Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:01

Учурда күйүүчү майдын баасы күн санап жогорулоонун үстүндө. Бүгүнкү күндө 1 литр бензиндин баасы 30 сомду чапчып, мындан жарым жыл мурункуга салыштырмалуу орточо 11 сомго кымбаттады. Күйүүчү майга болгон баанын кымбатташы элдин жашоосун мында дагы оорлотушу мүмкүн.

Дүйнөлүк базарда чийки мунай заттын баасы мындан бир жыл мурун 145 долларга чейин жогорулап, 92-үлгүдөгү бензиндин наркы 33 сомго жеткен. Учурда болсо чийки мунай заттын бир баррели дүйнөлүк рынокто 80 доллар, ал эми ошол эле үлгүдөгү бензиндин наркы 29 сом 50 тыйынга барабар. Бул жерде мунайдын баасы эки эсе төмөндөгөнү менен күйүүчү май бир аз гана арзандады.
Бензиндин баасын күнүгө бир аздан көтөрүп жатат. Муну көзөмөлдөгөн эч ким жок.


Күйүүчү майга болгон баанын жогорулашы менен жашоо мындан да кымбаттары шексиз. Кайсы тармакта кандай чыгым болбосун, айланып келип күйүүчү майдын баасына көз каранды. Алсак азыркы маалда айыл-чарба жана курулуш иштери акырындан жүрүп турган кез, мындай учурда бензиндин кымбаттыгы кошумча чыгым алып келет. Демек алар өндүргөн товардын наркынын жогорулашына шарт түзүлүп жатат.

Карапайым элдин капчыгы жукарат

Бишкек шаарынын тургуну Алымбек мырза бир нече жылдан бери такси кызматын көрсөтүп келет. Майдын кымбатташы менен кызмат акысы да жогорулоодо дейт ал өз сөзүндө.

- Бензиндин баасын күнүгө бир аздан көтөрүп жатат. Муну көзөмөлдөгөн эч ким жок. Мисалы, үч күн мурун күйүүчү майдын баасы 1 сомдон ашык наркка кымбаттады. Эгер мен буга чейин 100 сомго кардар алып барсам эми 110 сомго жеткирем деп айтам да. Мына дал ушундай жол менен бардыгы кымбаттап жатат.

Эгер август айынын башында Бишкектеги май куйуучу бекеттеринде 1 литр А-80 үлгүсүндөгү бензин 21 сом, А-92 үлгүсүндөгү бензин 23 сом 20 тыйынды түзсө, учурда бул суммага 750 грамм өлчөмдөгү бензинди сатып алууга мүмкүн.

Кыргызстанды күйүүчү май менен камсыз кылган бирин-экин ишканалар жума сайын 50-70 тыйындан жогорулатып отуруп, акыркы үч ай ичинде мурдагыга караганда 6-7 сомго кымбаттатышты.

“Көзөмөл мыйзамга ылайык катуу жүрөт”

Ушул тапта "Газпром" ишканасынын Чымкент нефти ишканасынан Кыргызстанга алынып келинип сатыкка түшкөн бензиндин баасы 7-ноябрга салыштырмалуу бир жуманын аралыгында 1 сом 80 тыйынга кымбаттады. Буга чейин Бишкектеги ШНОС май куйуучу станцияларында А92-үлгүсүндөгү май 27 сом 70 тыйындан, 29 сом 50 тыйынга көтөрүлдү.
Күйүүчү майдын баасы президенттик шайлоого чейин көтөрүлгөн эмес. Эми болсо күн санап өсүүдө.


Монополияга каршы күрөшүү агенттигинин бөлүм башчысы Бакытбек Исаев күйүүчү майдын кымбатташы, Омск шаарындагы мунай-зат ишканасынын баасына байланыштуу деп билдирди.

- Эгер үстүбүздөгү жылдын январь айында Омсктогу мунай-зат заводунда бир тонна бензин 140 долларды түзсө, учурда бул нарк 500 долларды чапчыды. Ошондуктан бензиндин баасы көтөрүлүүдө. Казакстандан бизге бензин аз өлчөмдө келгендиктен, алардын күйүүчү майы ички баага эч таасир эте албайт. Бааны көзөмөлдөө 7% негизде жүрөт. Эгер ишканалар бир сомдук продукция сатышса, үстүнө жети тыйын гана үстөк баа кошуп өткөрө алышат. Бул маселе боюнча көзөмөл мыйзамга ылайык катуу жүрөт.

“Алдыда элди кыйын күндөр күтүүдө”

Ал эми айдоочу Эрмек мырза бул пикирге кошулбайт. Ал бензиндин баасы мындан ары да жогорулай берет деген ойдо. Элди кыйын жашоо күтүүдө дейт ал.

- Биринчиден бул кымбатоо Бишкектен айыл жерине кетип жаткан азык-түлүктүн наркынын көтөрүлүшүнө алып келүүдө. Күйүүчү майдын баасы президенттик шайлоого чейин көтөрүлгөн эмес. Эми болсо күн санап өсүүдө. Буга чейинки эки айда 6 сомго кымбаттаган бензин, эми тез арада көтөрүлсө таң калбай деле койсок болот, алдыда элди кыйын күндөр күтүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG