Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:54

Ош облустук соту Орозо айтта Ноокат райондук акимчилигин таш бараңга алды, жашы жетелек өспүрүмдөрдү кылмышка тартты, деп айыпталган отуз эки адамдын ишин карай баштады. Учурда күбөлөр суралууда.

Сот жараяны ачык өтөт деп маалымдалганы менен, айыпталгандардын Ноокаттан келген жүзгө чукул жакындары жана эркин маалымат каражаттарынын өкүлдөрү сыртта калды. Кирбей калган ноокаттыктар массалык башаламандыкка такыр тиешеси жок адамдарга негизсиз күнөө коюлуп жатат, деп нааразыланышты. Соттон адилеттүү чечим чыгарууну талап кылышты.

Күнөөлөнгөндөрдүн арасында алтымыштан ашкан Жибек аттуу айымдын жыйырма жылдан ашуун мугалим болуп иштеген уулу Алмазбек да бар. Ал баласынын эч бир диний агымга тиешеси жокутугун айтып безилдейт:

- “Хизб-ут Тахрир", "Вахабист" дегениңер эмне? Сакал койсо да, оромол салынса да вахабист дешсе, анан эмне кылалы? Баары туура эмес болуп атат. Минтип тытышпай, ата-бабабыздан калган динибизди кармасак болбойбу? Соттолуп жаткан баламдын беш баласы көз жашын куюлтуп отурат. Бизге окшогон энелердин намысын тепселеп жатышат! Кана биздин укугубуз?

Сот жүрүшүнө катышууга келген мурдагы Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу менен «Жоомарт» кыймылынын лидери Нурлан Мотуевду да милиция кызматкерлери түртүп чыгарышты. Т. Бакир уулу бул көрүнүштү бийликтин бүгүнкү жүзү катары баалап, жалпы акыйкат издегендерди 20-декабрда Ошто өтчү элдик жыйынга чакырды:

- Сот ачык өтүп жатат дешкенинен, катышалы деп келгенбиз. Бизди да киргизбей жатышат. Сот ачык болуш керек эле. Ким күнөөлүү сот аныктайт, эл ага күбө болуш керек. Эмне үчүн мамлекеттик маалымат каражаттары киргизилип, эркин журналисттер сыртта калды? Бары бирдей болуш керек эле.

Т. Бакир уулун коштой келген Нурлан Мотуев да эркин журналисттерге, айрым адвокаттарга да эшик жабылганын, сот бийлигинин катачылыгы катары баалады.

Бул айыпталып жаткандардын сексен пайызы отуз беш жашка чейинкилер экени айтылууда. «Адам укугу жана демократия» борборунун директору Идирис Кубатбеков, кармалгандардын Ноокат окуясына тиешеси бар экени аныкталса, анда баш мыйзамга каршы кадамга баргандар сөзсүз өз жазасын алууга тийиш деп эсептейт:

- Бизде баш мыйзам бар. Аны ким болбосун сактоого тийиш. Эгер баш мыйзамга каршы ишке барган болсо, алар албетте жазага тартылууга тийиш. Бул демократиялык коомго, укуктук өлкөгө терс таасирин тийгизет.

Ушул орозо айтта өздөрүн мусулмандардын демилгелүү тобу деп атагандар Ноокат районунун акимчилиги алдында элге бекер сый-тамак берип, лотерея ойноткулары келген. Бирок жергиликтүү бийлик уруксат бербей, натыйжада оңой эмес чыр чыккан. Район акимчилиги ташбараңга алынган.

Көп өтпөй жергиликтүү бийлик бул тополоңдун артында Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган «Хизб-ут Тахрир» уюму турарын жар салган. Улуттук коопсуздук кызматы окуяга тиешеси бар жана аталган уюмдун активдүү мүчөсү, деп отуз эки ноокаттык жаран кармалганын билдирген.

Жергиликтүү серепчилер 21-ноябрда башталган сот бир топко чейин узарышы мүмкүн экенин билдиришүүдө. Сот жыйынтыгынан кийин дагы наразычылыктар күчөп, сот чечиминен улам бир канча чуулгандуу окуялар тутанышы ыктымал экенин эскерткендер да бар.

  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG