Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:48

Бордюжанын ой-санаасында Борбор Азиянын коопсуздугу


 29-мартта, Президент Курманбек Бакиев Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) генералдык катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды.

29-мартта, Президент Курманбек Бакиев Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) генералдык катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды.

Бишкекте 29-мартта Борбор Азияда коопсуздукту камсыз кылууда Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун ролу жөнүндө тегерек үстөл жыйыны өтөт. Анын ишине аталган уюмдун башкы катчысы Н. Бордюжанын катышары күтүлүүдө. Бул жыйын талдоочулардын баамында Бишкек менен Москванын мамилеси сууй түшкөн учурга туш келди.

Н.Бордюжа Бишкектеги сапарынын жүрүшүндө Кыргызстандын саясий-аскердик жетекчилиги менен жолугушуп, ЖККУнун июнда Дүйшөмбүдө боло турган саммитине даярдык маселелерин жана ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинин чечимдерин аткаруу боюнча иштин жалпы кырдаалын сүйлөшөт.

Н. Бордюжанын Бишкектеги сапары Кыргызстан менен анын ЖККУдагы башкы өнөктөшү Россиянын ортосунда мамиле салкындап, саясий-аскердик иш-аракеттер, сүйлөшүүлөр такалып турган учурда өтүп жатат. Кыргызстанда Баткен облусунда аскердик машыгуу борборун ачуу жөнүндө Бишкектин АКШнын өкмөтү менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрү Москвада бир катар түпөйүл суроолорду жаратууда.

Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Калыев
Ошондуктан Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Калыев Н. Бордюжа келердин алдында эле Баткендеги машыгуу борбору жөнүндө атайын билдирүү менен чыгып сүйлөдү. Коргоо министринин айтымында, кеп АКШнын аскер базасын эмес, АКШнын каржылык жардамы менен Кыргызстандын аскерлери үчүн антитеррордук окуу-машыгуу борборун ачуу жөнүндө болуп жатат.

Баткендеги окуу-машыгуу борборуна АКШнын өкмөтү 5,5 млн доллар каржылык жардам көрсөтмөкчү. Бул борбордо биринчи иретте Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн атайын багыттагы аскерлери окуп машыкмакчы.

Өткөн жылы 30-июлда Чолпон-Ата кыргыз-орус президенттери меморандумга кол коюшуп, Кыргызстандын түштүгүндө Орусиянын аскер базасын уюштуруу чечимин жарыя кылышкан. Москва аскер базасын Ошто ачууга көнүлдөнүп жатканын билдирген, Кыргызстан өз кезегинде коркунуч көп тооруган Баткен областын сунуш кылган. 2009-жылдын күз айларында тиешелүү келишимге кол коюлмак.

Кыргызстандын түштүгүндө орус аскер базасын ачуу Фергана өрөөнүндө улуттар аралык каршылаштыкка, радикалдык-экстремисттик күчтөрдүн өнүгүшүнө алып келет деп Ташкент каршылыгын билдирген. Ошондон бери ал иштердин эмне болгонун коомчулук билбей турганда эми минтип Баткенде АКШнын жардамы менен машыгуу борбору ачыла тургандыгы жарыя болуп отурат.

Аскер иштери боюнча эксперт Токтогул Какчекеев Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмуна караштуу аймак экенин эскертип, АКШнын каржылык колдоосу менен Баткен областында антитеррордук окуу-машыгуу борборун ачуу коопсуздук келишиминдеги стратегиялык максат-мүдөөлөргө кайчы келбей турганын белгилейт:

Талибандын ичиндеги өзбек, кыргыз, тажик, башкыр, татар моджахеддер биздин түштүк жакка кире качпасын деген максат менен жасап атат. Анткени биздин аскерлерибиз ошого даяр болушу керек.
Т. Какчекеев


-КМШнын чеги Кыргызстандын түштүгү аркылуу өтөт. Эч ким КМШнын чек арасын бузууга батынып барбайт, анткени бул Россиянын кызыкчылыгында турган иш. АКШнын беш жарым миллион доллар бергени - биздин көп векторлуу саясатты ишке ашыргандыгыбыз үчүн ыраазылыгын билдирип, колдоо көрсөтүп жатат. Эртеңки күнү Батыштын бириккен аскерлери ийгиликке ээ болсо, Талибандын ичиндеги өзбек, кыргыз, тажик, башкыр, татар моджахеддер качканда биздин ушул түштүк жакка кире качпасын деген максат менен ошону жасап атат. Анткени биздин аскерлерибиз ошого даяр болушу керек.

Президент К. Бакиев 23-24-мартта Бишкекте болгон Ынтымак курултайында сүйлөгөн сөзүндө тышкы саясатка өзүнчө токтолуп, Кыргызстан башка мамлекеттер менен тең ата мамиле курууга жетишип баратканын белгилеген. Ошондой эле Кыргызстан менен анын стратегиялык өнөктөшү Россиянын ортосунда от жакканга кызыкдар айрым күчтөр бар экенин да эскертип өткөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG