Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:53

Жер көчкүчө, эл көчкөнү жакшы го...


Аксы районунда 16-апрелдеги жер көчкү 16 кишини басып калган

Аксы районунда 16-апрелдеги жер көчкү 16 кишини басып калган

Адистер түштүк облустарында табигый кырсыктардын күчөгөн тенденциясын белгилеп, опурталдуу аймактарда жашаган калкты коопсуз жайларга токтоосуз көчүрүү зарылдыгын эскертишүүдө. Ошого карабастан көпчүлүк тургундар эски журттарында калып, өмүрүн тобокелге салып жашоосун улантууда.

Чукул кырдаалдар министрлиги акыркы мезгилде жаратылыш апаатына ыңгайлуу шарттар түзүлө баштагандыгын улам-улам эскертүүдө. Тилекке каршы, мындай кабатырланууга кооптуу аймакта жашаган жарандар кулак салбай келатышат. Бул туурасында министрликтин мониторинг департаментинин бөлүм башчысы Искендер Матазимов төмөнкүлөрдү баян этти:

- Акыркы жылдары табигый кырсыктардын өсүү тенденциясы кетип атат. Мисалы, көчкү, жер көчкү, кар көчкү, сел, суу ташкындары, таш кулоо, кыртыш сууларынын деңгээли көтөрүлгөн аймактар аябай көп болуп эсептелет. Ошондой алганыбызда жалпысынан 5 миңге жакын кооптуу участка болсо, анын 70 пайызга жакыны республиканын түштүк регионуна таандык болуп эсептелет. Кооптуу участкадан көчүрүлүп чыгып кетсин деп берген эскертмебизге. Ошого карабастын ал жерлерде элдер жашап келе жатышат дагы эле.

Чукул кырдаал министрлигинин өкүлүнүн жергиликтүү калктын дарегине айткан дооматына макул эместер табылды. Алардын бири – Таасылкан Абдылдаева Алай районундагы Кыр-Кол айылынын тургуну. Ал жашаган кыштакта 2004-жылы көчкү жүрүп, 24 үй-бүлө баш паанексиз калган. Ошонун төртөөнө гана жер бөлүшкөн. Калган жыйырма кожолук ар жакта өлбөстүн күнүн көрүүдө. Мисалы, Таасылкан күйөөсү экөө Кара-Киндик жайлоосун мекендегенине беш жылга аяк басты:

- Үй салалы десек жер жок. Жер, же акча бергиле үй сатып алалы десек, беришпейт. Сертификаты чөнтөгүбүзгө салып алып жүрөбүз. Эки-үч жолу акимчиликке, МЧСтин жетекчилерине кайрылдык, чечишпейт, - дейт ой баскан Таасылкан Абдылдаева.

Ал эми былтыр кыштагы зилзалада толук кыйраган Тогуз-Булак айылынын жашоочусу Алтын Жороева Өкмөт жердештерине сунуш эткен Кайрагач конушунун климаты катаалдыгын, суу жана жайыт тартыштыгын, ошон үчүн 200 чакты түтүн эч жакка жылбай тургандыгын ачыктап, ошондой эле кокус жер титирөө кайталанса, ага бийлик жоопкер экендигин баса белгиледи.

Ушул эле райондун жер титирөөдөн жабыркаган Кара-Сөгөт кыштагынын тургуну Ыкыбал Эргешованын кебине карганда, коопсуз жайга көчүү айылдаштарынын ниетинде бар, тескерисинче, алардын маселесин аким жана губернатор себепсиз кечеңдетүүдө:

- Чондордон дайын жок, 2-3 жолу арызданып барышты. Көбүрөк арызданса, силерден башка жерлер минтип атат туруп тургула дейт. Айлабыз жок.

Ош облустук бийлиги өз кезегинде Чукул кырдаал министрлигинин да, кырсыктан жапа чеккен жердештеринин да тынчсыздануусун четке какты:

- Бүгүнкү күндө биз баарыбыз страхованиеге өтүшүбүз керек. Эл бир нерсе болсо эле баарына мамлекеттен үмүт кылып жатат. Эгер ошол үйлөр убагында страхованиеден өтсө, мындай маселелер бүгүнкү күндө көтөрүлмөк эмес, - дейт «Азаттыкка» облус губернаторунун биринчи орун басары Айтмамат Кадырбаев.

Ошол эле учурда жергиликтүү талдоочулар тиешелүү органдардын эскертүүсүнө карабастан кооптуу жайларда жашап же эски опурталдуу конуштарына кайтып жаткандарга карата бийлик чукул чараларды көрбөсө, кайдыгерлик кайгылуу окуяларга кириптер кылышы ыктымалдыгын айтышууда.
XS
SM
MD
LG