Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:20

Июнда Ош менен Жалал-Абадда орун алган кандуу капсалаң улуттар аралык толеранттуулук маселесинин маани-маңызын бир топ жогорулатып койду. Буга Кыргызстанда жашаган ар улуттар кантип салым кошо алышат?

Бишкектеги Ишеналы Арабаев атындагы мамлекеттик педагогикалык университетинде улуттар аралык сабырдуулукка арналган иш-чара өттү. Анда башка улуттагы студенттер салт-санаасын, маданиятын жана ашканасын сунуш кылып, ошондой эле “Азаттык” менен ой бөлүштү.

Хэсон аттуу корей кызы Кыргызстанда билим алып, ушул жакта жашап жатканына жети жылдын жүзү болуп калыптыр. Ал өзүн жарым-жартылай кыргыз болуп калдым деп эсептейт. Учурда Хэсон кыргыз тилин үйрөнүп жаткан экен. Хэсондун айтымында корейлер менен кыргыздардын салт-саанасында окшош жактары көп. Негизгиси эле улууларды сыйлоо эки улуттун тең эң башкы жөрөлгөлөрүнөн дейт ал. Ошентсе Хэсон июндагы коогалаң аларды бир топ чочутуп койгонун айтат:

- Албетте биз чет элдик адамбыз. Ошондуктан корктук. CNN деген телеканаладан абдан коркунучтуу нерселерди көрсөтүшпөдүбү. Ата-энелерибиз келе бергиле дешти. Айрым досторубуз такыр эле кетип калышты.

"Улут аралык жакшы мамиле - тарбиядан"

Ал эми азербайжан бийин чимирилип бийлеген уйгур кызы - Шадия. Ал Кыргызстанда төрөлүп, ушул жакта чоңойгон. Ал өзүн толук кандуу кыргызстандыкмын деп эсептейт. Шадия улут аралык мамиленин жакшы болушу тарбиядан деп ойлойт жана мындан аркы жоопкерчилик жаштарда деп эсептейт:

- Азыр бардыгы бизден, тактап айтканда жаштардан көз каранды. Анан ата-энелер кыргыздар кыргыздар менен, же өзбектер өзбектер менен болуш керек деп тарибялаганы туура эмес деп ойлойм. Ата-энелер биз биргебиз, бардыгыбыз теңбиз деп тарбиялаш керек. Ал эми улутчулдук деген - өзүнүн улутун гана таанып, башка улуттар улут эмес дегендей мамиле кылуу деп түшүнөм. Мен өзүмдү толук кандуу кыргызстандыкмын деп эсептейм. Мен өзүм ушул жерде төрөлгөм, ушул жерде чоңойдум. Азыр эми кыргыз тилин дагы үйрөнөйүн деп жатам.

"Азаттык": Июнь окуясын кандай кабыл алдың?

- Албетте мен тынчсыздандым, анткени менин апам өзбек. Кыргыздардан досторум көп, ошолор колдоп турушту. Ал тургай бизди коргойбуз деп үйлөрүнө да чакырышты. Мен аларга ыраазымын.

Ал эми орус улутундагы Юлия Шахова учурда бардык улуттун өкүлдөрү мурда болуп көрбөгөндөй биригип, ынтымак жашоосу керек деген оюн “Азаттык” менен бөлүштү:

- Башкалардын жеке ойлору жана амбициялары жөнөкөй элдин бирге жашоосуна жолто болуп жатат. Бул биздин жалпы достукта жашаган кыргызстандык элдерди дүйно жүзүнө абдан каардуу, негативдүү көрсөтүп койду. Чындыгында андай эмес, тескерисинче, абдан меймандос. Менимче Кыргызстандын бардык жашоочулары муну түшүнүп турат. Кыргызстан менин мекеним, мен ушул жерде төрөлгөм жана Кыргызстандын салт-саанасында чоңойдум. Мен өзүмдү өлкөмдүн потриотумун деп эсептейм.

"Билимдүү балдар адашпайт"

Ал эми Омер Фарык Карамандын Түркиядан келгенине үч жыл болуптур. Ал Кыргызстанда билим алат. Омер башка улутту жакшы көрүү үчүн анын маданиятын билиш керек деген ою менен бөлүштү.

- Башка бир улут экинчи бир улутту жакшы көргүсү келсе анын каада-салтын, маданиятын билиш керек. Биз да Кыргызстанга келип башка улуттардын, кыргыз, орус, уйгур, азербайжан туугандардын салтын үйрөнүп жатканыбызга кубанычтабыз. Ортодо жамандык деле жок, кыргыз-өзбек ар дайым тууган болгон. Эми да жакшы мамиледе жашоо үчүн аң-сезимдүү болуш керек. Бири-бирибизди анча тааныбайбыз, ошондуктан ушундай нерселер болуп атат го дейм. Жаштар билимдүү болуш керек. Билимдүү балдар эч качан адашпайт го дейм.

Улут аралык мамилени бекемдөө максатында уюштурулган иш-чара башка улуттун салт санаасын, маданиятын терең билүү менен мамыр-жумур жашай тургандыгын далилдегендей болду. Ошону менен катар иш-чарага катышкан ар кайсы улуттун жаштары ага муктаж экендиктерин көрсөтүштү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG