Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:44

Шайлоо: коопсуздук көзөмөлдө болот


Парламенттик шайлоо алдында жана андан кийин да Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнө шек келтирип, өлкөнү бөлүп-жарууга жана улут аралык жаңжалды козутууга аракет кылган партия өкүлдөрүнө катуу чаралар көрүлөт. Жагдайга жараша шайлоо токтотулуп, өзгөчө кырдаал жарыяланышы да ыктымал.

Бул тууралуу президент Роза Отунбаева 7-сентябрда Бишкекте өткөн “Мыйзамдардын сакталышы – шайлоо коопсуздугунун кепилдиги” деген аталыштагы форумда белгиледи. Форумга шайлоого катышуу ниетин билдирген 29 партиянын өкүлдөрү катышып, алардын көпчүлүгү добуш берүү учурунда административдик ресурс колдонулат деген кооптонууларын билдиришти.

Форумда 10-октябрда боло турган парламенттик шайлоодо болуп кетүү ыктымалдыгы бар тополоңдор менен ызы-чууларды алдын алуу, шайлоодогу коопсуздук маселеси талкууланды. Форумга катышкан президент Роза Отунбаева алдыдагы шайлоо өлкөдөгү демократияны өнүктүрүү жана жалпы Кыргызстан тагдыры үчүн өтө маанилүү экенин белгиледи. Президенттин айтымында, шайлоонун ачык жана айкын өтүшү үчүн өкмөт бардык чараларды көрөт:

- Жаңы бийлик тең укуктуу шарт түзүп берүүгө жана бардык саясий күчтөр менен конструктивдүү кызматташууга даяр. Биз прогрессивдүү бардык күчтөрдү өлкөнү жаңылоо багытында биргеликте иштешүүгө чакырабыз. Биз шайлоо ачык, калыс жана акыйкат өтүшү үчүн бардыгын жасайбыз. Коррупцияны алдын алуу боюнча бардык чаралар колдонулат. Эгер кайсы бир партия добуштарды сатып алуу же шайлоочуларды коркутуу менен алектенсе, мен эскертип коеюн, биз мыйзамдын негизинде катуу чараларды көрөбүз.

Роза Отунбаева губернатор, акимдер шайлоого процессине кийлигишпеши керектигин, жооптуу кызматта отуруп, бирок партиянын атынан шайлоого кетип жаткандар болсо кызматын тапшырып бериши зарылдыгын белгиледи. Роза Отунбаеванын айтымында, саламаттыкты сактоо, билим берүү мекемелери шайлоо процессине эч катышпашы керек.

Коопсуздукка катуу көңүл бурулат

Шайлоо учурунда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн милиция күчөтүлгөн режимде иштейт. Бул үчүн милициянын райондук бөлүмдөрдүн кызматкерлери атайын окуудан өтүп жатышат. Ал эми шайлоо өнөктүгү учурундагы мыйзам бузууларды БШК катуу көзөмөлдөйт. Эгер шайлоо учурунда өлкөнүн мамлекеттүүлүгүнө шек келтирген жагдайлар жарала турган болсо шайлоону токтотулуп, өзгөчө кырдаал киргизилиши ыктымал.

- Мен саясий партиялардын жетекчилерине жана бардык өкүлдөрүнө шайлоо өнөктүгү учурунда да, шайлоодон кийин да өлкөнү дестабилдештирүүгө алып келген иштерди жасабоого кайрылат элем, ал тургай талап кылам. Өз максатыңарга жетүү үчүн элдин сезими менен ойноп, бири-бирин кагыштырбагыла. Бул шайлоо Кыргызстандын тагдырын чечер окуя болуп жатат. Аны биз эле эмес, башка өлкөлөр да көз салып турган чагы. Улут аралык байланышты саясатташтырбоону суранам. Ар кандай саясий күчтөрдүн ушундай аракеттеринин алдын тосууга Конституция мага президент катары катуу чараларды көрүүгө укук берет. Эгер маселе мамлекеттин бүтүндүгүндө, биримдигинде болуп калса биз өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизебиз.

Өзгөчө кырдаал киргизилген шартта өлкөдө шайлоо өтпөйт. Роза Отунбаеванын айтымында, кыргыз армиясы, чек ара кызматы мамлекеттик чек араны көзөмөлдөп турат. Азыркы тапта тыштан кол салат деген коркунуч жок. Ошондой эле форумда БШКнын жоопкерчилиги да белгиленип, шайлоочулардын тизмесинин кыска убакыттын ичинде такталып, аныкталып чыгуу зарылдыгы айтылды.

Ал эми форумга катышкан партиялардын өкүлдөрүнүн көпчүлүгү шайлоо учурунда административдик ресурс колдонулат деп кооптонууда. Бул себептен алар добуш берүү учурунда бармакка көзгө көрүнгөн белги коюу ыкмасын сунушташты. Бул кара сыя болушу ыктымал. Мындай сунушту укук коргоочулар да колдошту. "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова бул ыкманы административдик ресурска бут тосуунун бир жолу катары баалады:

- Шайлоо абдан жаңжалдуу абалда өтүп жатат. Партиялар көп. Бул жерде абдан курч күрөш болгондон кийин ар бир шайлоочунун добушу аларга негизги добуш катары эсептелет. Ошондуктан көзгө көрүнгөн сыя коюу ыкмасы менен биз бир адамдын эки же он жолу кирип добуш беришине бут тосо алабыз.


Мындай ыкма башка жаңжал чыккан өлкөлөрдө да шайлоо учурунда колдонулуп келген. Анткен менен БШК төрагасы Акылбек Сариев комиссиянын 6-сентябрдагы отурумунда бармакка белги коюу үчүн түссүз сыя колдонуу туурасында токтом чыкканын, бирок бул маселе комиссиянын кийинки отурумдарында кайра караларын “Азаттыкка” кабарлады. А.Сариевдин белгилешинче, көзгө көрүнгөн белги коюп, бул маселени чоң талкууга айлантууга негиз жок.

Укук коргоочу Азиза Абдырасулова кыйчалыш кырдаалда ар бир административдик ресурс чоң коркунучту жаратышы ыктымалдыгын белгиледи:

- Административдик ресурсту колдонуу - бүгүнкү күндө парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын ресурсун колдонуу дегендик. Шайлоого ар бир айыл эмес, ар бир көчө, үй-бүлө катышат. Ошондуктан бир кичинекей нааразылык мамлекеттик деңгээлден ар бир көчөгө чейин, өлкөнүн булуң-бурчуна чейин жетип калышы ыктымал.

Анткен менен ички иштер министри Кубатбек Байболов коомчулукта шайлоо учурунда болуп кетүү ыктымалдыгы бар тополоңдорду алдын алуу иштери жүрүп жатканын, кырдаал көзөмөлдө экенин белгиледи.

- Биз болгон аракетти жасайбыз. Жалпы министрликтин багыты - тартипти көзөмөлдөө, шайлоону уюштургандык жана мыйзамдуу негизде өткөрүүгө көмөк көрсөтүү. Даярдык жакшы, болгон күчтү жеткиликтүү деңгээлде даярдап жатабыз. Бул айдын аягына чейин толугу менен даяр болот. Милиция органдары, сот, болбой баратса армия бар. Канткен менен мамлекетбиз да. Бир топтордун тополоңунан коркуп, мынчалык дүрбөгөн туура эмес.

Форумда коомдогу стабилдүүлүк, шайлоо учурундагы ачыктык жана айкындык массалык маалымат каражаттарына да байланыштуу экени белгиленди.

XS
SM
MD
LG