Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:34

Астана кыргыз-казак чегиндеги фитосанитардык көзөмөлдү алып салды


Расмий Астана кыргыз-казак чек арасындагы фитосанитардык көзөмөлдү алып салды. Мындан ары айыл чарба азыктары Евразия экономикалык биримдигинин чек араларынан бирдиктүү сертификат менен өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынан билдиришти.

Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болору менен чек арадагы фитосанитардык көзөмөл пункттары алынышы керек эле. Тийиштүү чечим 2015-жылдын 8-майында кабыл алынган. Бирок базардагы атаандаштыктан улам Казакстан аны аткарбай келгенин кыргыз тарап билдирген.

Быйыл 4-октябрда Евразия экономикалык комиссиясы 10 күн ичинде фитосанитардык көзөмөл бекеттерин алуу маселесин карап чыгууну казак өкмөтүнө сунуштаган.

XS
SM
MD
LG