Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:55

Тышкы иштер министрлиги коомчулукта Кыргызстанга киргизиле турган ЕККУнун эл аралык полиция кеңешчилер тобунун макамы жана анын миссиясы бурмаланып жатканына тынчсызданган билдирүүсүн жарыялады.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев айрым саясий күчтөр полиция кеңешчилерин киргизүү маселесин саясатташтырып, дүрбөлөң кылып жатышкандыгы мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келерин белгиледи.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө ЕККУнун эл аралык полиция кеңешчилер тобунун аталышы айрым саясатчылар жана маалымат каражаттары тарабынан эл аралык полиция күчтөрү деп туура эмес аталып жаткандыгы белгиленген. Ошондой эле анын Кыргызстандагы аткара турган иштеринин маани-маңызы бурмаланып, коомчулукта терс пикирди жаратуу аракеттери болуп жаткандыгы көрсөтүлгөн. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев мындай бурмалоонун эсебинен айрым партиялар саясий упай чогултуп жатышканын айыптады:

- Эл аралык полиция кеңешчилеринин милдеттери жана кыла турган иштери боюнча коомчулукта кеңири маалымат аз болгондон ушундай болуп жатат. Тилекке каршы айрым бир саясий күчтөр бул маселени саясий деңгээлге чыгарып, ар түрдүү талаш-тартыштарды уюштуруп жатышат. Демократиялык мамлекет курабыз, бардыгы ачык, акыйкат болот деп дүйнөгө жарыяладык. Андай болгондо биздин жашыра турган эч нерсебиз жок.

Буга чейин “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ата Журт” сыяктуу саясий партиялар ЕККУнун полиция кеңешчилеринин киргизилишине каршы билдирүүлөрүн жарыялаган. Ага удаалаш эле Бишкек жана Ош шаарларында жарандар топторунун каршылык акциялары уюштурулган. “Ата Журт” саясий партиясынын тең төрагасы Садыр Жапаров маселенин өзөгү полициянын макамынын бурмаланышында эмес, кеңешчилердин киргизилиши чагымчылдыктын жаңы толкунун жаратпайбы деген тынчсызданууда тургандыгын айтты:

- Мында келе турган полиция кеңешчилеринин бирөө жарымы бул жерде майып болуп кала турган болсо, дүйнөлүк коомчулук Кыргызстанды айыптайт. Ким ушундай чагымга барды, максаты кандай деп сурап отурбайт. "Булар ушундай жырткыч экен, барган кеңешчилерден бери өлтүрүп салышыптыр" деген сыяктуу маалыматты таркатууга кызыкдар күчтөр бар экенин көрбөдүкпү. Ошондуктан алардын киригизилиши максаттына жетпей калган айрым күчтөрдүн чырагына май тамызат. Ошондуктан мунун кереги жок. Ошончолук эле жардам бергиси келишсе, материалдык-техникалык жактан, моралдык жактан колдоого алышса болмок. Бизде азыр бардыгы тынчып, жөнгө салына баштагандан кийин эми кайра жараны чукуштун кереги жок.

Анткен менен талдоочулар арасында эл аралык полиция кеңешчилеринин киргизилишине каршылык айрым күчтөрдүн жеке кызыкчылыктарына байланышкан чочулоодон улам болуп жатат деген пикирлер да аз эмес. Серепчи Орозбек Молдалиев полиция кеңешчилеринин киргизилиши биринчи кезекте Кыргызстандын дарегине айтылып жаткан жалаанын жүзүн ашкерелеп, окуянын чыныгы себептерин ачып бермек деп үмүттөнөт:

- Ага каршы болгондордун арасында наркобизнести текшерет экен, коррупцияны текшерет экен деп чочулап корккондор да бар. Мына ошолор түшүнбөгөн элдин башын айлантып, булар келсе, Косоводой болот, Түштүк Осетиядай болот деп маселенин өзөгүн бурмалап жатышат. Ошондуктан келген полиция кеңешчилерин Бишкекке жайгаштырыш керек. Тренингди бул жакта өткөрүшсүн. Байкоо салганы Ош менен Жалал-Абадга барып турушат. Эгер такыр эле киргизбей койсок айтышат: “кыргыздар коркуп жаткан себеби бар турбайбы, булар кыргын кылган экен” деп. Жалаа кылып жатышат "кыргын кылды" деп. Көрүшсүн көздөрү менен кыргын болгон бекен же жокпу?

Кыргызстанга киргизиле турган эл аралык полиция кеңешчилеринин мандаты байкоочулук жана кеңеш берүүчүлүк менен гана чектелип, тергөө, иликтөө иштерине кийлигишүүгө мүмкүнчүлүк бербейт. Ички иштер министрлигинин илимий иликтөө борборунун жетекчиси Шамшыбек Мамыров мындай чаралар эки ортодогу ишенимди калыбына келтирүүгө өбөлгө болот деп эсептейт:

- Ачыгын айтканда Ош жергесинде калктын бир тобу жергиликтүү милицияга ишенбей жатат. Бир жактуу гана тергөө болуп жатат деп. Мына ошондуктан да ошол обочолонуп турган калктын арасында ишеним пайда болушу үчүн ушул аракеттер жүргүзүлө баштады. Себеби бул полиция тобунун мандаттында ортомчу катары тиги жакка да тартпай, бул жакка да тартпай калыс түрдө иштерди көзөмөлдөп, жергиликтүү укук коргоо органдарына кеңеш берүү аркылуу жардам беришет деп жазылды.

Учурда ЕККУнун Венадагы катчылыгы Кыргызстанга киргизиле турган эл аралык полиция кеңешчилеринин тобуна талапкерлерди тандоодо. Кыргыз өкмөтүнүн сунушу боюнча аталган топтун мүчөлөрүнө жергиликтүү үрп-адатты жана байланыш каражаты катары орус тилин билүү шарттары коюлган.
XS
SM
MD
LG