Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:01

“Өнүгүү-Прогресс” коалициянын тарашы боюнча пикирин билдире элек


Бакыт Төрөбаев, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери.
Бакыт Төрөбаев, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери.

КСДП лидери Иса Өмүркуловдун коалициядан чыгуу тууралуу билдирүүсү боюнча Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы өз көз карашын айта элек. Социал-демократтардын башчысы көпчүлүк коалициядан чыгуу себеби катары “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата Мекен” фракциялары менен болгон пикир келишпөөчүлүктөрдү атаган.

“Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев өкмөттүн жана премьер-министрдин ишине баа бербей туруп КСДПнын коалициядан чыгып кеткени туура эместигин айтып, муну саясий кызыкчылыктан улам болгон чечим деп сыпаттады.

КСДП Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары менен орток пикир табалбай келген. Мындан улам Иса Өмүркулов буга чейин “атамекенчилерге” коалициядан чыгууну сунуштаган, бирок ал ишке ашкан эмес. (SE)

XS
SM
MD
LG