Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:49

К. Алымкулов: Жаңы Салык кодекси аарынын уюгуна тийип алды


Жаңы Салык кодексине каршы өткөн айда бир катар ишкерлер нааразылыкка чыгышкан.15-январь,2009-жыл

Жаңы Салык кодексине каршы өткөн айда бир катар ишкерлер нааразылыкка чыгышкан.15-январь,2009-жыл

Жаңы Cалык кодексинин айланасындагы талаш-тартыштар тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна товар өндүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы, техника илимдеринин доктору Карыпбек Алымкулов жооп берди.

-Карыпбек мырза, жаңы Салык кодекси элдин чөнтөгүнө да оорчулук келтирбеген, мамлекетке да пайда берген мыйзам деп макталып атты эле. Эми ишке киргизүү учуру келгенде дароо эле нааразылыктарды жаратты, парламент аркылуу мыйзамды кайра түзөтүү аракети жасалууда. Айрым экономисттер кодекс ушул бойдон ишке кирсе бюджет 30-40% аткарылбай калышы мүмкүн деп чочулашууда. Салыкчылар болсо ызы-чууну салыктан качкандардын аргасы деп атышат. Жаңы Салык кодексин сиз кандай кабыл алдыңыз?

- Бул мыйзамды иштеп атканда салыкчылар менен мамлекеттин кызыкчылыктарынын ортосундагы баланс (тең салмактуулук) сакталбай калган. Кызыкчылыктар сакталганда мынчалык ызы-чууга түшүп, Жогорку Кеңеш кайра иштөөгө албайт эле. Биз чечим чыгарып алып, анан ойлонуп атпайбызбы. Ойлонуп алып, анан иш кылганда мындай ызы-чуу болмок эмес.

Салык төлөөчүлөргө кимдер кирет: иш берүүчүлөр – булардын колунда байлык бар, анан иштөөчүлөр – салык төлөөчүлөр, мамлекетте болсо аткаруу бийлиги - өкмөт. Ушул эки тарап маңдай-тескей отуруп жакшылап сүйлөшүп чечүү керек эле. Чет өлкөлөрдө социалдык өнөктөштөр деп коет, бул - иш берүүчүлөр, ишкер уюмдар, кесиптик кошундар, анан өкмөт. Ушулар чогулуп алып тариф боюнча макулдашууларды жасайт. Ушул тараптар биригип башкы макулдашуу түзүшөт.

- Бул жерде өңчөй өкмөттүн кызыкчылыгы каралып калган дегиңиз келип атат да?

- Ооба.

- Биринчи кезекте нааразылыктар патентке байланыштуу болуп атат го. Салык, жыйымдар комитети патенттин 124 түрүн 60-70 ке чейин азайтып жатканын айтты эле. Кээ бир салыктар 3-3,5 эсеге чейин көбөйүптүр. Ушундай жагдайлар ишкерлерге азыр кандай таасир этип атат?

- Бул жерде маселе өңчөй эле патенттерде эмес. Иш берүүчүлөрдүн дагы, алардын патент менен иш алып иштегендердин дагы кызыкчылыктары басылып атпайбы. Мына кыймылсыз мүлккө салыкты караңыз. Азыр баары оокаттарын сата башташты. Мына тигүү өнөр жайында жумушка алган бир киши үчүн жумуш берүүчү кошумча миң сомдон төлөйт экен. Анан патент төлөш керек, ага жараша патенттин баасы да көтөрүлүп атат.

- Ушундан улам суроо: “Замандаш” партиясы мурда жарандардын миграциясы болсо, эми жаңы салык саясаты ишканалардын миграциясына алып барат деп атат. Ушуга ишенсе болобу?

- Ишке ашары толук ыктымал. Иш берүүчүлөрдү, ишкана жетекчилерин жакшы билем, бардыгынын маанайы ушундай болуп атат, кетебиз, жашкы шарты бар жерге барбасак болбой калды деп атышат.

- Карыпбек мырза, эми өкмөт азыр Салык кодексине түзөтүүлөрдү киргизебиз деп, иштеп атышат. Салык төлөөчүлөрдүн укуктарына каршы келбегидей мыйзам иштелип чыгарына сиз ишенип турасызбы азыр?

- Дагы эле өздөрүнчө отуруп алып, өздөрү билгендей кабыл алышса – ишениш кыйын. Төрт жылдан бери салыкты өзгөртөбүз деп атып өзгөрткөнү бул болду. Каржылык кризистин тушунда ушундай өзгөртүү жасагандан көрө жайына койсо болмок. Бул аарынын уюгуна тийгендей жумуш болуп калды.

XS
SM
MD
LG