Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:00

Үйдө отуруп эле көп акча табууну сунуштаган компаниялардын көбү тармактык сооданын принциптерин колдонот. Кыргызстанда да ошондой жумуш сунуштаган жарнамалар бар. Статистика боюнча андай сунуштардын ондон тогузу тармактык сооданы колдонгон уюмдар экен. Сооданын бул түрү чын эле эффективдүү жана коопсузбу?

Кыргызстанда тармактык маркетинг же орусча айтканда “сетевой маркетинг” деген сооданын түрү бар. Азыр өлкөбүздөгү көптөгөн компаниялар өздөрүнүн продукцияларын тармактык маркетингдин принциптерин колдонуп сатууда. Сатуучулар, маркетинг термининде дистрибьютор, же мындайча айтканда таркатуучу деп аталат.

Кээ бир адамдар тармактык маркетингди каржы пирамидасынын бир түрү деп коркушат. Чынында эле кээ бир уюмдар алдамчылык жолу менен ири өлчөмдөгү акчаны тартып алат да, анын дайыны жоголот. Эрнистин достору да ошондой алдамчыларга кабылган экен:

- Мындай окуя менин тааныштарымдын тажрыйбасында болгон. Группалаштарым бир фирмага кирип, мени да чакырган. Өздөрү акчасын төлөшүп, ошол жерде аралашып жүрүштү. Көп эле акча коротушту. Кийинчирээк уксам аларды сызга отургузуп кетишиптир. Эки ортодо алар же акчасынан жок, же жумушунан жок калышты. Жөн жерден эле убактысы да, акчасы да короду.

Каржы полициясынын басма сөз катчылыгы андай компаниялар адамдарды алдаган учурлар катталбаганын билдирди.

Эгер Кыргызстанда иштеп жаткан компаниялардын ишмердиги мыйзамдуу болсо, анда эмнеге көпчүлүк тармактык маркетинг деген сөздү укканда жалкыгансып, колун шилтейт? Борбордук Азиядагы Америка Университетинин психология бөлүмүнүн студенти Фаризат Сырдыбаева мындай көрүнүшкө ошол бизнестин туура эмес жарнамалары күнөөлүү дейт:

- Тармактык маркетингге кирерде адамдарга компаниялар жомоктогудай байлыкты жана акчаны убада кылат. Эң кызыктуусу - ал акчаны жумуш кылбай, үйдө отуруп эле тапканга мүмкүн деп алдашат. Чынында ал жакта иштесең аябай чуркап, элдерди ынандырышың керек. Негизи эле көп акча табыш үчүн көп иштеш керек. “Такыр эле иштебей акча тапкың келеби?” деген жарнамалар жана куру сөздөр элдерди качырат.

Бирок буга карабастан тобокелчиликке салып, мындай бизнеске кирип жаткан адамдар аябай көп. Айрым адистердин айтымында, эгер компания акчанын ордуна кандайдыр бир продукция сунуш кылбаса, анда ал кооптуу бизнес жана анын артында ким турганы белгисиз.

Мирбек аттуу жаш экономист маркетингдин мындай түрү сатуучуга да, керектөөчүгө да пайдалуу деген ойдо, себеби сатып алуу процесси алардын ортосунда түздөн түз өтөт:

- Тармактык меркетинг деген, менин оюмча, бул - замандын талабы. Анткени кандай гана ишкер болбосун ал өзүнүн чыгашаларын азайтууга аракеттенет. Мунун жакшы жагы бир нерсени сатып алып жаткан адам ашыкча акча төлөбөйт, себеби чынында ижарага төлөгөн акчаны сатуучу төлөбөйт. Ал жөн эле ошол бааны товарга кошуп коет. Аны сатып алуучулар төлөйт. Эгер ошол эле товар башка жол менен келе турган болсо, анда ал албетте кымбат болмок. Менимче, эгер бул нерсе өнүгүп жатса бардык тоскоолдуктарды жоюп, оң жолуна коюп коюш керек го.

Тармактык маркетингдин принциптеринин негиздөөчүлөрү – америкалык Ли Митингер жана Уильям Кэсселбери. Алар 1945-жылы “Нутрилит продакц” аттуу компаниянын продукциясын дистрибьютор болуп сатып баштаган. Ошондон тартып бул сооданын түрү дүйнө жүзүнө тарап, өнүгүп келе жатат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG