батыш жагындагы эң четки Казыбек айылында ушу тапта 70 баланы тарбиялаган бала бакчага 174 миң сомдук жылуулук системасы орнотулду. Андай жылуулук айылдын ооруканасына да берилген. Кыш киргени жабылып калчу мекемелердин минтип суук түшкөнү деле иштеп жатышы Казыбек акындын жердештерин абыдан курсант кылууда.

- Менин атым Дүйшөнаалы Жунусов. Ушул жердин завхозу болуп иштейм. Бая ааламга жол айылдан башталат десе, мектепке жол бакчадан башталат деп айталам. Себеби буяктан барган балдардын баары жазганга үйрөнүп, окуганга үйрөнүп, сүйлөгөнгө үйрөнүп, бири-бирине мамилеси башкача болуп калат.

Ушул эле айылдагы пенсиячы Гүлү Кадырмамбетова неберелерин эртең менен бакчага жетелеп, кечкисин алардын үй алдынан тосуп алат. Анын айтуусунда, бала бакчанын тарбиясы келечек муундун мыкты билим алышына жол ачат.

- Неберемди тарбиялап атат. Тамга үйрөтүп, жомокторду окуп берет. Сүрөттөрдү тарттырып атат. Санаганды үйрөтүп, бардык жагынан тарбиялап жатышат.

Нарын районундагы Куйбышев айылында ушу тапта эларалык уюмдардын көмөгү менен 60 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу жүрүүдө. Келерки айда бала бакча бүтүп ишке киришип калса айылдыктардын кыйладан бери көңүлүн өйүп келаткан дагы бир маселе чечилип калмак. Айыл тургуну Жибек Даированын ырасташынча, жаңы бала бакча ишке киришип калса 13 киши иш менен камсыз болушмакчы.

- 1-декабрга ачылышына берип калса Кудайга тооба деп кубанып турабыз. Ичи азыркы заманбап курулуш технологиясы менен жасалып жатат.

Таланып кеткен ГЭС

Нарын районундагы Миң-Булак айылында социализм заманында Он-Арча сайынын боюнча чакан ГЭС иштеп турган.

- Атбашы ГЭСи курулгандан кийин бул ГЭС токтоп калган. Ага чейин бул ГЭС ушул Нарын районунун өйдөңкү зоналарын бүт камтып келген. Резервде турган ГЭС болчу. Бүт бардык шайманы бар, анча-мынча оңдоолор менен эле иштеп кетмек. Анан Советтер союзу тарагандан кийин кароосуз калып, ар ким алып отурп талкаланып калды,- дейт Куйбышев айылынын жашоочусу Шарип Баялиев.

Кедейликтин дартынан кейип жаным өксүдү

Атбашы районундагы Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Максат Абылгазиев жакырчылыкты жоюу иралды мектеп, оорукана, бала бакчаны жылуулук системасы менен камсыз кылуудан, жаңыдан курулуп жаткан үйлөргө жарык жеткирип, Жаңыкүч айылына кетчү каналды оңдоодон башталганын айтып олтурду. Жакырчылыкты жоюу программасы кандай ишке ашырылып жатканын айыл өкмөтүнүн өз оозунан уксак.

-Бизде эми өтө жакыр, итке минген кедей деген жокко эсе. Бир эки үй-бүлө бар. Алар биздин көзөмөлүбүздө. Социалдык жактан аларга айыл өкмөтү деле, райондон деле жардам көрсөтүлөт. Бирок ал кишилердин өзү жалкоо десем болот.

Казыбек айылынан деле жаштардын биртобу шаарды көздөй агылган. Алардын кыйласы ошол эле Орусия же башкалаа Бишкек, Чүй боорунда орун-очок алышты. Арасынан айылына кайтып келгендери деле арбын. Аларга азыноолок колдоо деле көрсөтүлүүдө, дейт айыл өкмөт башчысы.

- Вулканизация ачып бергенбиз бир экөөнө. Жыгач иштетүүчү цехтерди алып бергенбиз. Бүгүнкү күнү ошолорду иш менен камсыз кылуу үчүн ПРООН программасынын негизинде аялдарга жүн тытуучу, кийиз жасоочу станок алып келип, ишке киргизгени жатабыз.

Атбашы районундагы Жаңы күч айылында жайкысын сугат суу тартыш. Казыбек айылынын өйдө жагынан бурулчу каналды шагыл чайкап, төмөнкү айылга суу жайкысын жетпей калат. Жаңы күч айылынын тургуну Бакыбай Аттокуров “Кытат” арыктын маани-жайын момундайча чечмелейт.

- Мына ушул “Кытат” арыктан Жаңы күч айылында 650 гектир жер суу ичет. 12 чакырым жерге суу агып барат. Кээ бир учрда суу аз болгондо сай соруп отуруп бизге аз эле суу барат. Анан бул суу график менен берилет. Кара-Булуң, Кызыл Туу, Кара-Суу, анан Жаңы күч айылдарына. Ошол айылдардын ичинен бизге 5 гана күн бир айда бир берилет.

Кара-Кечеде казыла элек көмүр толтура

Кышы катаал, жайы салкын Нарын облусунун кышка камылгасы кандайлыгын сурап облус губернатору Турдубек Мамбетовду кепке тарттык. Облус жетекчиси бюджеттик мекемелер Кара-Кече көмүрү менен толук камсыз болгонун, а бирок айылдыктарга көмүр жеткирип берүү жаатында биртоп өксүктөр бар экенин жашырган жок.

- Тилекке каршы, өкмөт токтом кабыл алып Кара-Кечени кайра жандантабыз деп 650 миллион сом бөлмөй болуп жанагы чарбадан лицензиясын алып койгон экен. Быйылкы жылга 210 миллион сом каралган. Бюджеттин тартыштыгына байланыштуу быйыл бир дагы сом бөлүнбөй калды. Өкмөт өзү ойлонуп быйыл 50 миллион сом бөлөлү деп айтышты эле. Муну жасаган жок. Экинчи жагынан жанагы көмүр казчу мамлекеттик ишкана да эчтеке кылган жок. Бир тоголок да көмүр казган жок. Өзүбүздүн резервдеги техниканы пайдаланабыз деп убада кылышкан болчу.

Т.Мамбетов көмүр казып жаткан компаниялар, өзгөчө “Шарбон” компаниясы кардарлардан кандай да болсо акча алуунун гана ыгын алып, инвестициялык милдеттенмесин так аткарбай жатканын мисалга тартты.

Кышка отун-суунун баасы күн сууктаганы кескин көтөрүлүп, ушу тапта Кара-Кече көмүрү 4 миңден 5000 сомго чейин чыгып, дагы кымбаттоонун үстүндө. Элеттиктерди өзгөчө кабатырланткан суроо көмүр баасынын көтөрүлүп, иштейт деген мамлекеттик ишкананын өкмөт акчасына үмүт артып отурушу болууда.
XS
SM
MD
LG