Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Райкомолдо көчкү коркунучу элге эскертилген эмес


Бүгүн жер көчкүдөн каза тапкан аксылык он алты адамдын сөөгү жерге коюлду. Набыт болгондорду акыркы сапарга узатууга катышкан мамлекетттик катчы Досбол Нур уулу жабырлангандарга керектүү жардамдын баардыгы бериле тургандыгын билдирди. БЭКтин штаб жетекчиси А.Бекназаров бийлик кырсыктын алдын алалбай жаткандыгын сындады.

Аксы районунда жер көчкүдөн бейажал кеткендердин арбагына бүгүн түш маалда куран окутулду. Аларга топурак салуу каадасына караламан калк менен мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу жана БЭКтин штаб башчысы А.Бекназаров катышты.

Бекназаров бийлик кырсык болгондон кийин жардам берүүгө камынат деп сын айтты. Анын маалыматы боюнча райондо опурталдуу жерлерде 200 үй-бүлө жашайт. Алардын көбү 1998-жылдан (он жылдан ашык убакыттан бери) өкмөттүк жардамдарды алалбай келүүдө. Ошолорго каралган акчанын тең жарымын жумшап, алдын алуу иштерин жүргүзсө, 16 адам жер көчкү алдында калмак эмес.

16-апрелде райондун Райкомол айлынын он алты тургуну эки миллион чарчы метр көчкү алдында калышып, көз жумган. Алардын улуусу 81 жашта, кенжеси 6 айлык бөбөк.

- Бул кырсык айтпай келиптир, чыдабаска айла жок. Президент кайгыңарды бөлүшөт. Атайын жөнөттү. Эмне кемчилиги болсо баарын биз толуктап беребиз, - деп айтты Досбол Нур уулу.

Мамлекеттик катчы жабырлануучуларга компенсация төлөнүп берилерин жана үч үй өкмөттүн эсебинен кайра тургузуларын айтканын облбийликтин маалымат катчысы Орозалы Карасартов маалым кылды.

Көчкү түшкөн «Кош алмурут» адырынын өңүрүндө мурда болгон үч үйдүн ээлери башка жакка көчүрүлүп, өкмөт турак-жай курууга каражат берген. Бир нече туугандарынан айрылган Уралбай Раимбеков ошондо эмне үчүн «Ак жол» суусунун боюнда тургандарга капилет болчу кокустук тууралуу эскертилбегенине капа болду. Анын пикиринде айылда жер көчкү жүрчү жерлер алдын ала изилденсе болмок:

- Мурда алдын ала айтылган эмес, бул жер көчпөйт деп койгон. “Мертвое поле” деп коюш керек болчу, бул жерде жашоого болбойт.

Жер көчкү баскан үйлөр жаңы жана зилзалага да чыдамдуу болуп курулган. Көчкү алдынан набыт болгондор табылган сайын Айнагүл Бөкова сай-сөөктү сыздатып ыйлап турду. Анын иниси (өзү, аялы, үч баласы) үй-бүлөсү менен көчкү алдында калган.

Көчкүнүн бир учу Жаналы Ажиевдин үйүн титиретип, жарака салып, каалгасын тосуп калган. Кокустук болгонун 16-апрель түнкү саат үчкө чамалаш билген Жаналы үй-бүлөсүн терезеден чыгарып, кырдагы инисиникине жеткирген да, айылдагыларды ойготкон.

- Түндө тарсылдап келип калдыр-шалдыр болуп токтоду, эшикти ачайын десем ачылбай калды. Айнектен бала-чакамды алып чыктым. Аларды коюп коюп агамдын үйү жагына келсем, жер тегиз болуп калыптыр, аркы жакта эжем жашачу, ал жака барсам да тептегиз болуп калыптыр.

БЭКтин Аксы районундагы өкүлү Кубаныч Маматкеримовдун ою боюнча жер алдында калгандарды издөө ишинде кыйла кемчилик кеткен:

- Эки гана носилка иштеп атат, тигил жерде капка салып топурактарды алып атышат. Бийлик ушундай кокустук болгондо мобилдүү жардам бере тургандай кылып, вертолет болсо, тийиштүү адамдар учуп келгенде куткаруучулар балким адамдарды куткарып калмак. Мындан аркысын жогорку бийлик эске алып, ушул жактарын ойлонуштуруп тереңирээк иш алып барса, адамдарды куткаруу иштеринде жакшы иштер жүрмөк.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG