Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:28

И. Исаков: Коомдук палата - тоталитардык коомго карай жол


“Жаңы Кыргызстан” партиясынын баш катчысы Исмаил Исаков президенттин Коомдук палата жөнүндөгү демилгесин бийликтин камчысын чаап, оппозицияга каршы турган орган түзүү аракети катары сынга алды.

- Исмаил мырза, президент акыркы эки күндө Коомдук палата, башкача айтканда ордо кеңеш түзүү тууралуу жардык чыгарды. “Жаңы Кыргызстан” партиясынын негиздөөчүсү, өзүнүн кеңешчиси Үсөн Сыдыковду ардактуу эс алууга кетирди. Бул эки окуяда жалпылыктар жокпу, кандай дейсиз?

- Албетте, президенттин элдин муңун угуп, мамлекеттик кызматкерлердин иштегендерин көзөмөлгө алуу максатында түзөм дегени жакшы нерсе. Бирок, бүгүнкү күнү мунун түзүлүшү абдан коркунучтуу деген ой-пикир бар. Себеби, оппозициялык партиялар, мамлекеттик эмес уюмдар, Жогорку Кеңеш, жашыруун органдар көзөмөлгө алган эсеп палатасы туруп, алардын сөзү жетпегенден кийин жанагы коомдук палатаны түзүү авторитардык өлкөдөн тоталитардык өлкөгө кадам шилтөө деп билсе болот. Бул биринчиден. Экинчиден, илгери Акаев учурундагы “дүжүр чалдар” азайып бараткандыктан, бийликти мактаттырып, оппозицияга каршы чыгара турган бир орган керек болуп калды деген пикир жаралып атат. Ошондуктан анын бүгүнкү түзүлүшү натыйжа бербейт.

Ал эми Сыдыковдун кызматтан кетүүсү боюнча. Ар бир киши эртедир-кечтир пенсияга чыгат. Жашы жетип калган. Ошого карабастан менин оюмча ал кишинин тажрыйбасын, билимин колдонуп иштесе болот эле. Эми эмне кылабыз, ушундай жардык чыгыптыр. Бир гана ойлонто турган нерсе – үчүнчү даражадагы “Манас” орденинин ордуна "Элдик баатырды" берип койсо жакшы болмок. Себеби элдик революцияда эмгеги абдан чоң болчу.

- Үсөн Сыдыков менен сиз сүйлөшө алдыңызбы кечээки президент менен жолугушуусунан кийин? Анан анын кызматтан кетиши “Жаңы Кыргызстандын” көз карашына байланыштуу эмес бекен? Анан ал кишинин мындан аркы ишмердүүлүгү партия менен байланыштуу болобу-жокпу? Же коомдук палатага кетеби?

- Албетте, "шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" деген кыргызда жакшы сөз бар. “Жаңы Кыргызстандын” позициясы да таасир этти го деген менде пикир бар. Ал эми мындан кийинки кадамдары кандай болорун өзү билиши керек. Мен ал киши менен кечээ жолугууга мүмкүнчүлүк болбой калды. Жолугушууда ал киши менен ушул маселелерди тактап, өзү дагы айтса керек.

- Оппозицияда жүргөн мурдагы депутат Замирбек Эсенаманов аким болду, айрым талдоочулар президент оппозициядан, сынчыл көз караштагы саясий күчтөрдү өзүнө тарта баштады деп атышат? “Жаңы Кыргызстанга” кандайдыр бир сунуш түшкөн жокпу? Мен жанараак Үсөн Сыдыков коомдук палатага барбайбы деп ушундан улам сурадым эле.

- Мен айтаар элем, Үсөн Сыдыковго үчүнчү даражадагы “Манас” орденин бериши - ошол сунушу деп ойлойм, биринчиден. Экинчиден, бизге конкреттүү сунуш түшө элек. Эми кандай болбосун, коомчулукта көп нааразычылык болуп жаткандыктан, аракет кылып жасаган иштери, ошол оппозициядагы кишилерди жумушка тартуу, чакыруу, алдоо бүгүнкү күндө ачык эле көрүнүш болуп калды. Мындан кийинки кадамдар да ошондой болот. Бирок, кандай болбосун, элдин эң чоң нааразылыгын ошолор менен токтотуп коюу мүмкүн эмес болуп кала турган заман келип калды.

- “Жаңы Кыргызстандын” акыркы кайрылуусуна президенттен кандайдыр бир жооп болдубу? Мындан ары кандай аракеттер болот? Акыркы жолу сиздин катышууңузда Ошто өткөн партиянын аймактык жыйыны саясий кеңешке өлко боюнча нааразылык акциясын өткөрүү сунушун берди деген маалымат жетти эле. Бул маселени саясий кеңеш карадыбы?

- Туура, партия мүчөлөрү ушул барганда ошондой маселе менен бизге кайрылды. Саясий кеңеш жакында болот. Ошол саясий кеңештин чечиминен кийин айтсак болот.

Азырынча президенттин жасаган кадамы, Балкыбековду алганы биздин жанагы биз берген ачык каттын негизинде болду деп эсептейбиз. Ага рахмат айтып коюшубуз керек. Бирок, Балкыбековдун мурунку ордуна барып калышы, суунун рычагын ачып-жаба турган, электр тармактарынын жүрөгүнө барганына биз нааразылык билдиребиз. Аны ушундай күнгө алып келгени үчүн башка жумушка коюп же суракка алыш керек болчу.

XS
SM
MD
LG