Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:23

ЖОЖ: ректорду алмаштыруудан сумма өзгөрөбү?


7-апрелдеги окуялардан кийин Бишкектеги бир катар жогорку окуу жайдын жетекчилери алмаштырылды. Ушу күндөрү бул окуу жайларда ректордук кызматка байланыштуу талаш-тартыштар басылбай келет. 23-апрелде Улуттук университеттин бир катар окутуучулары бул тууралуу убактылуу өкмөткө кайрылуу жолдошту.

Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин 500гө чукул кызматкери убактылуу өкмөткө кайрылуу жолдоп, мурунку ректор Досбол Нур уулунун командасын негизги кызмат ордуларынан кетирүү талабын койду. Кайрылуу ээлери окуу жайда ректорду мурда президент дайындап келгенин айтып, мындан ары университеттин жетекчиси шайлоо аркылуу кызматка отурушун талап кылышты.

Аталган окуу жайдын чет тилдер факультетинин окутуучусу Алиман Кошалиева “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Шайлоого барабыз. Ачык шайлоо жүрсүн. Анан бизге тыш жактан алып келгендин кереги жок. Бизде деле жаш окутуучулар бар. Ошолор өссүн. Мисалы, бизде шайлоого бара ала турган көп эле мугалимдер бар.

Кошалиеванын билдирүүсүндө азыр окуу жайды мурунку ректор Досбол Нур уулу алып келген команда башкарып жаткандыктан коррупциялык система жоюлбай жатат. Ал турсун кабыл алуу комиссиясынын төрагасы да шашылыш шайланып, абитуриенттерди кабыл алууда акча берип окууга өткөрүү көрүнүштөрү кайталанганы турат.

Андыктан Улуттук университеттин айрым кызматкерлери учурда ректордун милдетин аткарып жаткан ректорду, проректорлук кызмат ордун аркалап жүргөн адамдардын баарын иштен алып, ордуна окуу жайдын профессордук-окуутучулар курамынан бирөөнү убактылуу бекитинүү талап кылууда.

Мындан тышкары кайрылуу ээлери убактылуу өкмөттөн Жусуп Баласагын атындагы университеттин ректорун 2003-жылы кабыл алынган “Билим берүү” тууралуу мыйзамдын негизинде шайлоо аркылуу кызматка отургузуу сунушун айтып жатышат.

Буга чейин улуттук деген макамы бар жогорку окуу жай жетекчилерин президент өзү дайындап келген. Ректорду шайлап алууда академиялык эркиндиктин жоктугу шайлоо маалында студенттик коомчулукту жана окутуучулар курамын административдик ресурс катары колдонууга жол ачып келген. Бул туурасында Кыргыз Техникалык университеттин Кесиптик кошуундар төрагасынын орун басары Кубаныч Койчуманов “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Ректор бекитме болсо “өйдө жактын” сөзүн сүйлөмө болуп калат. Мисалы, былтыр президентти шайлап жатканда “өйдө жактан” буйруктар тушкөнбү, ар бир окутуучу үчтөн адамдын фамилиясын жазып беришкен эле. Экинчиден студенттерди жайында окууга калтырганбыз.

Койчуманов Техникалык университетте да ректорлорду кызматтан алууга байланыштуу талаштар уланып жаткандыгын билдирет:

7-апрелдеги окуялардан кийин Кыргыз улуттук университетинин башчысы Досбол Нур уулу, Дене-тарбия академиясынын ректору Валерий Ким, Кыргыз Техникалык университеттин жетекчиси Мураталы Жаманбаев, Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университеттин ректору Аскарбек Бекбоев, Президент алдындагы Башкаруу академиясынын ректору, профессор Адылбек Султанбеков кызмат орундарынан кол жууган эле.

Билим берүү жана министрлигинин буйругу менен бул жогорку окуу жайларындагы жетекчилик кызматты учурда проректорлор аркалап жатышат.

Ал арада студенттер арасында ректорлорду алмаштыруу боюнча бирдиктүү пикир жок. Бирок алардын көпчүлүгү ЖОЖ жетекчилигин шайлоо эмес, дайындоо жолу менен кызматка отургузууну эп көрөт.

Салтанат: Мен ректор алмашканына терс карайм. Иштеп жаткан адамды жөн эле коюшса болмок. Өкмөт алмашса да ректорлорду тим коюшса эле болмок.

Руслан: Мен Бишкекте ректорлордун алмашылып жатанына түз эле көз караштамын. Анткени жаңы келген ректор жаңыча иш баштайт деп ойлойм. Университеттерде пара алуу күчөп кеткен. Балким ошону менен пара алуу жоюлаар.

Жаннат: Ректорлор алмашып атат деп айтып атышат. Бирок мен мындан студенттерге эч нерсе деле өзгөрбөйт деп ойлойм. Натыйжа болбойт.

Айбек: Менин оюмча ректорлорду жайына деле коюшса болмок. Анткени аларда стаж бар. Тажрыйбасы бар. Жаңы ректор келип баарын жаңыдан баштап, ишке сүңгүп киргиче убакыт өтөт. Окууга ал өзүнүн таасирин берет. Алмаштырбай эле койсо. Кийин деле Билим министрлигинен дайындап бериш керек. Шайлаганда бизде трайбализм күчтүү. Баягы эле тууганчылык, тааныш-билүүчүлүк башталат.
XS
SM
MD
LG