Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:51

Абийир азабы


Гезиттер болуп өткөн шайлоонун жүрүшүн жазып чыгышты.

“Кийинки президентке экономикасы өнүккөн, туруктуу кырдаал түзүлгөн өлкөнү өткөрүп берем”. “Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санын Курманбек Бакиевдин кечээки шайлоодо добуш бергенден кийин ушинтип сүйлөгөн сөзү менен жаңы санын ачып, шайлоого байланыштуу “канадалык сенатор шайлоого байкоочу”, “Ала Тоодо шайлоо активдүү өттү”, “102 жаштагы карыя добуш берди”, “Активдүүлүк байкалды”, “Элдин маанайы жакшы” деген макалалардын топтомун жарыялады. Гезиттин бул санынан “Арал деңизинин соолушу, аны сактоонун жолу” деп аталган экономика илимдеринин кандидаты Бекташ Кылычбековдун макаласы, ж.б. материалдар менен да тааныша аласыздар.

“Айат пресс” гезитине УТРКнын баш деректири Мелис Эшимкановдун “Азыркы оппозиционерлер пенсияга чыкса” деген аталыштагы маеги жарык көрдү. Оппозицияга баасын берген Эшимканов алардын баарын пенсияга чыгышы керек деп эсептээрин, Адахан Мадумаров бир кезде Акаевдин кадрларын ойноочу картага салыштырып, “беттери айрылып калса деле баягы эле “валет”, “дамалар” жүрөт дегенге окшоп калганын, ошон үчүн алардын ордуна жаштар келиши керектигин белгилеген.

Текебаев, Атамбаев, Бекназаровдор тынч эле коюн багып, огородун карап, эс ала турган кездери келди деп, өзү да ресурсун түгөтүп бүткөнүн, президент Бакиев алардын канчасына “элчи бол”, “министр бол” деп сунуш кылса көнбөй коюшканын эстеп, өзү жакында президентке кирип, “көлдүн Көк-Жайыгына кыргыздын мыктыларын чогултуп, мал союп, Назарбаевди, Раззаковдун кызын, Масалиевдин баласын, Усубалиевди, Акаевди чакырып сүйлөшүңүз, улам кеткендерибизди эле жаманатты кыла бербейли деңиз” деп айтса Бакиев: “кызык экен, бирок азыр эртерээк го” дегенин, анткен менен маселе бышып калганын, президентке бул ойду дагы кирип айтарын кошумчалаган.

“Агым” гезити “Шайлоодон кийин кырдаал кайсы багытта өнүгөт?” деп ойлойсуз? Жеңилген тарап эмне кылышы мүмкүн?” деп суроо салды.

Коомдук ишмер Карыпбек Алымкулов: - Жеңилген тарап чындап эле утулганын мойнуна алышы зарыл. Мөрөйгө жетпей калганына чычалап, мыйзам бузууларга барса, кылган күнөөсүнө жараша жооп берет.

Депутат Жангороз Каныметов: - Бийликтен дагы элдин жыргалчылыгы, бейпилдиги жогору турарын унутпасак. Бийлик башына келген адам атаандаштарын куугунтуктарына ишенбейм.

Саясат иликтөөчү Токтогул Какчекеев: - Эгер К. Бакиев кайрадан бийликке келсе оппозицияга кысымын күчөтпөйт. Тескерисинче алар менен бир мунасага келиши мүмкүн. Анткени дагы катачылыктарга жол берсе 2005-жылдагы март ыңкылабы кайталанып каларын а киши жакшы билет.

Коомдук ордо кеңешинин комиссия төрагасы Жаркынбек Касымбеков: - Менимче абал тынч эле болот. Жер-жерлерде шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор чакан саясый акцияларды өткөрүшү мүмкүн. Бирок массалык түрдө пикет-митинг өтпөйт деп ойлойм.

“Учур” гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев: - Кырдаал кандай өңүттө өзгөрөрүн эл чечет. Президенттикке талапкерлердин артында электораты канчалык болсо ошого жараша саясый аба ырайы жаралат. Ошондой эле оппозициячыл маанайдагы талапкерлерди куугунтуктоо күчөшү мүмкүн. Бирок ал көпкө созулбайт. Себеби Кыргызстандгы кырдаалга Орусия, Кытай, Америка өңдүү ири державалар назар салууда.

Саясат иликтөөчү Жыргалбек Турдукожоев: -Адегенде тактыга ким келгенин билели. Анан ошого жараша калган суроолорго жооп берген оң болот го.

“Агымдын” кабарчысы менен чакан маек курган депутат Аскар Салымбеков буга чейин айрым маалымат каражаттарындагы Аксай, Арпа жайлоолорунун айланасындагы аны ала жыгылган сөздөр көралбагандардын ушагы экенин, анын оюнча бир сантиметр да жер кетпеш керектигин, жаза тайып ушак чынга айланып калса өзү эл менен бирге болорун, Аксай, Арпадан кытайга эч кандай жер берилбейт деп ишенимдүү айтарын билдирген.

“Эл сөзү” гезити Эртабылды Аттокуровдун “Таппасаң кайсалап кал” же таза шайлоонун ыпластыгы” деген макаласын, Атамбаев менен кыска интервьюну жана башка материалдарды сунуш кылды.

“Назар” гезити шайлоо тилкелериндеги жана элет жерлериндеги мыйзам бузуулар тууралуу кабарлап, эркин журналист Үсөн Касыбековдун “ОБОНчулук” деген эмне?” Ал кантип саясый-информациялык айдыңга айланды?” деген көлөмдүү макаласын басып чыкты. Автор бийлик опппозицияга каршы колдонуп келаткан саясый куралдардын бири катары коомчулукка таанылган, балит технологияларга негизделген, моралдык-этикалык жактан мандемдүү долу катындардын ОБОН деп аталган өзгөчө тобун кең-кесири талдоого алган. Публицист Кален Субановдун мурдагы сандан бери келаткан “Кыргызстанды колонияга айлантуунун “рубин” долбоору деп аталган, “Кут” партиясынын лидери Болот Жанузаковдун “Кыргыздын кыргыз деген душманы бар” деп атлган макаласы басылды.

Гезит “Президенттик шайлоо өттү. Эртең абал кандай болот?” деген суроо менен айрым саясатчыларга собол таштады.

Исмаил Исаков: - Эл ушул күндү чыдамсыздык менен күткөн. Бирок аларга бийлик эркиндик берген жок. Шайлоо Кыргызстандын тарыхында болуп көрбөгөндөй ыплас, басмачылык жол менен өттү.

Өмүрбек Текебаев: - Эл укуктары тебеленсе көтөрүлүшү мүмкүн.

Клара Ажыбекова: - Коомдук жагдай туруктуу эле болот. Эл көчөгө чыгат деп ойлобойм.

Топчубек Тургуналиев: - Бийлик элди өзү төңкөрүшкө түртүп атат.

Улан Карыпбеков: - “Кыргыз тарыхындагы шайлоолордун эң кири, булганычы болуп өттү” деп тарых барактарына жазыла турган болду.

“Кыргыз руху” гезити “КМШ президенттери Ысык-Көлдө К. Бакиевдин туулган күнү менен инагурациясын өткөрүшөбү?” деген темада башкы редактор Айзада Абазованын макаласын сунуштады. Автор Бакиевдин аналитиктери анын шайлоодо сөзсүз жеңерин айтып, инагурациясын туулган күнүнө тууралашканын, бийлик серепчилери алтургай канча пайыз менен утарын да дайындап коюшканына токтолуп, келе турган меймандар экзотика көрүп, ичип-жеп кетиш үчүн келишерин кеп кылган.

Ушул эле санга Азизбек Келдибековдун “БЭКономика же БЭКтин экономикалык саясаты” деген макаласы, Азимбек Бекназаровдун “Тарыхый шайлоого айлантабыз” деген шайлоого чейин берген интервьюсу да тартууланды.
XS
SM
MD
LG