Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:49

Жаңы жылдан тарта Кыргызстанда бир катар гезиттердин баасы кымбаттады. Электр кубатына көтөрүлгөн тарифтер өз кезегинде типография акысын, анын натыйжасында гезиттердин сатык баасын жогорулатты. Гезиттердин баасы кымбаттаганына биринчи кезекте пенсионерлердин жана мугалим сыяктуу эмгек акысы аз, бюджеттен каржыланган кызматкерлердин ичи кайышууда.

Жаңы жылдан тарта Кыргызстанда гезит күркөсүнө келгендер гезит-журналдарды мурдагыдан кымбатыраак баада сатып алып жатышат. Бишкектеги гезит күркөсүнүн сатуучусу Асыл жаңы жылдан тарта бир катар гезиттер баасын бир-эки сомго көтөргөнүн айтты. Анын маалыматына караганда, "Агым", "Мегаполис" гезиттери бир сомго, "Автогид" эки сомго кымбаттады. "Супер-Инфо", "Пирамида" гезиттеринин дагы наркы көтөрүлдү. Булардан башка гезиттер да бааларын кымбатттары айтылууда.

Асылдын айтымында, гезиттердин кымбаттаганын ар ким ар кандай кабыл алууда. Капчыгы калың окурмандар бир-эки сомго кабагым-кашым дебейт, бирок пенсионерлер үчүн бир-эки сом деле катуу тиет экен дейт.

Жаңы жылдан тарта электр кубаты кымбаттаган үчүн басмакана баасы көтөрүлдү. Мисалы "Учкун" басмаканасы кызмат акысын 20 пайызга көтөрдү. Ошого жараша гезиттер дагы сатык бааларды жогорулатып жатышат.

“Агым” гезитинин баш редактору Аскер Сакыбаеванын айтымында, оозго алынып калган өтүмдүү гезиттер үчүн бир-эки сомго кымбаттоо зыян деле алып келбейт.

Гезит-журналдардын баасы кымбаттаганын ичи кайышуу менен кабыл алып жаткандардын катарында Кыргызстанда жашаган жарым миллиондон ашуун пенсионер менен катар бюджеттен каржыланган мугалимдер, дарыгерлер да бар. Кымбатчылык бюджеттик кызматкерлердин капчыгына түздөн-түз барып тиет. Анткени биринчиден кымбатчылыкка, инфляцияга карата алардын эмгек акысы жогорулаган жок, экинчиден бюджеттик кызматкерлер каалаган гезитине жазылып, каалаганына жазылбай кое турган эркиндикте эмес. Нарын областында мамлекеттик гезиттерге жазылууга мугалимдерден сурабай этпей эле эмгек акысынан кармап калып жатканын “Азаттыкта” мурда кабарлаганбыз. Ошентип, гезит-журналдардын кымбатташы барып келип эле керектөөчүнүн, окурмандын чөнтөгүнө оорчулук алып келе турган маселе болуп калууда.

Пенсионерлер демекчи, президент улуу жеңиштин быйыл белгилене турган 65-жылдык мааракесине карата, жаңы жылдан тарта улуу ата мекендик согуштун жана тылдын катышуучуларын баарын мамлекеттик “Кыргыз туусу”, “Слово Кыргызстана” гезиттерине акысыз жазуу жөнүндө жарлык чыгарган. Бул жарлыкка ылайык баардыгы 14 миңден ашуун ардагер өкмөттүк эки гезитти акысыз алып турмакчы.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG