Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

25-январга аба ырайы


Кыш, Жумгал дарыясы.
Кыш, Жумгал дарыясы.

Шашылыш билдирүү:

Эки күндөн бери жаап жаткан карга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун (Төө-Ашуу ашуусу) 121-138-, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 198-265-чакырымдары, (Көк-Бел) 351-365-чакырымдары, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолундагы 65-90-чакырымдары, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 65-90-чакырымдары, Красная-Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-9-чакырымдары, Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун (Кара-Көө ашуусу) 67-94-чакырымдарындагы (Ийри – Суу участкасынын 42-44-чакырымдары) жана Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү чогулат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Аба ырайы

25-январда түнкүсүн Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак, тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү топтолот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -6...-11, күндүз -3...2,

Талас жергесинде -8...-13, күндүз -3...2,

Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3...-8, күндүз -3...+2,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -6...-11, күндүз -2...+3,

Нарын облусунда түнкүсүн -18...-23, күндүз -6....-11,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21...-26, күндүз -7...-12,

Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаабайт. Түнкүсүн туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Түнкүсүн -7…-9, күндүз -1…+1 градус суук болот.

XS
SM
MD
LG