Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:28

“Замандаш” бирикмеси Нура айылына жардам алып барды


Нура айылында жер титирөөдөн 130 үй кыйрап, 75 адам курман болгон.

Нура айылында жер титирөөдөн 130 үй кыйрап, 75 адам курман болгон.

Зилзаладан кыйраган Алай районундагы Нура айылына Орусияда жана Казакстанда жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү гуманитардык жардам жеткиришти.

Кыргызстандыктардын эл аралык «Замандаш» бирикмесинин төрагасы Кумарбек Стамкулов Оштогу маалымат жыйынында билдиргендей, Орусияда жана Казакстанда жашап, эмгектенген мекендештери жер титирөөдөн улам кыйраган Нура айылынын тургундары үчүн азырынча 340 миң сом топтогон. Анча каражат жабыркагандардын колуна жетпей калышынан күмөн санап, уюмдун өкүлдөрү акчаларды атайын эсепке которбостон, чыныгы ээлерине өз колдору менен тапшырууну туура таап олтурат:

- Ошол жерде иштеп аткан биздин мекендештердин талабы болгон, өзүңөр барып берип келгиле деген. Болбосо атайын счетко которо турган ойлор болгон. Андан деле чочулаган жерибиз жок. Андай маалыматтар бизде деле болгон, бирок өзүбүз барып, өз көзүбүз менен көрүп көйгөйлөрүн, анализдеп туруп, кандай түрдө жардам беришибизди көрүп келели деп жөнөгөнбүз.

Кумарбек Стамкулов акыркы мезгилдеги дүйнөлүк каржы кризиси Орусияда жана Казакстанда иштеген кыргыз мигранттарды да кыя өтпөгөндүгүн баса белгиледи:

- Албетте таасир этип атат. Орусияга келгениме бир айча болуп калды, ал эми Казакстанда иштеп аткан биздин мекендештерибиз муну жарым жылдан бери эле көрүп, көптөрү Кыргызстанга кайтып келип атышат. Курулуштар токтоду, соода тармагында иштегендер кайтып келип атышат. Орусияда бул кризис бир айдан баштап биздин мигранттарга зыяны тийип атат.

Орусиянын Свердлов облусундагы мечиттин имамы Жаркынбай Сатыбеков «Замандаш» бирикмесинин нуралыктарга каралашуусун өзүн-өзү жарнамалоо катары түшүнбөстөн, башка мүшкүл түшкөндө көрсөтүлгөн жардам катары кабыл алууну өтүндү:

- Биздин кыргыздын жакшы салты бар. Эгерде жамандык болсо, ар ким өз эркинче жардам берет. Өзүбүздүн колубуздан жардам берели десек эле бул пиар дешет. Эч кандай бул жерде пиар жок.

Чет өлкөдөгү «Ата Мекен» коомдук фондунун төрагасы Камбар Турсунов айрым саясатчылардын Кыргызстанды Орусиянын курамына кошуу аракетин айыптап, эртедир-кечтир турмуш оңолот, ошондо кандаштары Ала-Тоого кайтып келишет деген терең үмүттө:


- Мен бир адамдын оозунан уга элекмин, биз Орусияга кошулуп кетсек жакшы болот эле деп. Мигранттар дагы кошулбайт. Кыргызстанда Менделеевдин элементтеринин бүт баары болуш керек деп ойлойм. Биз кичинекей мамлекетбиз, буюрса бай, өнүккөн мамлекет болобуз. Бизде бүтүндөй ресурстар бар. Ошондуктан биз келебиз.

Ош облус губернатору Аалы Карашев алайлыктарга жардам көрсөтүү иретинде ачылган атайын эсепке 38 миллион 379 миң сом которулгандыгын, анын 12 миллион сому тез курулуучу үйлөрдү бүткөрүүгө жумшалгандыгын маалымдады.

XS
SM
MD
LG