Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:17

Кыргызстандагы кыйынчылыктар менен ЕККУнун эч иши жок


Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы уюмунун (ЕККУнун) Кыргызстандагы элчиси, уюмдун Бишкек борборунун башчысы Эндрю Тесорьер Ошто бир катар бейөкмөт уюмдардын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Өз ара сүйлөшүү учурунда абакта жаткан оппозициячыл саясатчы Исмаил Исаковдун Алайдагы таламдаштарынын укуктарынын массалык түрдө бузулушу, ошондой эле өлкөдөгү сөз эркиндигинин улам чектелип бараткандыгы жөнүндө кабатырланган пикирлер да айтылды. Диалог маалында элчи мырза жумурият ичиндеги бардык маселелер улуттук деңгээлде чечилиши абзелдигин белгилеп, бул багытта ЕККУ жана анын курамына кирген 56 мамлекет Кыргызстанга таасир эте алышпастыгын билдирди.

Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы уюмунун (ЕККУнун) Кыргызстандагы элчиси, уюмдун Бишкектеги борборунун башчысы Эндрю Тесорьер түштүк баш калаасында бир катар бейөкмөт уюмдардын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Сүйлөшүүнүн айрым катышуучулары абакта жаткан оппозициячыл саясатчы Исмаил Исаковдун Алайдагы таламдаштарынын укуктарынын массалык түрдө бузулуп жаткандыгы туурасында маалымдашты эле, ага элчи мырза төмөнкүчө жооп катты.

- Эгерде чынын айтканда, бул менин же биздин ишибиз эмес. Саясатчылардын өз ара мамилесине, ошондой эле өлкөнүн ички саясатына кийлигишүүгө кымындай акыбыз жок. Ошого карабастан ЕККУнун өкүлдөрү Алайда жергиликтүү бийликтин жана камалган генералдын өкүлдөрү менен жолугушуп, кырдаалга абай салып кайтышты. Албетте, элди түшүнүп жатабыз, бирок Исмаил Исаков кандайдыр бир натуура жорукту жасаса, ал сөзсүз жазаланууга тийиш,- деди ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы Эндрю Тесорьер.

Анткени менен Алай жергесинин көпчүлүк жашоочулары ЕККУнун өкүлүнүн айткандарын төгүндөштү. Алайдагы Исмаил Исаковду коргоо комитетинин төрагасы Айтпай Жээналиевдин айтышынча, жергиликтүү калк аларды бийликтин зордук-зомбулугунан арачалоого батынбагандыгы үчүн эл аралык абройлуу уюмдарга абдан нааразы.

Ушуга улай жолугушуунун катышуучулары өлкөдө сөз эркиндиги улам чектелип бараткандыгына кабатыр экендигин, журналист Алмаз Ташиевди өлтүргөн милиция кызматкерлери шарттуу кесилгендигин, ал эми “Саясат» гезитинин атып өлтүрүлгөн баш редактору Алишер Саиповдун соту Чубактын кунундай чубалып келаткандыгын билдиришти. Бул өңүттө ЕККУнун аракети жетишээрлик эместигин белгилешти.

Бирок Эндрю Тесорьер мындай пикирлерге кошулбастыгын жарыялады:

- Айтылган маселелер ЕККУ тарабынан убагында бир нече ирет көтөрүлгөн. Ошентсе да, мен билем, дале көйгөйлөр бар. Аны чечүү максатында орчундуу темалардын тегерегинде талкууларды, башка иш-чараларды жүргүзүп жатабыз. Канеткен күндө да, Кыргызстанда сөз эркиндиги канчалык деңгээлде жакшы же жаман деп баа бере албаймын,-деди ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы Эндрю Тесорьер.

Арийне, жергиликтүү медиа серепчилер аталган багыттагы кырдаал улам курчуп бараткандыгын айтышууда.

Ошол эле учурда президент Курманбек Бакиев баштаган бийлик өкүлдөрү Кыргызстан Борбор Азияда гана эмес бүтүндөй КМШ өлкөлөрүнүн арасында адам укуктарынын корголушу жана сөз эркиндиги боюнча алдыңкы орунда тураарын, айрым эл аралык уюмдардын тетири баасы түккө арзыбастыгын жар салып келатышат.

XS
SM
MD
LG