Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:28

Н.Чыдынов: Ноокат окуясы боюнча сот чечимдери адилетсиз


Ноокат окуясы боюнча айыпталгандардын жакындары Жогорку Сот алдында.14-май, 2009-жыл.

Ноокат окуясы боюнча айыпталгандардын жакындары Жогорку Сот алдында.14-май, 2009-жыл.

Жогорку Сотто Ноокат окуясы боюнча сот жараяны уланууда. Бир катар укук коргочуулар менен айыпталып жаткандардын жактоочулары Жогорку Сотко буга чейинки сот чечимдерин жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылышкан. Буга байланыштуу жактоочу Нурдин Чыдыновду “Азаттыктын” таңкы түз обосунда кепке тарттык.

- Нурдин мырза, биринчи жана экинчи баскычтагы сот жараяндары кандай жүрдү эле?

- Мен ал жараяндарды укуктук талаанын алкагында болгон жок деп айтат элем, анда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары сакталган жок. Ал жерде ар бир адамдын күнөөсүн, жасаган кылмыш ишин далилдерди коюп, тактап, ошону далилдеп, ошол боюнча сот болуш керек болчу. Бул жерде түшүнүксүз эле нерсе болуп калды, кимдир бирөө буюртма кылгандай болуп... Бир сөз менен айтканда мыйзамдуулук сакталган жок. Эгер тагыраак айта турган болсок соттун жүрүшүндө бул башаламандык канча видео камера менен тартылган деген суроо болгондо, 6 камера менен тарттык дешти. Бир камеранын топтолгон адамдарды камтуу мүмкүнчүлүгү канча дегенде, 90 пайыз дешти. Демек бир камера 90 пайыз камтып турса, 6 камера менен 100 пайыз камтыса болот эле да. Бирок видео тасмаларда соттолгон 32 адамдын ичинен 5 гана адам жүрөт. Калгандары жок. Калгандарынын алибилери бар. Тагыраак айтканда, ошол окуя болгон күнү башка жерде, башка шаарда болгондугу такыр эске алынган жок. Биз анда мыйзамсыз чечимдер кабыл алынган деп эсептейбиз.

- Нурдин мырза, ошол 6 камера менен тартылган учурда 600дөн ашык адам Ноокаттагы администрациянын алдында болгон экен. Эмне үчүн 32 гана адам камалып, калгандары суракка чакырылбады?

- Ал жөнүндө дагы сөз болду. Бирок аларды эмнеге жоопко тартпайсың деп айтышка биздин акыбыз жок. Өзүбүздүн жактоодогу адамдарды бул жерде катышы жок, күнөөсү жок деп туруп ошонун негизинде иштейбиз. Демек массалык башаламандыкка катышты дей турган болсо ошол жерде 600 адам турса, ошол 600 адамдын баардыгын тартсын. Эгерде “Хизб-ут Тахрирге” мүчө деген болсо, анда ошого мүчө экенин далилдеген фактылар, далилдер менен баардыгын далилдеп, үн жазмаларды, башка оперативдик жол менен алынган далилдер болсо соттун алдына коюш керек болчу. “Мына сиз “Хизб-ут тахрир” партиясына мүчө экенсиз, сиздин сепаратисттик аракеттер жасап аткандыгыңызды далилдеген фактылар булар”, - деп ташташ керек болчу. Бирок биз эки соттук инстанцияда тең ушуга окшош далилдерди көргөн жокпуз. Тескерисинче биздин жактоодогу адамдардын ошол күнү башка жерде болгондугу жөнүндөгү далилдери эске алынган жок. 30-40 адамды күбө кылып алып келсек да, күбөлөр (арасында мамлекеттик органда иштегендер да, башкалар дагы бар) көзү менен көрүп, учурашканын айтып, башка шаарда жүргөнүн далилдеген учурда да такыр көңүлгө алынган жок.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG